Жоомарт жооп берсе болот эле…

Өмүрбек Текебаевди “улут лидери” деп айрым жактоочулары аябай эле аша чаап атышат. Жалпы улутту мындай кой, жада калса айылдаштары акмандыктар деле колдойбуз деп анча деле козголушкан жок. Эски партиялаштарынын Шыкмаматов менен эле Сасыкбаева жүрөт. Калгандарынын камыраган түрү жок. Буга ким күнөлүү? Албетте өзү. Убагында далайын “тепти”, бир тобун теңине албай тескери кетти. Башкасы болбосо дагы өзү өстүргөн, жаш болсо жалындап күйгөн Жоомарт Сапарбаев лидерин колдоп чыгат эле го. Демек, Жоомартты да ара жолго таштаган. Болбосо Жоомарт Сапарбаевдин хандан, бектен кайра тартпаган көк жалдыгы бар эле, сөзсүз бийликке ачуу сөзүн айтып калмак. Бир ууч тарапташтарын колдой албагандан кийин анан кайдагы улуттун лидерин айтабыз? “Жыгылганды урбайт” – дейт. Текебаевди тепкилейли деген деле оюбуз жок, бирок кошоматчылары улутка такап ураан айтаарда арыдан бери болушса…

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *