Жогорку Кеӊеште Казакстандын 100 млн доллар техникалык жардамынан баш тартуу демилгеси каралды

Жогорку Кеңеште Кыргыз Өкмөтү менен Казак Өкмөтүнүнүн ортосундагы ЕАЭБге интергарциялануу шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана анын колдонулушу тууралуу протоколду, техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денансациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөттүн билдиришинче, Казак-Кыргыз биргелешкен инвестициялык фондун түзүү демилгеси 2007-жылы эле башталган. Белгисиз себептерден улам, аны түзүү кийинкиге жылдырылып отурган. 2014-жылы ЕАЭБдин алкагында жол картасын ишке ашыруу үчүн Казакстан 100 млн доллар өлчөмүндө жардам бөлмөк. Кыргызстан ЕАЭБдин курамына кирген соң, бул каражат өлкөнүн бажы обьекттерин жакшыртуу, ветеринардык лабораторияларды куруу сындуу өтө маанилүү долбоорлорду аткаруу үчүн жумшалмак. Бирок, бул макулдашууну аткаруу иштери белгисиз себептерден улам казак тарап создуктуруп келген.

Өкмөт өкүлүнүн ырастоосунда, казак тараптын каражатын күтпөстөн, кыргыз тарап 4 лаборатория куруп алган жана ага бюджеттен 172 млн сом бөлүүгө аргасыз болгон. “Мындан ары да өз күчүбүз менен эле чечебиз. Бюджеттен каржат табылып, 19 лаборатория бүткөнү калды. Дагы башка булактардан да каражат табууга аракет кылабыз”, – деди вице-премьер-министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимди денансациялоо демилгеси буга чейин парламенттик үч тармактык комитети тарабынан жактырылган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *