Жогорку Кеңеш ММК боюнча мыйзамды күн тартибинен алып салды

Массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамды депутаттар бүгүнкү күн тартибинен алып салышты. Демилгечилердин бири Кожобек Рыспаев мыйзам долбоору чала болуп жаткандыгын айтып, аны эмки жумага чейин күн тартибинен алып коюуну өтүндү. Анын сунушу добушка коюлуп, депутаттар колдоп беришти.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин 4 депутаты “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, аны шашылыш түрдө парламенттин жалпы жыйынына алып чыккан эле.
Ал арада бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана журналисттер бул мыйзамга каршы пикирлерин билдиришкен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *