Жогорку Кеңеш сугалактыктын курмандыгы болуп калбайбы?..

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо үчүн бөлүнгөн Кытай кредитинин уурдалышынын масштабы кыргызстандыктарды эңги-деңги кылып турган кез. Эл депутаттык иликтөөнүн жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүүдө. Депутаттар акыр аягына чейин принципиалдуу, чынчыл боло алышабы?

Бирок, азыр маселе башкада. Бул аферага катышкандар депутаттык комиссиянын мүмчөлөрүн “дүңүнөн” да, бирден да сатып алууга жандабастап жатышканы айтылууда. Же депутаттык комиссиянын мүчөлөрү “аларды бүгүн сатып алмакчы” болгондор эртең эле элдин атынан Жогорку Кеңешти таратууну талап кылып чыгышарын түшүнүшпөйбү? “Эски команда” дал ушул саясый комбинацияны ишке ашырабы? Анткени, алар Кытай кредити боюнча кутулбас куяга калуу менен жүздөрү ачылууну каалмак беле? Аларга Жогорку Кеңештин мөнөтүнөн мурда шайланышы өтө зарыл болуп турат. “Эски команда” 2020-жылга чейин күтө албайт, себеби, коррупцияга каршы күрөш күч алып, 2010-жылкы революциядан кийин, Максим Бакиевдин катышуусу жок эле жасалган былык иштер калкып чыгат, эл революциядан кийин жетекчиликке келген кишилердин чыныгы жүзүн көрөт. Алардын корккону ушул. Өзгөчө КСДПнын куралтайынын  алдында коркуп атышат. Ошондуктан, алар депутаттык комиссиянын оозун жапканга акчаларын аяшпайт окшобойбу? Депутаттык комисия кандай тыянак чыгарарын көрөбүз го…

Бекбол АЙДАРОВ

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *