Журналисттерди доого жыгып берип жаткан сот Гүлчехра Оморованы президент Жээнбеков кызматынан алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Г.Ч.Оморова  жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Г.Ч. Оморовага карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 2-бөлүгүнө жана 28-беренесинин негизинде  Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Оморова Гулчехра Чыракбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Гүлчехра Оморова “Заноза” сайтынын журналисти Нарын Айыпты, жарандык активист Мавлян Аскарбековду жана башкаларды мурунку бийликтин буйрутмасы менен доого жыгып берген деп коомчулук тарабынан айыпталып келет. Жакында эле жарандык коомдун өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, мыйзамсыз иштеген бир нече сотторду кызматынан алууну талап кылышкан. Алардын ичинде Гүлчехра Оморова да бар болучу.

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *