Жоламан Шаршенбеков – 2019-жылдын мыкты спортчусу

КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги грек-рим күрөшү балбаны Жоламан Шаршенбековду “2019-жылдын мыкты спортчусу” атады.

Ушул жылы алгачкы жолу чоңдор арасындагы мелдештерге катыша баштаган 19 жаштагы Жоламан Шаршенбеков кыргыз спортунун тарыхында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыккан экинчи кыргызстандык болуп калды. Ал октябрь айында Венгриянын борбору Будапештте өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликте алтын медал тагынууга аз гана жетпей калып, вице-чемпион болгон. Ал эми жыл башында – февраль айында Бишкекте өткөн Азия чемпионатында дагы күмүш медаль тагынган болчу.

Эске салсак, дүйнө чемпионатындагы ийгилигинен кийин Ж.Шаршенбековду Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, ыраазычылыгын билдирген.

Ошондой эле, жаш спортчунун жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов “2018-жылдын мыкты машыктыруучусу” деп табылды.

Мыктыларды сыйлоо аземи 15-декабрь күнү Бишкекте өттү.

Булак: KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *