КР Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева: “ Заманбап технологиялар сот адилеттигин жүргүзүү  үчүн колдонулушу керек”

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаеванын  облусттук соттордун төрагалары менен  видео  конференц байланышы болду, – деп маалымдады мекеменин басма сөз кызматы.

Учурда жарандардын сот адилеттигине жетишүүсүн камсыз кылуу  максатында электрондук сот өндүрүшүн  киргизүү боюнча  чоң иштер башталды.

Видео конференц байланыш  учурунда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева облусттук соттордун жетекчилери менен жергиликтүү соттордун  ишмердүүлүгү боюнча  маселелерди талкуулап, сот адилеттигин жүргүзүүнүн  сапатын жогорулатууга багытталган тийиштүү чараларды көрүүсүн  талап кылды. Мындан тышкары жергиликтүү соттор тарабынан ишти кароодо мөөнөттөрүн жылдыруу, жарандардан келип жаткан даттанууларды, соттордун жана аппарат кызматкерлеринин эмгек тартибин сактоо маселеси каралды. Ошондой эле  судьялардын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана мамлекеттик органдарынын карамагындагы маалыматка жетишүү» Мыйзамын сактоосу, өз убагында  соттук актыларды sot.kg сайтына жайгаштыруу, жергиликтүү соттордо  калк үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүү маселелери талкууга алынды.

Төрайымдын билдирүүсүнө караганда, сот тутумунун жакынкы аралыктагы приоритеттүү милдеттеринин бири катары сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын  жогорулатуу жана  электрондук сот өндүрүшүн киргизүү болуп саналат. Бул өз кезегинде коррупциялык көрүнүштөргө жол бербей, арыз берүүчүлөр менен сот тутумунда иштегендердин ортосундагы байланышты  азайтат. Мындан тышкары  убакытты  жана каражатты  үнөмдөөгө  мүмкүн болуп, тараптарга билдирүүлөрдү  жөнөтүүдөгү көйгөйлөрдү чечип, соттордун ишин оптималдаштырат.

Айнаш Токбаева заманбап технологиялар сот адилеттигин жүргүзүү үчүн колдонулуп, бул багытта башталган иштер жакын арада өз жемишин бере тургандыгын айтты.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *