Жөө күлүгүбүз Дарья Маслова 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Бул тууралуу 2-декабрда жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамагенттиги билдирди.

Д.Маслова жакында эле Валенсиядагы (Испания) лицензиялык марафондо чуркап, 42 км 195 метрди – 2 саат 28 мүнөт 19 секундда чуркап өткөн. Бул олимпиадалык нормативден бир мүнөткө көптүк кылат.

24 жаштагы Дарья үчүн бул экинчи Олимпиада болот. Буга чейин 2020-жылдагы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан сууда сүзүүдө Денис Петрашов, марафончу Юлия Андреева, күрөш боюнча Атабек Азизбеков жана Айсулуу Тыныбекова жолдомо алышкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *