Жунусов кызматтан бошоп, Коеналиев элчи болобу?

Жакынкы арада сырттагы элчиликтерибизде кадрдык өзгөрүү болгону калган окшойт. Ушул тапта тар чөйрөдө бир катар элчилерибиз жаңыларына алмаштырылаары айтылууда. Мисалы, Түркиядагы өкүлүбүз Ибрагим Жунусов кызматынан бошоору тууралуу кеп тарады. Ошондой эле президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коеналиевдин Германияга элчи болуп кетери каңкууланды. Эмнеси болсо дагы Кыргызстанды чет элдиктерге позитивдүү жагынан таанытып, эл аралык мамилелерде тажрыйбалуу адистерибизге ишеним артылса экен. Антпесе, акыркы жылдары чет-жакадагы кыргыз жарандарынын өз элчиликтеринен канааттандыраарлык жардам алалбай жүргөнүн угуп-билип эле жүрөбүз.

Булак: Де-Факто 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *