Жылдыз Мусабекова, ЖК депутаты: «Калемгер баатырлары, майрамыңыздар менен!»

Бүгүн, 7-ноябрь – . Маалымат жана басма сөз күнү, журналисттердин кесиптик майрамы.

Кечээги журналист,  бүгүнкү депутат Жылдыз Мусабекова жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

– Урматтуу маалымат айдыңынын майтарылбас, кажыбас калемгер баатырлары, кымбаттуу басмачылар! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен кызуу куттуктайм. Ары кызыктуу, ары түйшүктүү, ары кымбат кызматыңыздарда кубанычыңар көп болсун! Калемиңерди канат, кагазыңарды тарак кылып булуттун үстү менен учуп, аска-зоо арасында салган үйүңөргө ынтымак жылоолоп, ырыс төгүлүп, бакытыңар бөксөрбөсүн. Зор бийиктиктер жан дүйнөңөргө дос болуп, карып, арыбай калемиңерден ынтымак, ырыс, бакыт, ден соолуктун сыясы кургабасын!

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *