Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министрди парламентке чакырууну талап кылышты

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Президенттин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облусунун Ат-Башин районунда өзгөчө кырдаалды күчөтүү жөнүндө жарлыгын кабыл алуу үчүн пленардык жыйынга чогулушту.

Депутат Исхак Масалиев парламентте премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин жана Каржы министрлигинин башчысынын катышуусун талап кылды. 

“Алар каржы боюнча төрт башка маалымат берип жатат. Экинчиден, эки жума мурда токтом кабыл алдык. Өкмөт бизге тез арада иштеп чыккан антикризистик планды бериш керек эле. Жакында коопсуздук кеңешинин жыйынында өкмөт мактанып, “биз жасап койдук, план бар” деди. Аны Жогорку Кеңешке дагы берсе туура болот эле” – деп билдирди Исхак Масалиев.

Муну менен катар, Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары премьер-министрдин келип, жасалып жаткан иш-чаралар боюнча так, конкреттүү маалымат берүүсүн талап кылышты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *