Жумадилде уулу Мурадил “Кыргызалтын” ААКнун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Жумадилде уулу Мурадил “Кыргызалтын” ААКнун  башкармалыгынын төрагасынын экономика, каржы жана инвестиция боюнча орун басары болуп шайланды.

Кыргыз фондулук биржасы маалымдагандай, бул чечим 2018-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы  боюнча мамлекеттик комитетинин чечиминин негизинде жана “Кыргызалтын” директорлор кеңешинин 2018-жылдагы 14-ноябрдагы протоколуна  ылайык дайындалды.

Буга чейин Жумадилде уулу Мурадил “Кыргызтелеком” ААКда вице-президент, ага чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *