Жогорку Кеӊеште калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу маселесине арналган «өкмөттүк саат» өтөт

Кечээ, 19-январда Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги менен өткөн Координациялык кеӊештин кезектеги жыйынында парламенттин 24-25-январдагы жыйындарынын күн тартиби бекитилди.

Ошентип, Жогорку Кеӊештин 24-январындагы жыйынында «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана башка бир катар мыйзам долбоорлору каралат.

Ал эми парламенттин 25-январындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2017-жылдын 23-ноябрындагы «Калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө» протоколдук тапшырмасынын аткарылышы боюнча «өкмөттүк саат» өтөт. Андан тышкары, «Жарандык коргоо» сыяктуу бир катар мыйзам долбоорлору да каралмакчы.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *