Жогорку Кеңештин жыйынында эки ратификациялык мыйзам кабыл алынды

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эки ратификациялык мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган мыйзамдар:

 “Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.08.18деги № 366 токтом);

 “Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда  кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.07.18деги № 353 токтом).

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *