Жогорку Кеңеш Тажикстандагы элчилик кызматка Жаныш Рустембековдун талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына Жаныш Рустембековдун талапкерлигин жактырды.

Депутаттар Рустембековго Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселелерге өзгөчө көңүл буруу керек экендигин эскертишти.

Буга чейин Жаныш Рустембеков Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп эмгектенген.

Ал эми Кыргызстандын Тажикстандагы элчилик кызматын Мирослав Ниязов аркалап келген.

Булак: Кyrgyztoday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *