Жылына 700-800 миң жол эрежесин бузуу катталат

Жол эрежесин бузуу 0,8 пайызга өскөн. Бул тууралуу патрулдук милициянын башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов маалымдады. Анын айтымында, орто эсеп менен жылына 700-800 миң жол эрежесин бузуу катталат. Акыркы беш жыл аралыгында айдоочулардын жол эрежесин бузуудан өлкө бюджетине 1 млрд, сом түшкөн.

2016-жылдын беш айында 276,9 миң жол эрежеси бузулган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 5 айында 290,9 миң эреже бузуу катталган, башкача айтканда, 0,8 пайызга өскөн.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *