Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынын жаңы депутаты Нурбек Тотонов ант берди

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынын жаңы депутаты Нурбек Тотонов ант берди.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин вице-спикери Асель Кодуранова депутат Нурбек Тотоновдун ишине ийгилик каалады. Нурбек Тотонов 41 жашта, 2014-жылдан бери оор атлетика федерациясын жетектеп келген.

Эскерте кетсек, 26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангуловдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуп мандатын Нурбек Тотоновго тапшырган.

24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов “Мегаком” компаниясынын директору болуп дайындалган. 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *