«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевге оңтойсуз суроолор…

– Бакыт Эргешович, сиз президенттик шайлоодон бери али да болсо эс-учуңузду жыя элексиз. Кашыктап чогулткан кадырыңызды чөмүчтөп чачып алып, “өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат” абалында калдьщыз. Бул кырдаалдан качан, кандай жол менен чыгасыз? Кеңешчилериңиз туюктан жол таап берчүдөйбү? Же айлана-тегерегиңиздин баары өзүңүзгө окшоп баштары маңбы? Дети кандай айла издеп, эмне арга көргөнүжатасыз? Же ушуну менен саясий “крит” болуп кетесизби? Шайлоодо Өмүрбек Бабановдун этегин кармап алып «Курманбек Салиевичти Оштон кууп чыккандар Сооронбайлар» – дегенди айтып, эми кезеги келди өч алчу деп кыйыткан пикириңизге өкүнүп жатасызбы?

Бакиевди эстеп, унута албай куса болуп жүрдүңүз беле? Ошондо «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын артында Максим Бакиев турат деген сөздүн чындыгы бар экенине ынанса болобу? Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сындары дары болдубу? Дары болсо эмнеңизге шыпаасы тийди? Коомчулук сизди кошоматчы, саясий позициясы жок туруксуз катары сыпатташууда. Ал түгүл сиз кубулганда хамелеон эстен танат дешүүдө. Мындай сындарды кулагыңыз чалдыбы? Чалса эмне деген жыйынтык чыгардыңыз? Жогорку Кеңештин депутаты Асилбек Жээнбековдун эшигин жыртып, президентке жолугууну самаган максатыңыз таш капканы чынбы? Бул жолу кошомат кылган номериңиз өтпөдүбү? «Эптеп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү» демекчи, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партия­сынын иши бүттүбү? Келээрки шайлоодо кимдин этегин кармайсыз? Сизге ишенген адам табылат деп ойлойсузбу? Сиз ме­нен тандем болушкан Мелис Мырзакматов, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабановдун иши жүрбөдү. Куу каптал эмессизби?

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *