ЖКнын көпчүлүк коалициясы вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы (КСДП, “Кыргызстан”, “Бир Бол”, “Республика – Ата Журт”) социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрлик кызматынан бошотулган Алтынай Өмүрбекованын ордуна “Республика – Ата-Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Аида Исмаилованы сунуштады. Анын талапкерлигин ЖКнын көпчүлүк коалициясына кирген депутаттары колдоду.

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын талапкерлигин бекитүү жөнүндө чечими Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *