“Жерүйдүн ачылышына таластыктар эле эмес, казак туугандар да каршы”

Таластагы Жерүй кенинин инфраструктуралык курулушу апрель айынын ортосунан тарта башталганы турат. Жакында Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Жерүй алтын кенин иштетүүнү талкуулаган жыйын өтүп, 300гө жакын жергиликтүү тургун, облустагы өкмөттүн жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү катышты. Жыйын жергиликтүү элге кен иштетүүчү ишкана тууралуу маалымат берүү, Жерүй алтын кенин иштетүү пландарын тааныштыруу тууралуу болгон. Бирок, көпчүлүк эл каршы болууда. Кенди иштетүүчүлөрдүн иш алып барууларына да эл нааразы. Ушундан улам Бекмолдо айылынын тургунуАсыл Бактыбеков биздин гезитке пикирин билдирди.

– Жерүй кени канча жылдан бери ачылат деген имиш менен келди. Эми чындап ишке киришчүдөйбү?

– Акча бөлүнүп калганын угуп жатабыз. Ачылганы калды го. Жерүй кенин ачууда дагы деле саясаттын оюндары ойнолуп жатат. Биз да жетилип калдык, кийинки муундун тагдыры кандай болору кейитет.

– Жалпы айыл элинин пикири кандай?

– Жалпы эл деле күтүп турушат. «Ачылат» деп отуруп, айыл эли эле эмес, кыргыз эли да оолугуп калды. Мурунку компаниялардын атайын социалдык жардам баштыкчалары бар эле. Өткөн жолку жыйында ал социалдык баштыкчалар тууралуу каралыптыр. Бирок, соцжардамдар баштыкчаларында айыл элинин талаптары аз эле каралып, көбүнчө компаниялардын кызыкчылыктары көздөлгөн. Азыр ошол соцжардамдар тууралуу чатактар тутанууда. Кайра эле бийлик элдин башын айлантып, өз билгенин кылууда. Бизге тийгизген дагы бир терс таасири – элди экиге бөлүп жатат. Акча алып койгондор «ачылсын» дейт. Акча албагандар «жабылсын» дейт. Айтор, бир айыл эки бөлүнүп, ынтымак кетти. Өткөн жолку чогулушта ошол жергиликтүү калктын 70%ы Жерүй алтын кенинин ачылуусуна «макул» деп айтышыптыр. Бул туура эмес маалымат. Айыл элинин 50%ы гана макул болушу мүмкүн. Кыскасы, «ар кандай жумуш орундарына жергиликтүү элден ишке алгыла» деген талаптарыбыз бар. Бирок, аны да элге жалпы жарыялабай, бирине айтса бирине айтпай, жумуш ошентип жең ичинен бүтүп жатат. Тендер менен кенди иштетүүгө ар кайсы компания киришкендиктен, айылдык кеңештеги депутаттардын кызыкчылыгын эске албай эле өз билгендерин кылып жатышат. Жергиликтүү кеңештеги депутаттар да кыйраткансып экиге бөлүнүп алган.

– Жерүй кени ачылып калса, айыл элине кандай зыяны тийет?

– Зыяны абдан чоң. Биринчиден, алтын бар жерде уран бар да. Химикаттар бар. Башка айылдардан айырмаланып, ансыз да биздин айылда нышан балдар көбүрөөк төрөлүп келген. «Эми түрдүү ар кандай оорулар күч алабы?» деген коркунуч бар. Айрыкча айыл чарбага зыяны чоң болот. Алмаларыбыз өтөбү? Мал чарбачылыгы кандай болот? Этибиз өтөбү?

Экологияга зыяндуулугун ойлоп, Талас эли эмес, казак туугандар да «ачпагыла» деп чырылдап жатышат. Чоң суу менен цианиддер Таластын аяк-башына жетет да. Таластын майын өзгөчө баалашып, сапаттуулугу жагынан Кыргызстан боюнча алдыда эле. Жалпы Талас эли айыл чарба, мал чарба азыктарын казак туугандарга сатып, эптеп оокаттары өтүүдө. Анча-мынча акчага кызыгып кенди ачып алып, эртеңибиз кандай болот? Айта албайм. Жергиликтүү кеңештин депутаттарына да кайрылгым келет. Эки-экиден чабыпшай элдин келечегин, элдин кызыкчылыгын ойлоп, жалпылап иш алып барышса…

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *