Жусупжан Жээнбеков, коомдук ишмер: “Айыл субботник өткөзүп арык тазаласа эле өнүгүп кетпейт”

Президент Сооронбай Жээнбековдун ажо катары расмий иштеп баштаганына 110 күн болду. Өлкө башчы коррупцияга каршы катуу күрөш башталаарын жар салды. Коррупцияга каршы күрөшүүдө кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн? Президент бул айтканын иш жүзүнө ашыра алат деп ишенесизби?

– Биринчиден шайлап алгандан кийин күрөшөмүн, талкалаймын деген сөздөрү жасалма, шайлоо маалындагы президенттик программасынын бирөөсүн аткардыбы? Жаңы жылдыз ачкандай болуп көрүнгүсү келип олтурат. Тилекке каршы, элибизди ишендирип президент болду. Ошол күндөн баштап жаңы барактын бетин ачып б.а. кичине болсо да жаңы идея көтөрсө болмок. Аймактарды экономикалык жана башка жактан өнүктүрөбүз деди. Макул, бирок программа жок, аныкталган эмес. Ар бир айыл өкмөтү, аким, өкмөттүн өкүлү субботник өткөзүп арык тазаласа эле өнүгүп кетпейт!

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *