Жириновский, «Михаил Горбачев менен Борис Ельцин мамлекетти бүлгүнгө учураткандыгы үчүн саясий кылмышкерлер деп атоо керек»

Орусиянын либерал-демократтар партиясы (ЛДПР) СССРдин акыркы президенти Михаил Горбачев менен Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельцинди “мамлекетти бүлгүнгө” учураткан деп күнөөлөп, аларды саясий кылмышкерлер деп атоо боюнча Думага сунуш киргизди.

15-март күнү Думанын төмөнкү палатасынын расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө Горбачев менен Ельцин “СССРдин тарашына жана 1990-жылдары миллиондогон кишинин өмүрүн кыйган улуттар аралык кагылыштарга, аскерий конфликттерге, бейпилдиктин төмөндөп кетишине жоопкер экени” айтылат.

Булак: “Эл деми”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *