Журналистиканын дыйканы – Кубат Чекировдун портретине камылга

Өмүрдүн элүүнчү ашуусуна келген “Кутбилим” гезитинин башкы редактору, белгилүү медиаэксперт, публицист Кубат Чекировдун портретине камылга.

Жомок башы

Илгери, илгери СССР деген мамлекетти Леонид Ильич Брежнев деген аксакал башкарып турганда Кыргызстандын Нарын облусунунун Тянь-Шань районуна караштуу Куйбышев деген айылында колхоздун зоотехниги Асангазы 1967-жылдын кыроо баскан кеч күзүндө эркек уулду болуп, атын азан чакыртып Кубат деп коюшат. Тагдырдын буйругу ушул экен Кубат эсине кире электе төрөгөн апасы дүйнөдөн өтүп, чоң ата, чоң энесинин колунда өсүп чоңоет. Абышка, кемпирдин эркеси болгон Кубат жети жашына чейин телевизор, радио, свет дегенди көрбөй тоо башында ойноп жүрүп мектепке да кеч келген. Айыл цивилизациясына көнө албай тоону, чоң атасынын жылуу тонун, энесинин казанга жапкан ысык нанын сагынып, бир топко куса болуп жүрөт…

Дүкөндү тоногонго катышкан

Кубат мектепте камчы салдырбай жакшы окуду, мыктынын мыктысы болуп, облустагы олимпиадаларда айылынын атын чыгарып жүрдү. Балтыр эти ката электе анын чыйрактыгы билинет. Оюнга, кыялга тойбогон өспүрүм кезинде көп окуялардын каарманы болууга жетишкен. Кубат жакшы окуп эле тим болбой, айылдын дүкөнүн тоногон классташтарына “идеологиялык жетекчи” болом, деп аз жерден соттолуп кете жаздаган жайы бар. Эсине кире элек эселектердин “эрдиктерин” айыл дипломатиясы менен жөнгө салынганы аймакта аңыз кеп болгон.

1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө окууга кирген. Ортодо Советтик армияда кызмат кылып жүрүп, аскердик баракчаларга, дубал гезиттерге кабар жазып, командирлерге “писар” болуп журналистик чеберчилигин арттырууга аракет көргөн.  Армиядан келип КМУда окуусун улантат, башкалардан айырмаланган алдыңкы окуусун, журналистикага болгон чыйрактыгын байкаган окутуучулар Кубатты 1989-жылы Москва мамлекеттик университетине журналистика факультетине окуусун улантууга жиберишет.

“Акыйкат” издеп, “Майданга” келип…

Ломоносов атындагы айтылуу Москва университетин да алдыңкылардан болуп бүтүрдү. Кубат жакшы окугандан сыткары москвалык кыргыз жаштарынын «Акыйкат» уюмунун активдүү мүчөсү катары көптөгөн коомдук иштерди аткарган. “Акыйкат” уюму убагында Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын Орусиядагы таяныч күчү болгонун билебиз. Уюмдун аракети менен канчалаган кыргыз атуулдарынын укуктары, кызыкчылыктары корголуп, ал кездеги кыргыз өкмөтүн көп маселелерди чечүүгө көңүл бурдурткан.

Кубат мырза Москвадан окуусун бүтүп, Кыргызстанга кайтып келгенде СССР кыйрап калган эле. Анын эмгек жолу Кыргызстан Демократиялык кыймылынын  негиздеген «Майдан» гезитинде башталган. Ал басылма Кыргызстандагы биринчи эркин гезит катары тарыхты калды.  Бизди өлкө үчүн өтө кыйчалыш оор учурда, айлык маяна алып-албай каржалып турган мезгилге карабай Кубат ал гезитти түптөөгө, калыптандырууга көп эмгек сиңирген, калеми төшөл

25 жыл жетечи болгон эки киши бар

Кубат мырзанын чейрек кылымдык өмүрү “Кутбилим” гезитине арналды. Анын журналисттик жолунун, жетекчилик, уюштуруучулук чеберчилигинин калыптанышы ушул басылма менен тыгыз байланыштуу болду. Ондон ашык билим берүү министрлери алмашты, Кубат баары менен тил табышып иштешти. Биз достор “Кыргызстанда бир жерде үзгүлтүксүз 25 жыл жетекчи болгон эки эле киши бар: бири Турдакун Усубалиев, экинчиси, Кубат Чекиров” деп айтып калабыз. Анын узак мөөнөттө “бийликте отурушунун” сыры – өз ишин мыкты билгендигинде, чоң-кичине интрига оюндарына аралашпагында, калыс жүргөндүгүндө, өз айланасына кесипкөй, айттырбай билер адисттерди, журналисттерди топтой алгандыгында, аларды ынтымактуу жамаат кылып бириктире билгендигинде деп түшүнөм. Ошондон улам Кубат мырза жетектеген “Кутбилим” гезити Кыргызстандагы илим-билим, тарбия-таалимди чагылдырган көзгө басар басылма катары үзгүлтүксүз чыгып келе жатат, десем ашыкча болбос.

Би-Би-Синни бипилдетип…

Кубат туулуп-өскө айылы Миң-Булакка барып калса бир классташы «ия Куке, Би-Би-Синни бипилдетип жүрөсүң» деп бир жагы тамаша, экинчи жагы сыймыктанып да айткан экен. Кубат мырза менен айылдаштары эле эмес, жалпы эл-журт сыймыктансак болот. Ал Би-Би-Си радиосу Кыргызстанда ачылган биринчи күндөн баштап иштеди, анын алгачкы кышын коюшкандардын бири, далай түйшүгүн тартып, кадырлуу маалым кызматынын беделин көтөрүп келатат. “Би-Би-Си”, “Азаттык” радиолору аркылуу кыргыз журналистеринин бир мууну тарбияланды, журналистика тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүгө барандуу таасир тийгизди. Ошол тарбияга, ошол таасирге Кубаттын салымы, орду опол-тоодой болду.

Дыйкан-журналист, педогог-тренер

Кубат мырзандан “канча өлкөгө баргансың” дегенден көрө, “канча өлкөгө бара элексиң” деп суроого жооптуу оңой аласың. Ал башка мамлекетке жөн эле саякатка эмес, окуганы, үйрөнгөнү, жан дүйнөсүн байытканы, көргөнүн, билгенин Кыргызстанга алып келгени барат. Анын паспортунда Москва, Лондон, Пекин. Хелсинки, Прага, Киев, Каир, Урумчи, Пешавар –Пакистан, Хельсинки, Стамбул, Лондон, Прага ж.б.шаарлардын штамптарын санап бүтө албайсын.

Кубат сырт өлкөгө чыкса мээсине, куржуна баарын артынып Ала-Тоосуна алып келет дедим. Ал “Би-Би-Си” жана “Азаттык” сыяктуу эл аралык маалымат каражаттарында, башка өлкөлөрдө жыйнаган бай тажрыйбасын кыргыз журналистикасында таратып,  демократиялык коомдогу медианын баалуулуктары, маданиятын калыптандырууну үйрөткөндөн тажабай, чарчабай келатат. Кыргызстанда кыргыз тилдүү журналисттерге, аудиторияга медиа маселелери боюнча изилдөөлөрдү, окууларды, семинарларды өтө ала турган саналуу устат-педогогдордун бири – биздин Кубат досубуз. «Сорос-Кыргызстан» фонду, ПРООН, ОБСЕ, ЕС, GIZ, ЮНИСЕФ, «Хельветас», «МедиаКонсалт»  ж.б. уюмдары менен тыгыз кызматташат. Кайда болбосун мына ошондой талбаган эмгеги үчүн Кубат мырза бир нече эл аралык уюмдардын, жергиликтүү мамлекеттик органдардын баалуу сыйлыктарына, наамдарына ээ болгонун да сыймыктануу менен айткым келет.

…Азырынча болду, токтото турайын. Кубат Чекиров жөнүндө чоң портретке тартыла турган штрихтер  дагы алдыда…

Бакыт Орунбеков, журналист

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *