Журналист Нарын Айып тууралу замандаштары кандай пикирде?

Акыркы күндөрү “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Жуматаеванын айланасында болуп жаткан ызы-чуудан улам мурун “Азаттыкттын” жетекчилигинде иштеп кеткен журналист  Нарын Айып өзүнүн принципиалдуу сын көз карашын ачык, бетке айтып келет. Нарын Айыптын мындай позициясы жага бербеген айрым Жуматаеванын жактоочулары анын жеке керт башына асылып, айрым наадандар алтургай кемсинтүүгө да аракет кылып жатышат. Өзүнүн денгээлинде ой жүгүртүп сындагандар Нарын Айыпты “акчага сатылды, бирөөнүн буйрутмасын аткарып жатат” деп да асылышууда. Бирок, Нарын Айып менен бирге иштешип калгандар, аны жакшы билгендер ал тууралу социалдык тармактарда жылуу пикирлерди калтырып, анын оппоненттери менен талашып-тартышууда. Биз ошондой пикирлердин айрымдарын жыйнап сиздерге сунуштайбыз:

Болот Шамшиев, дүйнөгө белгилүү кинорежиссер: Эгер Кыргызстанда өз позициясын шартка жараша кубултуп өзгөртө бербеген, түздүгү үчүн бирөө-жарымды сыйлаш керек болуп калсаал Нарын Айып болуп саналат. Ал балким саясый мотивдер боюнча кимдир-бирөөлөргө жакпай калышы мүмкүн, бирок аны эки жүздүүлүккө жана саткындыкка айыптоо чындыкка дал келбейт жана жеңил ойлуулук. Эгер бизде Нарын Айыпка окшогондор көбүрөөк болгондо биз моралдык мамилелер жагынан такыр башка өлкөдө жашамакпыз.

Шейшекан Жаналиева, “Азаттыктын” мурдагы журналисти: “Азаттыкта” мен да иштегем, бирок абийиримди, ар-намысымды саткан эмесмин. Кимдир бирөөсүнө жакпай, ордумду Рита Борбукеевага тарттырып жибергем. Аны кийин Рита өзү мага айтып, таң калтырган. Жердешчилик эл аралык коомдук уюмдарда, СМИлерде да бар. Уруу-урууга бөлүнүп-жарылуу океандын ары жагында да калбайт. Бул биздин түркөй адатыбыз, түшүнүгүбүз. Негрге, индуска, англичанга тийген кыздарыбыз да түпкү ата-тегин териштирип, өз уруусуна чалма ыргытат.

Баян Жумагулова,  “Азаттыктын” мурдагы журналисти: Шейшекан Жаналиева, “Азаттыкта” Нарынбек Идинов деректирдин орун басары болуп турганда мындайга орун берилмек тургай, буга жакын ойго да орун берилчү эмес. Идинов ишти так, өз убагында аткарылышын гана талап кылчу. Ага Чаектенсиңби, Көлдөн, Оштон же Атбашындансыңбы баары бир болчу.

Шейшекан Жаналиева, “Азаттыктын” мурдагы журналисти: Ооба, аны мен дагы билем. Ошон үчүн Нарын Айыпты сыйлайм.

Карамат Токтобаева, “Азаттыктын” мурдагы журналисти: Олжобай досум, Нарын Айып боюнча жазганың сеники деле божомол-дөдөмөл менен бир кишиге чабуул жазыпсың болгону. Албетте, колуңдан калемиңди эч ким тартып албайт, оңду-солду божомолдоп урдура бер. Бирок “Азаттык” ичиндеги болгон фактыны жокко чыгаралбайсың. Анткени сен билбейсиң да. Нарын Айып ал жердеги мыйзамын, кайсы жерде ката кеткенин толук билет. Мен деле аралашып калдым. Билбей туруп эле ушундай божомолдогонуң бери дегенде өзүңдүн адилеттигиңе анан сайтыңын окумалдуулугуна көлөкө түшүрөт. “Азаттык” сүймөнчүк, элдин ишенген радиосу. Жетекчиликке көлөкө түшүп атат. Демек алмашыш керек. Эч ким “түшпөс хан” боло албайт. Американын президенти деле ашып кетсе 7 жыл отурат. Биздей кыргыздарга 9 жыл жетекчилик оголе көп. Жетекчилик алмашыш керек. Радио элдик бойдон калыш керек…

Нарын Айыптан өч алуу максатын байкабадым. Нарын Айып “Азаттыкка” көп жыл эмгеги сиңген. Ал жетекчилик кылган жылдары радионун аброю көтөрүлгөн. Ички тартипти бир топ бийик жолго коюп, непотизмге жол берген эмес. Мыкты журналисттерди тандай билген жетекчи катары тааныйм. Башкысы принцип бар. Анан мурда кайрылган кайрылбаганын билген эмес экемин. А бирок Америкага ачык кат эми жарыяланып атса, мурда эмгеги сиңген радионун азыркы абалына жаны кейип аткандыр деп түшүндүм…

Эльнура Молдокадырова, КТРКнын мурдагы журналисти: Мен Нарын айып агай менен ал  КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат  редакциясын башкарып турганда иштеп калдым. Мындай түз жана принципиалдуу адам сейрек учурайт. Жумушка кесипкөйлүк менен мамиле кылып, талапты катуу коёт. Бирок өзү менен иштегендерди кесипкөйлүккө үйрөткөндөн да тажабайт. Кимдин каяктан экенин эч качан сурабайт, кылган ишиңди гана сурайт жана ошого жараша баа берет. Өзү тандаган принцибин бекем карманат.

Эсиңиздерге сала кетсек, Нарын Айып 1995-2000-жылдары Прагада “Азаттыкта” директордун орун басары, андан соң 2000-2002-жылдары баш редактору болуп иштеген. Ал жылдарда 3 кызматка (Казак, Кыргыз жана Өзбек кызматтарына) бир америкалык директор, ар бир кызматта болсо орун басар, кийин баш редактор болгон. Америкалык директор уюштуруу маселелери менен жалпы маселелерди гана карачу. Ал эми директордун орун басары калган бардык маселелерди көзөмөлдөгөн.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *