Жогорку Кеӊештин депутаты Жыргалбек Калмаматов каза болду

1-январдан 2-январга караган түнү жүрөк оорусунан улам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Жыргалбек Калмаматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Маркумдун сөөгү 3-январда өзүнүн кичи мекенинде жерге берилди.

Эске салсак, Жыргалбек Калмаматов “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын депутаты болгон. Ал 1972-жылы 22-декабрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган. 1933-жылы финансы-экономикалык техникумду “Салык салуу” адистиги боюнча аяктаган.

Жыргалбек Калмаматовдун артында жубайы жана тогуз баласы калды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *