Жогорку Кеӊеш социалдык мекемелерге берген 23 автоунаанын бирөө жараксыз болуп чыкты

Жогорку Кеӊеш тарабынан өлкөнүн социалдык мекемелерине берилген 23 автомашинанын бирөө гана жараксыз болуп чыккан, калганы толугу менен пайдаланылууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда «Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү» темасында өткөн иш-чара жүрүшүндө белгилүү болду. Парламентаризм күнүнө карата уюштурулган иш-чарага депутаттар Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Талант Мамытов, ошондой эле саясий эксперттер катышты.
Депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеӊеш депутаттарынын автомашина сындуу артыкчылыктардан баш тартуусу – өлкөдө жаӊы жөрөлгөнүн, саясий маданияттын калыптануу жышааны болуп санала турганын белгиледи. «Мамлекеттик кызмат адамдары азыр кирешелерин эле эмес, ар жылдык чыгымдарын да ачыкка чыгарып, той-аштарды өткөрүү каадасынан, ар кандай ашыкча чыгымдардан баш тарта баштады. Биз мындай демилгелерди колдошубуз керек», – деп кошумчалады эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Жогорку Кеӊеш ар жылы 4-июнда Парламентаризм күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган. Ошондон улам, быйыл 4-июнда Парламентаризм күнү алгачкы жолу белгиленет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *