Жин кирген кыз ата-энесин, инисин, сиңдисин өлтүрүп…

Бир күнү шаар четинде аккан чоң сууну бойлоп терең ойго батып ойлонуп кетип бараттым. Каяка баратканым кызык болсо керек, мен анда чоң атамдын үйүнө бараткам. Суу жээктеп баратсам, алдыман чоң суунун жээгинде ыйлап отурган бир сулуу кызды көрдүм. Жанына барып “чоң кыз эмне болду сага, эмнеге ыйлап отурасың?” -десем унчукпай ыйлай берди. Мен ал кызды көңүлүн көтөрмөйүн кетпейм деп жанында бир аз отуруп, ар кайсы суроолорду берип жаттым. Бир маалда баягы кыз терең үшкүрүп сөз баштады. “Мен жигитиме таарынып кеттим. Ал мени “жакшы көрөм, сүйөм” деп алдап жүрүптүр. Бүгүн аны башка кыз менен турганын көрүп, жанына барып учурашсам “чоң кыз, сиз кимсиз? Мен сизди тааныбайм, экинчи тынчымды албаңыз” деп жанындагы кызын ээрчитип басып кетти. Ошого капа болуп отурам” деп сөзүн аяктады.

Мен ойлонбостон “ошо­го ушунча ыйлап отурасыңбы” деп сурасам – мм деп акырын жооп берди. Мен ал кыз­ды сооротуп, үйүнө узатып коюну чечтим. Экөөбүз бир жолго түшүп кобурашып сүйлөшүп баратып таанышып, номерин алып, үйүнө узаттым. Андан соң чоң атамдын үйүнө жетип, анын жумуштарын бүтүрүп берип отурсам, чоң энем чай ичип ал деп үйгө чакырды. Чай ичип отуруп чоң атама суроо узаттым. Чоң ата ушундай бир чо-оң үйдө жашаган кишини тааныйсызбы?” – деп баягы мен барган даректеги үйдү болжолдоп айтсам, ал “ооба, тааныйм, эмне болду?” деп сурады. Мен “ошол үйдүн бир жалгыз кызы бар экен. Мага аябай жагып калды, куда түшсөк кандай болот? ” десем -“кулунум ал үйгө көз артпа. Андан башка деле кыздар толуп жатпайбы” деп мени тыйып койду. Чоң атамдын сөзү мага жакпай, чай ичип бүтүп үйгө кетип калдым. Кечинде жатарда баягы кызга телефон чалдым. Аты Алия эле. Алия телефонду алып, экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук.

Ошентип күндөр өтүп экөөбүз бир күндү болжоп кезикмей болдук. Ал күн да келип, мен жасанып кезигүүгө шашып жаттым. Болжогон жерибизге экөөбүз тең кечикпей келдик. Алияны карасам эми сөз менен айтып түшүндүрө албайм ушунчалык сулуу болуп келиптир. Алияны көргөндө кудайыма ыраазы болуп жаттым. Ушундай су­луу кызга туш кылганына. Экөөбүз көпкө эгиз козудай ээрчишип, парк аралап басып жүрдүк. Кеч киргенин да байкабай калыптырбыз. Бир маалда Алиянын атасы теле­фон чалып үйүнө чакырып калды.Алияны таксиге салып узатып кала бердим. Эртеси дагы кезиксек баягы күлүп жайнаган Алия жок. Кабагы бүркө. “Эмне болду, ким капа кылды?” десем “атам экөөбүздү көрүп калыптыр. Экинчи жаныңан көрбөйүн!” деп жатат деп башын жерге салып туруп калды. Мен да бул уккан сөзүнө капа болдум. Үйгө келип, көңүлсүз жаттым. Бир убакта көзүм илинип кетиптир. Түшүмдө Алияны бир сөлөкөт сүйрөп кетип баратты. Мен чочуп ойгонуп кеттим. Дароо эле Алияга коңгуроо кылдым. Жооп болгон жок. “Бул эмнеси?” деп ойлонуп жатып калдым.

Телефонум шыңгырап калды. Карасам Алия экен. Экөөбүз сүйлөшүп отурдук. Алия сөз баштап кал­ды. “сен жин шайтан, периште дегендер бар экенине ишенесиңби?” Мен “ооба, ишенем. Анчалык эмне болду?” десем -“мен мындан эки жыл мурун оттон чыккан гүлдү байкабай басып алган элем. Ошондо мага жин кирип кетиптир. Киргенинин себеби, мен жиндин жаңы туулган алсыз баласын басып өлтүрүп алыпмын. Атам чоң молдолорго алып бар­са да чыгара алышпай коюшту. Себеби, мага бирөө эмес, экөө кириптир. Бирөө өч алганы кирсе, экинчиси мени сүйүп калып ки­риптир” десе болобу. Эртеси мечиттерден сураштырып, бир жин кууган, аны менен сүйлөшкөн чоң молдонун дарегин алдым. Алияны эрчитип барып молдого көргөзсөм, Алиянын колу-бутун жип менен бекемдеп байлап, куранды ачып окуп баштады. Алия­нын чекесинен муздак тер чыгып, көзүнөн жаш агып, кыйналып, кыйкырып баштады. Бир убакта көздөрү кызарып, болгон күчү менен жипти үзүп эшике чуркап качып кет­ти. Молдонун шайы ооп отуруп калды. Мен таң калып, эшикке чуркап чыксам Алия жок экен. Артынан издеп үйүнө барсам Алия­нын көздөрү кызарган бойдон чачы саксайып кебетеси мунарып бир башкача болуп калыптыр.

Колунда бычак… ал бычак болсо кан. “Алия эмне болду сага?” десем, “жаныма жолобо суранам” деп ыйлап жатты. Ка­расам жердин баары кан. Алиянын ата-энеси, иниси жана сиңдиси жерде канга боёлуп жансыз жатышыптыр. Мен көргөн көзүмө ишенбей турсам, бир убакта Алиянын үнү эркек кишиникиндей чыгып “эми кезек сага келди” деп мени карай басып келатты. Мен артка качып эшике чыктым. Бир топ алыска барып, артыма кайрылып карасам, Алия кийимин алмаштырып чыгып, жуунуп тазаланып чачын жыйнап, үйдү өрттөп кирди. Ичинде Алиянын ата-энеси, иниси, сиңдиси өрттөнүп күйүп жок болушту мен шашып тез жардам жана милиция чакырдым. Чакырган милициям тез эле келди. Бирок, Алия ал жерден күнөөнү мага илип, “ушул бала мага өчөшүп үйүмдү өрттөп, ата-энемди, туугандарымды өлтүрүп салды” деп мага шылтап салды.

Ал жерден менин колу-бутумду кайрып салып кетишти. Мен суранып жатып баягы молдону чакырттым. Ал молдо келип иштин чоо-жайын айтып түшүндүрүп берди. Бирок, милициялар ага ишенбей мени камап салышты. Бир күнү камерада отурсам милиция келип мени чыгарды бошсуң деп. Көрсө кыздын кошуналары баардыгын кыз кылганын айтып, менде эч күнөө жок экенин далилдешип, мени чыгарышты. Эшиктин таза абасынан жыттап, Алияны издеп жөнөдүм. Шаар аралап жүрүп, бийик кабаттардын башында Алиянын турганын көрүп калдым. Шашып ошол кабаттын башына чыктым да Алияга “өзүңдүн жаныңды кыйба” деп суранып жаттым. Алия ыйлап “кыйналып кеттим, жашоом кара туман бо­луп калды… Мени кечир мен ушул жинден кутулуунун жолун ушундай жол менен чеч­тим” деп бийик кабаттан боюн таштап, бул жашоо менен коштошуп кете берди…

Булак: Шамбала гезити 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *