Жогорку Кеӊештин тармактык комитеттеринин курамында бир катар өзгөрүүлөр болду

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеӊеш тармактык комитеттердин курамын өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды.

Ошентип, жаӊыдан депутат болуп келген Нурмахаммат Баяхунов (КСДП фракциясы) Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин, Музаффар Исаков (КСДП фракциясы) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин, Айтмамат Назаров («Кыргызстан» фракциясы) Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин мүчөсү болуп калды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *