Жоош – элдин уюткусу

Улуу “Манас” эпосунда:

“Каңды, тейит, муңгушту,

Катарыңдан таштабай,

Карайлаттың байкушту” – деген саптар бар. Кайсы бир кыйчалышта Чубак баатыр абасы Бакай акылманга ушинтип кайрылат…

Ал эми биринчи бөлүгү 1503-1514-жылдары, а акыркы бөлүгү 1550-1565-жылдары фарс тилинде жазылган Сайф Аддин Ахсикентинин айтылуу “Маджму ат-таварих” (Тарыхтар жыйнагы) китебинде:”… Андан соң Ак уул өзүнүн эки уулу -Отуз уул жана Салусбек Булагачи менен келип, исламдын ак жолуна түшкөндүгүн, ага ырастан берилгендигин билдирди. Анан Булагачинин балдары Бостон, Тейит, Жоокесек, Дөөлөс, Кыдыршаа, Каңды келип, (Мир Жалилди) өздөрүнүн устаты деп таанып, анын жолун жолдоочулар болуп калышты. Андан кийин Отуз уулдун балдары – Адигине, Муйкуш, Кара Багыш, Тагай дагы келип, Мир Жалилди өздөрүнүн устаты катары кабылдап, анын жолун жолдоочулар болуп калышты. Куу уул өзүнүн алты уулу – Басыз, Лалым Кушчу, Ай баш Мундуз, Чоңбагыш, Саруу, Сунджек Хытай менен келип, анын жолун жолдоочулар болушту” деген сыяктуу кыргыз элинин тарыхына тийиштүү маанилүү маалыматтар бар.(Мында аталган Мир Жалил – атактуу имам Ибрахимдин урпактарынын бири, ошол учурдагы сопулук агымдын ишкия орденин башкарган шейх).

1995-жылы жаралышынын 1000 жылдык маарекеси белгиленген улуу “Манас” эпосунда оозго алынып, мындан 500 жыл илгери кагазга түшкөн “Маджу ат-таварихте” катталган көөнө кыргыз тайпасы Муңгуштагы уруктардын эң ирдүүлөрүнүн бири -Жоош. Жеке кыргыз эле эмөс, жалпы түрк элдеринин тарыхында өчпөс из калтырган легендарлуу аскер башчы, генерал-лейтенант Ысакбек Мониев мына ушул уруктан чыккан. Деги эле, Түштүктө ”Жоош – элдин уюткусу” деген накыл кеп айтылат. Алар негизинен Ош облусунда жана Кытай Эл Республикасындагы Шинжаң уйгур автономиялуу аймагынын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунда жашайт.

Улуу манасчы маалымдайт

Жоош уругунун дээрлик тең жарымы Кытайда. Кызыл-Суу облусунун үч районундагы азыр саны 300 миңге жакындаган улутташтарыбыздын ичинде оң, сол, ичкилик, айтор, кыргыздын үч канатынын тең өкүлдөрү бар. Мисалы, Ак-Тоо районунда негизинен ичкилик уруулары жашаса, Ак-Чий районунда негизинен оң канаттын черик уруусу басымдуулук кылып, солдон кушчу, мундуз ж.б. уруулар бар. Ал эми Улуу-Чат районунда сол канаттагы чоңбагыштар көпчүлүктү түзсө, а алардан кийин эле ондогу муңгуштун жоош уругу. Кимдир бирөөлөр ойлоп жүргөндөй, Кытайдагы кыргыздар тек 1916-жылкы Үркүнгө же 1928-30-жылдардагы колхоздоштуруу маалында эле качып кетип калып калган калк эмес, жер аттары айтып тургандай, ошол кең аймакты эзелтен ээлеген түпкүлүктүү кыргыз эл. Азыркы Кыргызстандын бир өңүрү сыяктуу, Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз облусунун аймагы да мурдатан бүгүн кыргыз эли ээлик кылган аймак болгон. Тарыхый өнүгүштөн бечел калган аз сандуу калктын жазмышы ушундай белем, бүтүн кыргыз ээлиги 18-19-кылымда эки империянын амири менен экиге бөлүнүп калган.

Кызыл-Суудагы жооштор Улуу-Чат менен эле чектелбей, улуу манасчы Жусуп Мамайдын кичи мекени Ак-Чий районунда Какшаал, Үч-Турпан жергесинде да азыраак санда бар. Кыргыздын айгашка акыны Жолон Мамытов СССР менен Кытайдын алакасы кайра оңолгондо, 1988-жылы алгачкылардан болуп Кытайга барып, манасчы Жусуп Мамай менен кенен-чонон аңгемелешет. Ошондо улуу манасчы жооштордон чыккан Ыбырайым манасчы тууралуу да кыскача эскерип кеткен. “…Мен агам Балбай жөнүндө айта кетейин. Ал төңкөрүшкө чейин эле, 46 жашында Кашкарга айдалып, түрмөдө жок болду. Балбай билимдүү адам эле. Эл ичинен көп нерселерди жыйнаган, нечен манасчыларды айттырып, жазып алган… Ушул эле биздеги жоош уругунан чыккан Ыбырайым манасчыдан Манас, Семетей, Сейтекти топтогон. Анан да ошол эле Ыбырайымдан ал жети жылда Кененим, Сейти, Сейтиден Асылбача, Бекбача; Бекбачадан Сомбилек, Сомбилектен Чигитай сыяктуу Манастын тукумунун 8 муунун жазып алууга үлгүргөн эле. Балбайдын жазгандарын Үсөнакун деген киши: “Ысакбек суратып жатат” деп алып кетип, ал кол жазмалар ошол бойдон түп дареги менен жок болгон. …Албетте, менин манасчылыгыма бала кезде Балбайдын кол жазмаларын окугандыгым да таасирдүү болду” – дептир анда Жусуп ата. Сыягы, 21-кылымдын суусун ичкен улуу манасчы Жусуп Мамайдын оомат-шыгына түздөн-түз таасир эткен, Манастын 8 муунуна чейин айткан чоң жомокчу Ыбырайым ошол Ак-Чийдеги жооштордун катарынан чыккан го… Албетте, муну атайын изилдөө зарыл.

“Тазкира-и ходжаган”

Деги эле кыргыздар илгертен жалпы Чыгыш Түркстан – Кашкариядагы коомдук-саясий окуяларга активдүү катышып гана тим болбостон, көп учурларда чечүүчү роль ойноп келишкени маалым. Ал эми муңгуш-жооштор Кашкардагы бийлик, таасир талашкан актоолук кожолор менен каратоолук кожолордун таймашында, андан кийинки жунгар баскынчылыгына каршы күрөштө башкы куралдуу күч болгон ошол кыргыздардын бир бөлүгү эле. Айтсак, Мухаммед Садык Кашгари деген тарыхчынын 16-кылымдын ортосунан баштап, 17-кылымдагы айрым учурларды, ошондой эле, 18-кылымдын 60-жылдарына чейинки болгон манилуү сиясий окуяларды баяңдаган “Тазкира-и ходжаган” деген чагатай тилиндеги тарыхый эмгегинде ошол кыргыздардын Кашкариядагы согуштук аракеттери боюнча баалуу маалыматтар берилген. Анда Кубат бий башчылык кылган кушчу уруусу менен катар эле мунгуш, чоңбагыш, кыпчак, найман, сары калпак, тогуз кыпчак, таз кыпчак уруулары түзгөн кыргыздардын бийлик талаш согуштары, кээде Яркенд, Кашкар шаарларын курчап, басып алып, бийлик жүргүзгөн учурлары баяндалат. Жоош уругу, мүмкүн, арасында кодогочундар да болгон муңгуш кыргыздары бул эмгекте “мунгки”, “мунки уруги” деген аталышта берилсе, кээде “отуз огул” деп, жалпы аталат. (Санжырачы Талип Молдо Тойгонбай уулунун маалыматына караганда, 17-18-кылымдарда Муңгуштун дага бир уругу кодогочун эли Кытайдагы азыркы Кызыл-Суу облусунда жашап турган экен. Мындан чыкгы, Чыгаш Түркстанда муңгуштардын саны бир топ арбын болсо керек.)

Муңгуштардын бир согушу тууралуу Мухаммед Садык Кашгари аталган эмгегинде минтип жазат: “Мункуш кыргыз уруусу тууралуу муну угууга болот. Бул кайридин жапайылар яркенддиктерди кууп, талап-тоноп киргенде акыр заман келгендей эле сезилди. Бурхан-ад-диндин кас колу канчалык каршылык кылып, токтотууга аракет кылса да, алар угушпады. “Бу каапырлардын артынан биз биринчи түштүк, ушулардын айынан канча кыйынчылык тарттык, анан олжо башкалардын энчисине тийип, а биз оозубузду ачып, куру кол калабызбы? Биздин тууган Хафиз өз ырында айткандай, “кайсы салт мындай ишке жол берет?” дешип, кыргыздар эч кимди укпай, эч кимге баш ийбей, талоончулукка киришишти”.

Баса, муңгуш-кыргыздардын бул мезгилдеги колбашчылары катары ‘Тазкира-и ходжаганда” Яхья-ходжа (Жакыякожо) менен Мумин-ходжа (Момункожо) деген адамдардын ысмы аталат. Дегинкиси, бул тарыхый эмгекте кыргыздар көбүнесе терс жагынан, мисалы, жапайы, баскынчы, диникайрыраак мүнөздө сыпатталган жагы дагы бар. “Тазкира-и ходжаган” түнкүлүгү Мухаммед пайгамбардын тукумдары эсептелген кожолорду бир беткей мактап-жактап, алардын аракеттерин даңазалоого багытталган эмгек. Ал эми кыргыздардын кызыкчылыгы, мүдөөсү ар качан эле кожолордун көздөгөнү менен дал келе бербегендиги өзүнөн-өзү түшүнүктүү эмеспи.

Уулу кыргыз каганатынын изи

Жакынкы жылдарда эле Кытайда чыккан санжыра китепте Аали деген санжырачынын айтымы боюнча “Жоош уруусу 1596-жылы Энесайдан ооп келгени белгилүү” делип, ушул эле маалыматты Муса Асан уулу деген санжырачы да бекемдеп жүргөндүгү айтылат. Арийне, бул маалымат кандай тарыхый булак, маалыматтар менен тастыкталып, бекемделет, – бул өңүттө эч нерсе жазылбаптыр. “Шамал болбосо..” дегендей, неткен менен мындай кабар жөн жерден эле чыга калып жаткан жок. 9-10-кылымдардагы Улуу Кыргыз каганаты азыркы Россия Федерециясынын Тува, Хакас, Алтай ж.б. улуттук аймактарын өз кучагана алган Түштүк Сибирде түптөлгөн эмеспи. Мисалы, учурдага тува элинин негизин өз курамындагы куулар, кыргыз жана моңгуш же муңгуш аталган уруулар түзөөрүн белгилеген тарыхчы-этнограф Имел Молдобаев 1980-жылдары: “Кыргыз муңгуштары дал ошол моңгуштардан келип чыккан болушу мүмкүн. Карылардын айткандарына караганда, алар азыркы Кыргызсгандын аймагына мындан 300жыл чамасында мурда көчүп келишкен”, – деп жазган.

Кыргыз тарыхынын оболку доорун тыкыр иликтеген тарыхчы Табылды Акеров да: “Тувалык кыргыздар, куулар жана монгуштар 9-10 кылымда Улуу Кыргыз каганатынын бир тайпасын түзгөн” деп бүтүм чыгарган. А тувалык иликтөөчү Субудай Сундуй: “Хыргыс, Ажы, Монгуш, Ховалыг, Сарыглар, Күжүгет, ж.б. тува уруулары 100% кыргыздар.Тува -кыргыздар уйгурларга каршы, а алар көк түрктөргө, а булар аздарга, чиктерге, анан алары баарына каршы согушкан жер. Мындай башаламан кырчылдашкан согуштар Монголияда да, Алтайда да болгон эмес. Ошондуктан, эски коргон, балбал, жазуу эстеликтеринин басымдуу көпчүлүгү Тувада” – дейт.

Деги эле бүгүнкү атпай кыргыз улуту мындан миң жылдар мурда Улуу Кыргыз мамлекетин түптөгөн калктын түздөн-түз урпактары экендигинде шек жок. Анын ичинде муңгуш уруусунун, жоош уругунун да. Бирок кыргыздар Сибир-Алтай аймагынан кайсы убакта, кандай кырдаалда Түркстанга көчүп келишкен? Кыргыз тарыхындагы бул маселенин табышмагы алиге чейин толук ачыла элек. Демек, жооштор Энесайдан мында 422 жыл мурда көчүп келген деген маалыматын да кандайдыр илинчеги болуу керек…

Эми…

Санжыра боюнча жоош уруусу Абыке, Бука, Камай, Койгелди, Кудаяр, Мама, Ыман делип, өз ара жетиге тарамдалат. Жоош уругунун азыркы урпактары негизинен ушул жети атадан тарайт экен. Берилегенйастан, Жакшылык, Жаныбек, Серке, Чобо. Ал эми Камайдан – Кожожар, Ороз, Балбык, Чайиш деген төрт уул.  Маманын болсо, Тарса, Темиржан, Кулчумур, Көкжаман, Түлкү, Түкөбай, Бакшы деген жети уулу болгон экен. Ымандан Тотой, Төлөмүш, Кубат – үч уул. Азырынча, Бука, Койгелди, Кудаярдын урпактары боюнча маалымат колубузга тие элек. Анан өйдөдө айтылган тарамдалууда деле так эместик, калпыстыктар болушу толук мүмкүн. Жоош уруусунун санжырасын тактап иретке салуу үчүн убакыт коротуп, кол жоорутуп, бут та-лытып дегендей, кенен-чонон иликтөө иши талап кылынат.

Болот Абдыраев

Булак: «Фабула»

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *