Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов кыргыз жарандыгын албастан, жасалма паспорт менен жүрөбү?

Жогорку Кеңешке эки ирет депутат болуп шайланып, бийликтин эң чоң бутагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан дунган улутунун өкүлү Бахадыр Сулейманов башка өлкөнүн жараны экендиги тууралуу маселе көптөн бери көтөрүлүп, жакындан бери ММКларда узун сабак кептер айтылууда. Мурдагүнү, 26-сентябрда Жогорку Кеңеш Акыйкатчы шайлады. Ошол жердей Акыйкатчылыкка тапапкер Токон Мамытовго суроо берип, “Мени башка өлкөнүн жараны деп айтканыңды тастыктап бере аласызбы?» деген сурооону берди. Токон Мамытов өз учурунда татыктуу жооп берип, бул боюнча укук коргоо органдары иш алып бары атканын, жакында баары ачыкка чыгаарын кошумчалады. Биз дагы бул боюнча иликтеп, жаңы маалыматтарды таба алдык. Анда кепти башынан баштайлы.

2013-жылы Кыргызстандагы “Дунган” коомдук бирикмеси Казакстандын Жамбул областынын Кордай райондук ички иштер бөлүмүнө Бахадыр Сулеймановдун казак жараны тууралуу маалыматты тактоо үчүн кайрылган экен, Кордай РИИБдин начальниги, полициянын майору Б.Т.Баймухамбетов 1963-жылы 4-май да туулган Б.Сулейманов Казак Республикасынын жараны экенин тастыктап, паспорттун көчүрмөсүн тиркеп, 2013-жылы 19-апрелде расмий жообун жөнөтүптүр. Анда 2001-жылы 25-декабрда Казак Республикасынын ИИМи тарабынан Б.Сулеймановго 011641574 номурлуу паспорт берилгени, Казакстан Республикасынын Жамбул областындагы Жалпак-Төбө айылында туулгандыгы, жашаган жери Тараздын Бауржан Момышулы №8-үй экени белгиленген. Бул факты өлкөнүн коопсуздугуна өтө чоң шек келтирери көрүнүп турат, андыктан күч органдары дароо чара көрүшү керек эле. Тилекке каршы, «жең ичинен» сүйлөшүп конгон күч түзумдөрү маселени жабык бүтүрсө, БШК бир добуштун шылтоосу менен мандаттан ажыраткан жок.

Жогоруда белгиленген каттын «оригиналы» жакында Кыргызстанга келди, азыр ал белгилүү бир коомдук ишмердин колунда турат. Демек, анын чындыгына мындан ары эч ким шек келтире албайт. Бул жерде эң эле кызыгы, 2013-жылы Кордай РИИБинин аталган расмий каты бизге келген кезде Бахадыр Сулейманов мамлекеттик сырды билгенге укук алып, «Ата Журт» партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаты болгонуна эки жылдан ашкан маалы эле. Бул жерде чоң мыйзам бузуу жатат. УКМК тез арада Кылмыш-жаза кодексинин 350-346-беренелеринин негизинде: «Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» боюнча иш козгошу керек деген пикирдебиз. Бул биринчиден.

Экинчиден, Казакстандын расмий сайты 2010-жылдын 12-октябрында Бахадыр Сулеймановду жарандыктан ажыраткандыгы тууралуу материалды жарыялаган. Ал эми БШК үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда: «Бахадыр Сулеймановдун казак жаранды гы 2010-жылдын 13-августунда токтотулуп, ал Кыргызстандын жарандыгын алган» деген расмий билдирүү таратты. Бул эки факты Бахадыр Сулейманов Казакстандын жараны болгондугун толугу менен тастыктады, муну өзү да мойнуна алат. Эми мыйзам талаасына келеек, 2010-жылдын 12-октябрында Казакстан жарандыктан ажырата элек кезде Б.Сулейманов 2010-жылдын 10-октябрында депутат болуп шайланган. Ал эми БШКнын маалыматында эки ай мурун 13-августа ажыратылган деп айтылат, а үгүт иши 10-сентябрда башталган. Муну туура деген күндө дагы, бир айдын ичинде эч ким жарандык алалбайт. Кыргызстандын жарандыгын алуунун өзүнчө процедуралары бар, ал бери дегенде 6 айга чейин созулат. Маселен, этникалык кыргыздардын арасында 6 жылдан бери жарандыкты ала албай жүргөндөр бар. Анда баарына Сулейманов сыяктуу кылып жарандык алып бербейлиби?!

Эми Бахадыр Сулейманов капчыктуу неме эмеспи, жолун таап түптүз президентке кирип кол койдуруп, жарандыкты бир айдын ичинде чечип алган турбайбы деген ой ар кимдин башына келиши мүмкүн. Биз дагы ошондой шек жаралбасын деген ниетте Президенттик Аппаратка кайрылсак, алар расмий тилде: «Сулейманов Бахадыр Искакович, 1969 года рождения, дунганин, уроженец села Дунгановка Джамбульской области Казахской ССР с заявлением о приеме в гражданство Кыргызской Республики не обращался и гражданство Кыргызской Республики в соответствии с Указом Президента Кыргызской Республики не получал» деген жообун берди. Көрсө, Бахадыр Сулейманов Казакстандын жарандыгынан чыкканы менен Кыргызстандын жарандыгын эч качан албаптыр. Ал эми биздин өлкөнүн мыйзамы боюнча башка мамлекеттин жараны биздин өлкөдө жашагысы келсе сөзсүз түрдө жарандык алышы керек, ал президенттин атайын указы менен бекитилет. Ошондон кийин гана мыйзамдуу түрдө паспортту алганга укуктуу.

Бахадыр Сулеймановдун эң чоң кылмышы мына ушул жерде жатат. Казакстандын жараны экенин жашырып, «документти жоготтум» деген жалганчылык менен 1996-жылы 19-апрелде Кант шаарынын РИИБинен бланк толтуруп, А0154764 номерлүү көк түстөгү паспортко ээ болгон. Аны 2006-жылы 20-сентябрда AN0234104 номерлүү паспортко алмашкан. Тактап айтканда, Сулейманов мыйзамсыз түрдө паспорт алып жүргөн. Ушул маселеде Кубанычбек Кулматовго келсек, Бахадыр менен бирдей. Ал дагы 1996-жылы жоготуп алдым деген шылтоо менен Бишкектин Биринчи Май районунан паспортун алып, аны үч жолу жаңылаган. Ошол эле маалда паспортун жоготуп койгонун айтып 1993-жылы Орусиянын жарандыгына ээ болуп, эки ирет жаңылаган паспортун көтөрүп жүргөн. УКМК мыйзам боюнча башка өлкөнүн жарандары кыргыз жарандыгын алгысы келсе өлкө башчысына жеке арыз менен кайрылышы керектигин, Кулматовдон андай арыз түшпөгөнүн билдирип, кылмыш ишин козгоду. Эми булар адилеттүүлүк үчүн ишти бирдей карап, «куйругун» түйө электе Бахадыр мырзанын баскан изин тыкыр текшерип, мыйзам бузуу аныкталса жоопко тартыш керек.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *