Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев ИИМге суракка чакыртылды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев ИИМге суракка чакыртылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда депутат өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Өмүр жолумдагы өзүм туу туткан бир чындык бар! Ал өзүмдүн ичимдеги абийирди сатпоо! Кандай гана абал болбосун, чындыкты суйлоп, түз жүрүү! Саясий ишмердигимде коомдогу туура эмес окуяларды, саясий теңсиздикте ар дайым калыс созуму айтып келем. Убагында белизгейт учун Сегизбаевди, ТЭЦ учун Исаковду катуу сындап, Атамбаев, Жээнбековдордун өкмөтүнүн ар бир туура эмес иштерине сын айтып, Текебаевди түрмөгө отургузганда да озумун позициямы өзгөртпөй, ар жакка өтө качпай, ар дайым бир нукта келе жатам. Ушу кезге чейин сөз эркиндиги бар үчүн коомдогу, саясаттагы бардык туура эмес иштерди айтып келдик! Мына, ушул кун да келди…“, – деп жазган Эмил Токтошев.

На изображении может находиться: текст

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *