Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду КР Премьер-министри кызматына бекитти
Саясат

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду КР Премьер-министри кызматына бекитти

Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы Садыр Жапаровду КР Премьер-министр кызматына бекитти.

Жыйынга парламенттин 51 депутаты  жана 10 депутаттын ишеним каты кошулуп, 61 депутат катышты.

Депутаттар Садыр Жапаровдун талапкерлигине, өкмөттүн программасына, структурасына жана курамына бир добуштан “макул” деп добуш беришти.

Садыр Жапаровдун талапкердиги  КСДП, “Кыргызстан”, “Бир бол” жана “Республика-Ата-Журт” фракцияларынан турган Жогорку Кеңештин көпчүлүк, башкаруучу коалициясы тарабынан сунушталып, парламенттин Конституциялык түзүлүш комитетинен жактырылган.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт