Жогорку Кеңештин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын депутаты Динара Исаевага оңтойсуз суроолор…

– Динара Шертаевна, сиз Жогорку Кеңештеги өтө эле «көп сүйлөгөн» депутатсыз. Эмнеге демилгени байма-бай көтөрүп, элдин көйгөйүн айтмакка трибунаны көргөндө эле ордуңузга «отура албай» каласыз? Кичине азыраак сүйлөп, «балык депутаттардан» үлгү алсаңыз кантет? Үтүктү сайса деле сиз сүйлөп жаткан болосуз… Ден соолугуңузга карап, нервиңизди сактап, эл көйгөйүн азыраактан көтөрсөңүз. Сиздей акчалуу депутаттарды табыш кыйын, кийинки чакырылышта дагы депутат болуп келишиңиз керек да туурабы? Кызыгы, сиз тизмеге кирген партия сөзсүз парламентке келет. Бирок кийинки шайлоого жетпей ашмалтайы чыгып калат, эмнеге? Маселен, «Акжол»партиясынан депутат болдунуз. Азыр «Ак жолдон» дайын жок. Ки­йин «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп келдиңиз. Бул партиянын дагы 5 жыл аралыгында аброю түшүп, 2015-жылы парламенттик шайлоо «Республиканын» этегин кармады. Сиз «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго «ыктап» кайрадан мандат алдыңыз. Азыр «Республика – Ата-Журттун» дагы тагдыры чайкалып турат. Эми сиз кайсы партияга өтө качасыз? Жашыруун болбосо ооз ачып, маалымат берип койбойсузбу? Жолдошуңуз Данияр Үсөнов менен байланышып, кат-кабар алышып турасызбы? «Эл душманы» саналган адамдын жубайы Жогорку Кеңеште эл өкүлү болуп отурса ыңгайлуу эле болот бекен? Балык менен сиздин айырмаңыз эмнеде деп ойлойсуз?

Булак: “Фабула” 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *