Жумурткадан кыр издегенди качан токтотобуз?..

Биометрикалык жаңы паспортторду даярдоо боюнча тендерди мамлекеттик каттоо кызматы былтыркы жылы күзүндө эле жарыялаган. Конкурска баардыгы беш компания катышкан. Анын жыйынтыгында литвалык «Саrsu Раsaulis» компаниясы утуп чыккан, себеби, баалары, сапаты оптималдуу, эффективдүү, мурда тажрыйбасы бар. Бул компания эл аралык рынокто да өзүнүн жакшы иштей алаары менен таанылган, ошол себептүү Азербайжан, Молдова булардан башка дагы ондогон өлкөлөрдүн паспортторун жасап келген.

Бизде буга чейин боло жүргөн чыр-чатактар бул компанияны да чырмады, көрсө, утулуп калган фирмалар чыр салып, тендердин жыйынтыгы боюнча арызданып чыгышты. Мындай арыздарды караган көз карандысыз комиссия тендер процедурасынан эч кандай кынтык тапкан жок. Ал эми утулган фирмалардын айтканына караганда, «Саrsu» 250 млн. сомго кымбат турат имиш. Бирок, бул сумма алдын ала төлөмдүн негизинде эсептелгени боюнча эч ким ооз ачпай жатат. Же эмне, баарын дароо төлөй салганга Кыргызстандын ушунча акчасы барбы? Мындан башка да толуп жаткан жагдайлар арбын. Канткен күндө да кеп картошка тууралуу эмес, паспорт тууралуу болуп жатпайбы. Эгер тендердин баардык процедуралары сакталса, демек, жобо боюнча ошондой да. Тендерде каралган бюджет бир топ эле сарамжал болуп жатса, андан бетер жакшы эмеспи. Тендер жыйынтыгы боюнча сотко арыздануунун ордуна, ондогон үйлөрдү тинтип, банк кутучаларын, эсептерди ачып, документтерди жана компьютерлерди алып кетүү сыяктуу катуу кысымдар күч алды. Бул тизмеде мамкаттоонун жетекчиси Алина Шаикова эле эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрү, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев бир тууган ага-инилери, керек болсо алыскы туугандары да бар экени таңгалдырат. Укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, Бегаим Усенова жана башка көптөгөн коомдук ишмерлер мындай тебелеп-тепсеген окуя боюнча дароо эле мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алар «эгер сиз Шаикова менен Догоевге ишенбесеңиз, анда кимге ишенесиз? Сиз өлкөнү кантип көтөрүүнү ойлоп жатасыз?» деп кабыргасынан суроолорду коюшту. УКМКнын «мокок балта» менен таш кескендей иштегени, президенттин саясатынын бетине көө жаап, жарандык коомдун иштешүү аракетин жокко чыгарабы? Айрыкча УКМКнын «Клооп» журналисти, коомдук комиссиянын мүчөсү Анна Клопушенконун үйүн тинтүүгө барганын кандай сөз менен атайбыз? Билбей турабыз. Анын үйүнүн кыйсыпырын чыгарганы аз келгенсип, өзүн 12 саат суракта, бетме-бет кездештирүүдө кармашкан. «Эгер күч түзүмүнүн кызматкерлери тендерди кантип өткөрүүнү, мамлекетти башкарууну жакшы билишсе, анда баардык министрликтерди, мекемелерди жаап, иштин баарын ушу УКМК майорлоруна эле тапшырып койбойлубу? Алар ушунчалык акылдуулугунан баардыгы тең «Лексус 570» тээп жүрүшөбү?» деп өзүнүн твиттеринде чоң чыр-чатактарды изилдеп келген белгилүү иликтөөчү Эдил Байсалов кыйгыл кебин жазды. Ушундай иликтөөгө ал дагы нааразы болуп жатса, демек, бул коррупция менен чыныгы күрөш эмес, а жөн эле «күрөшүп жаткандай түр көрсөтүү» болуп жүрбөсүн?..

Ушул сан даярдалып жаткан маалда социалдык тармактарда (сайт bespredel.kg) жогоркудай «маскарапоз-шоу» УКМКнын алдындагы АКСтын мурдагы кызматкери Данияр Закировдун буйругу менен аткарылып жаткандыгы тууралуу маалыматтын чыкканы кандай? Закиров азыркы учурда утулуп калган IDEMIA француз фирмасында иштээри, ал тендердин ишке ашпай калуусуна түздөн-түз кызыкдар экени маалымдалды, не дейбиз? Закиров эски тааныштарын колдонуп, «Саrsu» мамкаттоонун жетекчилиги менен жең ичинен тил табышып алды» деп күнөөлөп жаткан имиш, а чындьпында ал өзү атайын кызматтар менен тил табышып алганы ыраспы?

Эмнеси болсо да, азыр кыргыздардын көйгөйү башынан ашып турат, эми кайрадан паспорт кризиси болгондон Кудай сактасын. Мындайда өкмөттүн чечкиндүүлүгүн, жасап жаткан ишине карата ишенимдүү болуусун, кабыл алган чечимдеринен, жетекчилеринен да шек санабасын (!) деп тилебесе болбой калды. Эгер биз ар бир нерседен, кыймылдаган адамдан шектене берсек, эч качан алдыга жыла албайбыз.

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *