Фото – Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети Премьер-министрдин Өкмөттүн ишмердиги тууралуу отчетун жактырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердиги боюнча отчет берди.

Талкуулардын жүрүшүндө Өкмөт башчы, ошондой эле министрлик жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жыйындын жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердиги боюнча отчетун жактырды.

Шаршемби, 24-апрелде, Премьер-министр жогоруда аталган отчетту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна сунуштайт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *