ЖКнын өзүндө гендердик мыйзам иштебейт

Гендердик теңчилик, гендердик саясат, гендердик укук деген сыяктуу терминдер бизге СССРдин жоюлушу менен келе баштагандыгы бардыгыбызга маалым эмеспи. Бирок, коомубуздун кээ бир катмары үчүн ушул мезгилге чейин түшүнүксүз болуп келүүдө. Гендер деген сөз кайдан келип чыккан, мааниси эмнени түшүндүрөт, коомго кандай таасири бар. Биздин Кыргызстанда анын орду кандай?- деген нукура карапайым окурмандардын суроолоруна азын оолак маалымат берип, анан гендердик теңчилик ЖКда канчалык деңгээлде сакталууда? – деген суроонун алкагында ой бөлүшсөк.

Бул термин англис тилинин gender – “жыныс”, “урук-тукум” деген маанини билдирет. 1950-жылдары америкалык окумуштуу Джон Мани тарабынан киргизилген. Жалпак тил менен которгондо аял менен эркектин тең укуктуулугу же болбосо коомдогу орду, тактап айтканда, билим берүү, саламаттыкгы сактоо, экономика, саясат ж.б. тармактарда дайыма сакталыш керек экендиги айтылат. Дүйнөлүк практикада ар бир өлкөдө гендердик баланс сакталганда жана гендердик саясат мыйзамдуу иштегенде гана мамлекеттин гүлдөп өнүгүүсүнө шарт түзүлөт деген принцип сакталып келет.

Кыргызстан аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жок кылуу жөнүндө эл аралык конвенцияга кол коюп, анын шарттарын толук аткаруу милдеттерин моюнуна алган. Гендердик теңдикке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы да бекитилген, аны жүзөгө ашыруу мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынгансыйт, бирок турмушта, күнүмдүк практикада кандай колдонулууда, кеп мына ошондо болуп жатат.

Биздин өлкөнүн негизги мыйзамы – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (13-берене-нин 3-4 пункттарында) либералдык идеологиянын духунда аял менен эркектин тец укуктуулугуна кепилдик берет: “Кыргыз Республикасында бардык адамдар мыйзам жана сот алдында бирдей. Эч ким теги, жынысы, расасы, улуту, тили, тутунган дини, саясий жана диний ынанымдары же жеке жана коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир башка жагдайлар боюнча басмырланып, эркиндиги жана укугу кысымга алынбайт. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей эркиндиктерге жана укуктарга, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ” – деп жазылып турат. Бирок, ошол кашкайып жазылып турган мыйзам Жогорку Кеңеште канчалык деңгээлде жүзөгө ашырылып жатат деген мыйзамдуу суроо туулат.

Аида Касмалиева, ЖК депутаты:

-Гендердик теңчиликти сактоо негизги маселелердин бири. Биз 70-30 деген квотаны кабыл алганыбыз менен учурда жакшы иштебейт. ЖК тарабынан кабыл алынган квота сакталган сыяктуу көрүнгөнү менен аялзатты өкмөткө же башка бир кызматтарга жөнөтүп жиберишип, натыйжада аялзат депутаттык мандаттарынан айрылып калышууда. Азыркы күндө ЖКда 19 гана аял иштеп жатат. Буйруса, 2020-жылдан баштап мыйзам иштеп баштайт. Ал мыйзамда аял депутат башка бир өкмөттүк кызматке кете турган болсо, анын ордуна аял киши гана депутат болуп келе алат. Ошондой эле эрекек кишини эркек адам гана алмаштыра алат. Тизме боюнча ар бир төртүнчү адам аялзатынан турса, гендердик теңсиздиктин бузулбашына шарт түзөт. Буга чейин ЖКда квотанын коюлушу дагы аздыр-көптүр жардамы тийди деп айтууга болот. Бирок, жергиликтүү кеңештерде эч кандай гендердик теңчилик сакталбаганы бардыгыбызга белгилүү. Өзүңүздөр байкасаңыздар райондук акимдер, Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн бардыгы эркек кишилер. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, саясий партиялар шайлоо учурунда айымдарды тартат. Мыйзамда жазылган квотаны сактап иш алып барып жаткандай туюлганы менен декларативдүү гана болуп калып жатат. Ал эми реалдуу жашоодо андай эмес. Жигиттерибиздин айымдар дагы келип, ЖКдан I орун алсын дегендери аз.

Рыскелди Момбеков, ЖК депутаты:

-Сакталбай жатканы анык. Де-факто, азыр Жогорку Кеңештеги депутат айымдарыбыздын саны абдан аз. 70-30 пайыздык квотаны КСДП фракциясы гана сактап жаткандай. Ал эми карап көрсөңөр, айрым фракцияларда бир дагы аялзатынын өкүлү жок. Шайлоонун алдында партиялар тизме түзгөндө бардыгы эле жакшы сакталат. Анан эле шайлоо бүткөндөн кийин аялзатынын тизмеден чыгып калышы абдан өкүнүчтүү. Ошондуктан шайлоо алдында түзүлгөн тизме дайыма сактала тургандай мыйзамдык талаптарды коюш керек. Ошондо гана гендердик теңчилик сакталат. Андай болбосо, гендердик саясаттагы тең салматуулук азыркыдай эле болуп бузула берет. Квота үчүн шайлоого баргандагы көрүнүш башка, шайлоо өткөндөн кийинки абал башка боло бергени мыйзамга да, логикага дагы туура келбейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бешинчи чакырылышында 120 депутат болсо, анын 25 аял, 95 эркек. Жалпьшап айтканда, 20,8% аял, ал эми 79,2% эркектер түзгөн. Ал эми алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештеги 120 депутаттан 19 аял, 101 эркек. Тактап айтканда, 15% га жетпеген аялдар, 85% дан жогору эркектер түзүп, гендердик саясат туура эмес жүргүзүлүп келет. Жогорку Кеңеш гендердик теңчиликти сактабай, саясий оюндар менен гана алек болуп, гендердик проблемага көңүл бурганга депутаттардын чолосу тийбей калгандыгынын негизги себеби, ар бир депутат өз ордун гана сактоого мыйзамды бузуу менен барып жатышкандыктарын сезишер бекен?

Асел Молдоболотова

Булак: Ачык Саясат

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *