Жылкы баласы жөнүндө

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын арты менен кыргыздын байыркы ат оюндары жанданып ат чабыш, кунан чабыш, жорго салыш кызып турган маалы. Жылкы – бул сыңар туяктуу жаныбарлар уруусу. Сымбаттуу, ири мал.

Буту узун, тез жүрүүгө ыңгайлуу. Жүнү коюу, жалы, куйругу узун. Азуулары төрт чарчы жалпак келип, чөп чайноого ыңгайлуу. Жапайы жылкы мурда Европа, Азия жана Африкада кездешип, талаа, чел жана жарым чөлдүү жерлерде үйүрү менен жашаган. Жылкынын 7 түрү, 4 уруучасы кадимки жылкы. (Пржевальский жылкысы, тарпан, бакма жылкы), эшек, кулан, зебра белгилүү. Тарпан тукум курут болгон. Бакма жылкы бардык континентте (Антрактидадан башка) дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бар. Алар күч унаа катары, эт, сүт жана башка алуу үчүн асыралып, ат спортунда пайдаланылат. Жылкыны колго үйрөтүү биздин заманга чейин 4-миң жылдыкта башталган. Жылкынын 200дөн ашык, КМШ өлкөлөрүндө 50 жылкы породасы бар. Алар тиби, сымбаты, чоң-кичинелиги, иштемчилдиги боюнча айырмаланып бир нече топко бөлүнөт: мисалы, оор жүкчүл: Владимир, арденна, брабансон, минги: будённый, Терек, тракенен жана башка. Азыркы жылкы породаларынын ыйык жалынан бийиктиги 50-185 см, салмагы 60-1500 кг. Угуу, көрүү, жыт алуу органдары жакшы өөрчүгөндүктөн жылкыны үйрөтүү жана көнүктүрүү оңой. Жылкы жыныстык жактан кунанында жетилет да, быштысында үйүргө кошулат. Бээ 11 ай көтөрүп, жалкы кулун тууйт. Кулунун 5-6 ай эмизип, күнүгө 11-15 л сүт берет. Жылкы 25-30 жыл жашайт, этинде 18-20% белок, 6-8% май болот.

Жылкы багуу байлардын хоббиси

Көп убакытка чейин аттар эт багытындагы жаныбар катары колдонулуп келинген. Жылкынын эти диеталык өндүрүм катары саналып, анын сүтүнөн кымыз жасалат, кымыздын дарылык касиетин айтпасак дагы баарыбыз билебиз. Жылкынын жалы жана териси дагы абдан баалуу. Адамдар байыркы убактардан бери эле ат күчүн, анын ылдамдыгын жана акылын баалап келген. Төрт аяктуу бул жаныбарлар биздин жашообузду жана тарыхыбызды өзгөрткөн деген ой бар жана бул ой чындыкка жакын. Аттардын жардамы менен адамдар чоң аралыктарды кыска убакыттын ичинде басып өтүшкөн, бул байланыштардын жана сооданын өнүгүшүнө алып келген. Ошондой эле бул эмгекти уюштуруунун революциясына алып келген. Аскер күчтөрүнүн курамындагы кавалериянын болгону же болбогону салгьшашуунун натыйжасын аныктаган. Учурда жылкыларды оор физикалык жумуш үчүн сейрек колдонушат. Негизинен аларды спорттук оюндарга багышат. Жьикы багуу байлардын, колунда бар адамдардын жакшы көргөн хоббилеринин бири болуп саналат.

Жылкы породасы

Жылкы породалары – табигый жана жасалма тандоонун негизинде тукуму жакшыртылган түрү. Азыркы  кезде  жылкынын 200ден ашык породасы белгилүү. Жьикы породаларынын жалпы кабыл алынган бирдиктүү классификациясы жок, жалпысынан үч топко бөлүнөт. Жылкынын эң эски түрү Пржевальский, эң атактуусу араб жылкылары. Европалык тұрлөрдү чыгарууда дал ушул араб жылкылары колдонулган. Ар кандай климаттык шарттар жылкынын тышкы көрүнүшүнүн түзүлүшүнө таасирин тийгизген. Буттары узун жана сыпайлуу, тез чуркоого ылайыкташкан тукумдар бар, ошондой эле дене түзүлүшү кубаттуу болгон, оор жумуштарга туура келүүчү жылкы түрлөрү да бар. Түгү узунураак келген жьикьиар суук аймактарда езун эркин сезишет жана үшүбөйт. Бардык аттар дене түзүлүшү боюнча бирдей, бирок дене мүчөлөрүнүн пропорциялары менен айырмаланып турат.

Ат адамдын канаты

Кыргыздар болсо жылкыларды байыркы замандардан бери эле багып келишкен. Куда түшүү, кыз узатуу, ар кандай майрам-мааракелерде жылкыларды белек катары берип, ал эми жоодо жүргөндө жылкы баласы кыргыздын чыныгы канаты болгон. Жьикы баласы адамды эч качан талаада таштап кеткен эмес, ат үстүнөн жыгылса тебелеп кетпейт.

Жылкы баласын жаш курагына жараша өзүнчө атап келебиз

Жабагы — алты айга чейинки жылкы баласы;

Кулун — бир жашка чыга элек жылкы баласы;

Тай — бир жаш;

Кунан — эки жаш;

Бышты — үч жаш. Тай, кунанды тестиер балдар минсе, жылкы баласы үчкө толгондон кийин чоң кишилер да мине берет.

Асый—төрт жаш. Бешинчи жылдан тарта бир асый, андан ары эки асый, үч асый деп аталат. Эки асый деген «сегиз жаш» дегенди билдирет. Бул жьикы чындап баралына жетип, сатса баа боло турган курагы.

Бээ — ургаачы жылкы;

Кунан байтал — эки жаштагы ургаачы жьикы; Эркеги «кунан» деп эле айтылат;

Бышты байтал — үч жаштагы ургаачы жылкы;

Байтал — эки жаштан кийинки кулундай элек бээ;

Айгыр — тукум улай турган бычылбаган эркеги, кичирээк кезинде «айгырак» деп аталат;

Ат — бычылган жылкы;

Азоо—тоо-түздө ээн өсүп, минип жүрүүгө, арабага кошконго үйрөтүлбөгөн, тапталбатан ат;

Буудан—жылкы баласынын күчтүү, алты ай минсе арыбаган күлүгү;

Жорго — эки оң жак буту менен эки сол жак буттарын тең таштап, чайпала жүгүргөн жүрүшү бар жылкы. Мындан улам эл ичинде «Төрт аягы теп келишкен жорго», «суу төгүлгүс жорго» деген сыпаттоолор айтылып келет;

Аргымак — Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыркы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб, ахалтекин жана англис жьикысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн аргымак деп аташат. Кыргыз эли аргымакты байыртадан «чапса кулук, сатса пул» катары асырап келген.

Дулдул — канча чуркаса да чарчап-чаалыкпаган аргымак. Жаны тынбаган адамдарга карата да айтылат.

Билесизби:

• Жылкы баласы 30 жылга чейин жашайт.

• Күлүктөр саатына 65 чакырым ылдамдыкка чейин чуркай алат.

• Араб күлүктүрү жакшы чуркаганы менен алардын бир өзгөчөлүгү бар, алар аба ырайынын өзгөрүүлөрүнө өтө сезгич келет.

• Биринчи жылкынын түпкү атасы 50 миллион жыл мурда жашаган жана бою 30см болуп, жылкыга эмес, көбүн эсе түлкүгө окшош болгон.

• Жылкынын жалы жана кыл куйругунун түсү түгүнүн түсүнөн адатта айырмаланып турат.

• Жылкылар туруп алып уктай алат.

• Айгырлардын көрүүсү бээлердикине караганда жакшыраак болот, анткени негизинен аларда үйүрдү жырткыч жаныбарлардан жана башка эркек жылкылардан коргоо жоопкерчилиги болгон.

Кыргыз жигитин калпаксыз жана атсыз элестете албайбыз. Жылкы баласына кызыкпаган кыргыз болбосо керек. Ал гана эмес, анча-мынча саяпкерликти ар бир айылда өскөн кыргыз билет. Анткени кыргыз балдары аттын кулагы менен тең ойноп, такымга улак басышкан, жайдак тайга минип жарышып, кулпуртуп кунан жарыштырган, аргымак үстүндө эр эңишке түшүшкөн. Жылкы баласын өстүрүп ат оюндарына катышып турган Жогорку Кеңештин айрым депутат мырзаларын бул багытта кепке тарттык.

Алмазбек Баатырбеков, депутат: Меники көбүнчө улак оюндарына ылайыкталган аттар

Ат кыргыздын жүрөгүндө жана канында жашайт. Кыргыздардын ат менен жаны бир. Жылкы баласы анны кадыр баркы, бир бөлүгү  болгондуктан экөөнү ажыратуу таптакыр мүмкүн эмес. Ар бир кыргыз жигити атка, ат оюндарына кызыгат. Менин да кыргыздын уулу катары өзүмдүн аттарым бар.

Чарбалык жана күлүктөр деп эки топто даярдалган жылкыларым, аттарым бар. Меники көбүнчө улак оюндарына ылайыкталган аттар. Мыкты айгырларым, бээлерим бар. Жьшкы өстүрүүгө жаштайымдан кызыгам. Жаш кездеги кызыгуумду жана ата жолун улантып жатам.

Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты: Кыргыз ат породасы сактап калуу үчүн мамлекеттик мыйзамдар керекпи деп ойлойм

– Жылкынын ниети, тилеги жакшы болот. Бир күндө жетимиш зикир чалса анын бирин гана өзүнө каалап, калганын ээсине тилейт экен. Жьшкы таза, акылдуу жаныбар. Мен кичинемден тай минип чоңойгом. Атам, бир туугандарым менен тайларды мингенге үйрөтүп алчубуз. Мен башында улакка кызыгып жүрүп, өзүм таза кандуу, ата-энесин иликтеп, саяпкердин жардамы менен үч тай алгам. Андан кийин үч тайды тең улакка салдым. Андан кийин тандалган жети бээ алдым. Айгырды да таза кандуу кылып тандап алгам. Кашка айгыр эле өтө акылдуу. Үйүрүндө бээ тууса ал кулуну экөө басып кеткиче жанынан карыш жылбай жана башка жылкыларды жанына жолотпой турчу. Адырдан суу ичкени ылдыйлап түшүрүп, кайра айылга киргизбей адырга айдап кетчү. Адам баласы жасабаган тартип менен үйүрүн карачу. Көз тийдиби, туруп эле өлүп калды. Бул айгырга ичим аябай ачышып калган. Азыр эки мыкты, улакка жараган, үйүргө коюлган айгырым бар. Улакка түшүп, ат чаап чер жазганды жакшы керем. Убакыт таап. жылкыларымды барып карал, канчасы ургаачы, канчасы эркек болгонун, кандай кулун түшкөнүн өз көзүм менен кергенде эмнегедир нервим эс алып, анча-мынча кейгейлер мээмден чыгып, эргүүгө түшүп кайтам. Былтыр Түркмөнстанда болдук. Мени көбүрөөк кызыктырганы алардын жылкыны абдан сыйлашкандыгы болду. Жьшкынын этин жешпейт, ар бир шаарында аттын эстелигин орнотуп алышкан. Алар муну менен жылкыга болгон сүйүүсүн, сыйын билдирип турушат экен. Кыздарын сыртка чыгарбагандай эле, таза кандуу аттарын да сыртка чыгарышпайт. Мени бир нерсе катуу өкүндүрөт. Ысырапчьшык менен жылкыларды союп салганыбыз. Таза, мыкты аттарды талдабай союп салганыбызга кейип кетем. Биз тезинен таза кандуу, кыргыздын жылкы породасын сактап калышыбыз керек. Карабай деп аталган териси калың, улакка ылайыкталган кыргыз ат породасы бар. Ал деле аргындашып отуруп жок болуу коркунучунда турат. Буларды ойлонуп отуруп, таза кыргыз породасын сактап калуу үчүн мамлекеттик мыйзамдар дагы керекпи деп ойлойм.

Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаты: Ар жума сайын сарайыма барып, ат минип эс алып кайтам

– Мен эс тарткандан ат үстүндө чоңойдум. “Балапан уядан эмнени керсе учканда ошону алат” дегендей, менин атам жылкычы болчу. Ошол себептен жан дүйнөм улакка жакын, Ула оюну, анын ичинен торпок улак сүйүктүү оюнум. Кыргыз баласы атты сүйөт, ат таптайт, улакка түшөт. Бул эрдик үчүн эле эмес, ден соолук үчүн да ете пайдалуу. Тарбиялык жөрөлгөсү да өтө чоң. Улак тартканда, топтошуп калган жердеги аттан чыккан буу жана ошол буу аркылуу дем алуу адамдын ден соояугу үчүн пайдалуу келет. Илгери аталарыбыз улактартуу учурунда жыгылып калсак, “Аттан жыгылсаң атка кайра мин, айыгасың” – дешчү. Керсе аттын тери, андан чыккан буу дарылайт экен. Мен ар бир жума сайын сарайыма барып ат минип эс алып кайтам. Менин хоббим ат минүү, улак оюндарына түшүү. Менде азыр үч ат бар. Эң жакшы атым Обама. Европадан кулун кезинде келген. Келгенде паспортунда аты Барак экен. Балдарым кара ат экен. Обама деп атайлы деп Обама аталып калган. Обама азыр элге аты менен да таанымал болуп кетти. Обама көк бөрүте ылайыкталган ат. Азыр жашы сегизге чыкты. Буюрса алдыда Обама окшогон көп аттарды таптап чыгабыз.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *