ЖК Жогорку соттун судьясы Нургүл Сатыбалдиеваны кызматынан бошотууга макулдугун берди

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңешт Жогорку соттун судьясы Нургүл Сатыбалдиева өз каалоосу менен кызматынан бошотуу жолу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга макулдугун берди.

Президенттин өкүлү Курманбек Дыйканбаев судьялар кеңешинин чечими жана Нургүл Сатыбалдиеванын жазган арыз бар экенин билдирип, колдоп коюуну суранды.

Вице-спикер Аида Касымалиева маселени добуш берүүгө койду. 78 депутат “макул” деген добуш берди. Каршы чыккандар болгон жок. Жалпысынан 100 депутат катталган.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *