Кыргызстанда парламенттик шайлоону кийинкиге калтыруу боюнча Венеция комиссиясы эмне дейт?

Кечээ, 18-ноябрда Венеция комиссиясы Кыргызстандагы конституциялык реформага байланыштуу парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу боюнча “amicus curiae” шашылыш корутундусун жарыялады.

Корутунду Кыргызстандын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы талабы боюнча даярдалган. Венеция комиссиясы парламент тарабынан шайлоону кийинкиге калтыруу тажрыйбасы жок болсо дагы, эл аралык принциптер менен жакшы демократиялык тажрыйбалардын сакталышын камсыз кылуу үчүн бир нече көрсөтмөлөрдү аткаруу керектигин белгилейт.

Венеция комиссиясы парламенттин мандаты конституциялык мөөнөттөн узартылган шартта, шайлоолор кийинкиге жылдырылган учурда парламенттин чектелүү гана ыйгарым укугу бар жана конституциялык реформаны жүргүзүүгө легитимдүүлүгү жок деп билдирет.

Конституцияга жана мыйзамдарга киргизилген ар кандай түзөтүүлөр конституция жана мыйзам тарабынан белгиленген тартипке жана мөөнөткө ылайык келиши керек.

Венеция комиссиясынын билдирүүсүндө айтылгандай, КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеев 2020-жылдын 4-ноябрындагы катында Венеция комиссиясына кайрылып, конституциялык реформага байланыштуу парламенттик шайлоону кийинкиге жылдыруу жөнүндө amicus curiae корутундусун даярдап берүү өтүнгөн.

Алардын сын-пикирлеринин негизинде шашылыш корутунду даярдалды. Ал 2020-жылдын 6-ноябрында Комиссиянын кеңейтилген бюросу тарабынан жактырылган жана Венеция комиссиясынын 2020-жылдын 17-ноябрындагы шашылыш корутундуларды даярдоо жөнүндө протоколуна ылайык чыгарылган. 2020-жылдын 11-12-декабрында боло турган 125-пленардык жыйында бекитүү үчүн Венеция комиссиясына сунушталат.

Бул Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 22-октябрында кабыл алынган “КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын айрым жоболорун токтото туруу жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын ченемдери жөнүндө Жогорку соттун Конституциялык палатасында каралып жаткан ишке байланыштуу.

Тыянакка байланыштуу Конституциялык палата Венеция комиссиясына төрт суроо берди:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясында так чектөөлөр жок болсо, жалпы кабыл алынган демократиялык принциптердин көз карашынан алганда, парламенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин жана жаңы шайланган парламенттин биринчи сессиясына чейинки мезгилде ыйгарым укуктарынын чектерин канчалык кеңейтүүгө болот? Атап айтканда, шайлоонун натыйжаларын жокко чыгаруу менен парламенттик шайлоону кайталап/жаңы өткөрүүнүн ортосундагы мезгилде конституциялык реформаны жүргүзүү жалпы кабыл алынган демократиялык принциптерге канчалык дал келет?

2. Конституциялык реформаны жүзөгө ашыруу үчүн (мыйзамдуу түрдө шайлоонун натыйжалары жокко чыгарылган мезгил менен кайра шайлоо өткөрүлүп жаткан мезгил аралыгында) жогорку мыйзам чыгаруу органын түзүү үчүн шайлоо жараянын токтотуу канчалык демократиялуу?

3. Шайлоо процессинин токтотулушуна алып келген шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр канчалык деңгээлде демократиялык принциптерге жана эл аралык стандарттарга шайкеш келет?

4. Мыйзам чыгаруучунун мыйзамдарды кабыл алуунун белгиленген тартибин сактабагандыгы канчалык деңгээлде демократиялык принциптерге дал келет?

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *