КСДПнын саясый кеңеши Ренат Самудинов, Сагынбек Абдрахмановду партиядан чыгарды, Жылдыз Мусабекова сотто ак экенин далилдейм дейт

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши 9-августта жыйынга чогулуп, бир катар маселелер боюнча чечим кабыл алганын партиянын маалымат кызматы кабарлады. Саясий кеңеш партия мүчөлөрү Сагынбек Абдрахманов менен Ренат Самудиновду КСДПнын катарынан чыгарган. Буга Абдрахмановдун партиянын чечимине баш ийбей президенттикке талапкер катары чыкканы, Ренат Самудиновдун партиянын ички тартибин бузганы себеп болгону айтылат. КСДПнын жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов болсо, партиянын ишин кескин сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын билдирүүдө. Жыйында депутат Мусабекованын да маселеси каралып, депутат жарыяланган материал боюнча саясий кеңештин мүчөлөрүнө сот аркылуу ак экендигин далилдей тургандыгын айтты.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *