Журналист Элнура Кулуевадан калыс кеп: Деги эмне жагат бизге өзү ?

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы төрагасы Жаныбек Абиров өзүнүн айлык акысын кайрымдуулукка жумшап жатканы айрым бир жарандарга жакпай коомчулуктун сынына кабылды. Ал эми журналист Элнура Кулуева буга байланыштуу өз пикирин Facebook социалдык тармагындагы өз баракчасы аркылуу төмөнкүдөй билдирди.

“Шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жаңы фигура. Кечээ жакында өзүнүн эмгек маянасынан баш тартып, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө берип жүргөнү боюнча маалымат тарады. Бул нерсе деле коомго үлгү боло турган аракет да. Эмнеге кайрымдуу болууга умутулуп жаткан жөрөлгөлөрдү шыйракка чаба беребиз? Туугандар, кимдир бирөөнүн 500 сомду сарыга күтүп жатканын эске ала жүрөлү. тагдырдын күңгөй-тескейлүү жагдайларында баары тең эмес. Карылар үйүндө өкмөттүн дарыга бөлүнгөн 15 сомун зарыга күткөн карыларын көрдүм. Колдон келсе кыргыздын жигиттери айыл баксын, журт баксын, алсыздарга кайрымдуу болсун, бирөөгө жакшылык кылсын. Азыр ооруган атасына, апасына кайрымы жок мерездер бар. Коомду биз ушундай кадамдар менен мээримдүүлүккө үндөйбүз. Жүрөк деген органды да саясатка салып туздабай аны жакшы иштер,жакшы сөздөр менен кан жүгүртүп туралы. Жаныбек мырзага мен ыраазычылык гана билдирем!

Элнура Кулуева.

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *