“Жерүй” алтын кени боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын билдирүүсү

Билдирүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо-кен тармагын мамлекеттин кѳзѳмѳлүнѳ кайтарып алуу саясатын жигердүү колдоп жана ушуга байланыштуу Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашыруу максатында түзүлгѳн Элдик комиссия, мамлекетибиздин казынасына элдин кызыкчылыгы үчүн Жерүй алтын кенинен түшкѳн пайдадан кандайдыр бир % үлүшүн алуу маселесин сунуштап жатат.
Албетте, бул маселе мыйзамдын негизинде сүйлѳшүү менен чечилет деп ишенебиз.
Бирок, айрым бир күчтѳр бул чарбалык маселени саясатка айландырып, коомдук туруктуулукка терс таасирин тийгизүүнү кѳздѳгѳндѳй сезилет.
Биздин комиссия мындай аракеттерге кошулбайт, колдобойт жана жактабайт. Ошол эле учурда, комиссия ѳз ишин мыйзамдардын алкагында алып барып, саясий иш-чараларга аралаштырганга жол бербейт.

Жерүй алтын кениндеги ар кыл маселелерди иликтөө боюнча түзүлгөн Элдик комиссиянын тѳрагасы
А.М. Бузурманкулов.

Бишкек, 1-март, 2020-жыл.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *