Жумгал районунун Өрнөк, Сары Булуң, Дүңгүрөмө айылдарынын жашоочуларынан жана “Кара Жээк Чаек” Фондунан Президентке Кайрылуу

Биз Сиздердин көңүлүңүздөрдү Жумгалда орун алган чоң көйгөйлүү жана кооптуу маселеге бурмакчыбыз. Чынын айтканда бул маселе Жумгал району үчүн гана эмес жалпы эле Көкөмерен-Нарын дайрасынын жээгиндеги жайгашкан стратегиялык ири обьектилер (ГЭС, автожолдор) үчүн да чоң проблема жарата турган маселелерден.

Айталы дегенибиз бүгүнкү күндө тосмосун жарып кете турган ахыбалга келип калган айтылуу Ак-Көл көлү жан кейитээрлик абалда турат. Эгерде кыскача маалымат бере кетсек Жумгалдын Кабак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Ак-Көл көлү Молдо-Тоо тоосунун батыш капталы урап түшкөндөн келип чыккан. Көлдүн тереңдиги 80 метрге жетип, тосмонун узундугу 100 метрди түзөт, туурасы 2 (!) метрге жетип жетпейт!!! 2.8 миллион куб суу баткан бул көл эгерде тосмону жырып кетсе орду толгус чоң кесепеттерди жаратып, адам өмүрлөрүнө да зыян алып келиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө республика үчүн маанилүү курулушка айланган стратегиялык Бишкек-Ош альтернативалуу автожолунан 10 километр гана алыстыкта турган Ак-Көл өтө кооптуу абалга келип такалды. Көлдүн суусун сордуруп салганга райондук экологдор каршы болуп жатышкан имиш, экологияга зыян келтирет дешип… А эгерде араң турган көл 1 метрге жетип-жетпеген тосмону жарып өтүп өрөөндү карай каптап кете турган болсо, мына ошондо экологияга келген зыянды эсептеп көрүшсүн. Жүздөгөн гектар айыл-чарба өсүмдүктөрү, жүздөгөн гектар токой тилкелери, ж.б. А Бишкек-Ош жолунда кетип баратышкан ондогон автоунаалардагы жүргүнчүлөр зыянга учураса эмне болот?

Өткөн кылымдын баш жагында чон аталарыбыз бала кездерде Ак-Көлдөн берирээк жайгашкан андан беш эсе кичине Камыш-Көл көлү тосмосун жарып кеткен деп айтышат. Натыйжада Сары-Булун өрөөнүндөгү шиберди бир метрден жогору кум-шагыл менен каптап, Көкө-Мерен дарыясын тосуп калып, суунун көлөмү аркы жээктеги тоолордун бооруна чейин көтөрүлүп, кайра суу тартылганда тоо боорунда сансыз балыктар калкып калган экен. Аз убакыт өтпөй башынан сасыган балыктар айлана тегеректи ушунчалык жагымсыз жытка бөлөп, дээрлик чейрек кылымдан ашуун абада калкып турду деген кептер бар. Сары-Булундагы ошол кокту азыр “Сасык” деп аталат. Эми андан беш эсе суусу көп Ак-Көл көлү тосмосун жырып кетчү болсо, келтире турган экологиялык зыянын элестетип көргүлө (Жумгал өрөөнүн бүт экологиялык катастрофага алып келип такайт!)!

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү бул маселени көтөрүп чыгып, коомчулукту кабардар кылып койгондон башка аны чечкенге алсыз болуп жатат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык бөлүмү Ak-Kөл проблемасын областтын деңгээлиннен ашырып көрсөткүлөрү келбейт окшойт, болбосо мындай кооптуу маселе ( биринчи орунда чечилиш керек эле. Тапкан шылтоолору акча жок! А элден чогулуп жаткан салыктан түшкөн каражаттар кайда кетип жатат? Сырттан келип жаткан материалдык жардамдарчы? Атына заты төп келбеген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн иш-аракетине биз нааразыбыз. Эми, Кудай анын жүзүн ары кылсын, эгерде 2.8 миллион куб суу баткан Ак-Көл көлү 2 метрге жетип жетпеген тосмону жырып кетчү (!) болсо алып келе турган кесепеттерди санайлы:

-Бишкек ТЭЦин тынымсыз көмүр менен камсыз кылган “Дүңгүрөмө” көмүр тилкесин шыпырып кетет;

-Сары-Булуңда жайгашкан 30га чукул турак-жай жашоочулары менен сел алдында калат;

-Жүздөгөн гектар аянттагы токой тилкесин жарактан чыгарат;

-Жаңы салынып жаткан стратегиялык маанидеги Бишкек-Ош альтернативалуу жолунун оңдогон километр аймагын түп орду менен тазалап кетет (миллирддаган доллардык каражат жумшалып  салынып жаткан жолдун 1 километрине эле 1 миллион доллар жумшалаарын эске алганда бул мамлекет үчүн оңбогондой чоң зыян болот!!!)

-Көкө-Мерен дарыясын бөгөп калып, суунун агымынан жогору жактагы Арал айылына чейинки аймакка чоң зыян алып келет;

-Кабак айыл өкмөтүнө караштуу бир канча айылдарды зыянга учуратат;

-Көкө-Мерен, Нарын дарыясынын жээгиндеги бир топ ГЭСтердин ишин үзгүлтүккө учуратып, Токтогул ГЭСинин ишин да бүлүндүрөт;

-Экологияга келтирген зыяны орду толгус болуп, аны ондогон жылдар бою калыбына келтирүү материалдык ири чыгымдар менен коштолот;

Кудай-таалам ылайым эле ушул кырсыкты болтурбаганга аракет кылсын, ниетибизди түз кармап туралы….

Урматтуу эл башчылары!

Учурдагы жаан-чачындын арбын болушу, түшкөң кардын, мөңгүлөрдүн ээрип жатканын эске алганда көлдүн толкуп кетиши быйыл өзгөчө кооптондуруп турат. Райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көлдү кантип коопсуз ахыбалга келтирип, сактап калуу боюнча долбоорлору бар деп ишенебиз. Мамлекеттен айлыкты бекер алып жатышкан жок да. Деги эле бул маселеге тез арада чара көрүлбөсө ондогон жылдар бою анын кесепети менен алышып калышыбыз мүмкүн. Эгерде кошумча тосмо курууга мамлекеттен каражаттар чечилсе аймактагы айылдардын тургундары кол кабыш кылганга даяр! “Кара-Жээк Чаек” фондусу да мындай маселеде четте карап турбай колдон келишинче жардам бергенге даярбыз!

Ак-Көл маселеси майда көрүнгөнү менен мамлекеттик масштабдагы чоон көйгөйдү жаратып коюшу мүмкүн. Оорунун кесепети менен алышпай, анын алдын алган дурус го!?

Сиздерден шашылыш жардам болот деген үмүт менен Жумгал районунун жашоочулары

Булак: Ачык Саясат

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *