Журналисттерге семинар-тренинг өткөрүлдү

Буга чейин маалым болгондой, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия журналисттердин сабаттуулугун арттыруу максатында бүгүн 19-декабрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары – сабаттуулуктун үлгүсү” аттуу семинар-тренинг өткөрдү. Бул туурасында мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.

Окуу иши К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын Ч.Айтматов атындагы залында уюштурулуп, ага теле, радио, гезит, маалымат сайттары, маалымат агенттиги ж.б. өкүлдөрү катышты.

Семинар-тренингди ачуу үчүн сөз сүйлөгөн төрага Н.Ишекеев журналисттер коомго күзгү экендигин белгилеп, сабаттуу болууга чакырды.

Семинар-тренингдин жүрүшүндө ЖМКдагы стилистика, котормо-терминология, журналисттик этика, кыргыз тилинин жазуу эрежелери ж.б. темаларда тренерлер окутуу ишин жүргүзүп, катышуучулар кызыккан, түйшөлткөн, талаш жараткан суролорун берип, жооп алышты

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *