Жусуп Шариповдун кудасы Аргынбек Малабаев “Улуу Журтту” токунуп чыкты

Чыр-чатактуу экс-министр Аргынбек Малабаев «Улуу Журт» аттуу партия ачып, презентациясын өткөрүп, парламенттик шайлоого эртелей аттанды. «Чабал өрдөк мурда учат” дечү эле. Азырынча анын катарында элге эмгеги сиңген аттуу-баштуулар деле көрүнбөйт. Болгону чоң саясатка кадам таштаганы, бирок “Улуу Журтту” улуп-уңшута жар салып, катуу кеткени деле байкалган жок. Президенттин агасы Жусуп Шарипов менен Аргынбек Малабаевдин куда экенин эсепке алсак, анда кошоматчылардын армиясы «Улуу Журтка» оойбу? Көрө жаталы, куйтуңдап атып куда-сөөгүн уят кылып койбосо эле болду…

Сакен Бөрүбаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *