Жыргалбек Мамасали уулу: “Бир күндө 12 операция жасасак, анын алтоо өттөгү таш илдети менен жабыркагандар”

Туура эмес тамактануу, аз кыймыл аракетте болуу ар кандай ооруларга алып келери маалым. Бирок, буга баарыбыз эле анчейин маани бере бербейбиз. Убакыттын өтүшү менен мындай кайдыгерлик өнөкөт ооруларын илештирет. Өт баштыкчасынын өнөкөт оорулары туурасында Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын хирургиялык бөлүмүнүн жогорку даражадагы врач-хирургу, саламаттык сактоонун мыктысы жана медицина илимдеринин кандидаты Жыргалбек Мамасали уулу кененирээк айтып бермекчи.

– Медицина тармагында канча жылдан бери эмгектенип келе жатасыз?

– Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасында 18 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Биздин бөлүмдө бейтаптар үчүн 40 орундук бар. Шаардагы хирургия профили боюнча жумасына эки жолу «тез жардам» аркылуу да кызмат кылабыз. Бир күндүк күзөттө 60тан 80ге чейинки хирургиялык оорулар менен жабыркаган адамдар кайрылат. Оорунун түрлөрүнө жараша багыттап, биринчи тез жардам кызматын көрсөтөбүз.

– «Бир күндө эле 60тан ашык адам кайрылат» дедиңиз, алардын басымдуу бөлүгү кайсы оору менен жабыркагандар?

– Чындыгында азыр өт баштыкчасынын өнөкөт оорусу менен кайрылгандардын саны арбыды. Мисалы, бир күндө 12 операция жасасак, анын алтоо өттөгү таш илдети менен жабыркагандар. Ошондой эле аялдардын жатын түтүгүндө бойго бүтүп, түтүкчө жарылып, кан көп жоготкон учурлар дагы кездешет. Андан сырткары аппендицит, грыжанын кысылып калышы, ичеги оорулары жана бычак жеген же ок тийген адамдар дагы бизге кайрылышат. Статистикага таянсак, бир жьщда 5000 адам хирургиялык оору менен кайрылса, алардын бир жарым миңи өттөгү таш илдети менен ооругандар.

– Өт организмде кандай милдетти аткарат?

– Өт – сары, күрөң же жашыл түстөгү, даамы ачуу, жыты бар орган. Ал тамак сиңирүү менен байланышкан ар түрдүү кызматтарды аткарат: тамактын карындан ичегилерге өтүүсүн камсыз кылат, тамактын сиңиши үчүн зарыл болгон пепсин затынын иштешин жөндөйт. Өт кислоталары болсо ичке ичегинин иштешин активдештирет, холецистокинин жана секретин гормондорунун иштешин жөнгө салат жана бактериялардын пайда болушунун алдын алат. Ошондой эле белоктордун сиңиши үчүн маанилүү болгон ферменттерди активдештирет. Андан сырткары өт бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Холестерин, билирубин сыяктуу заттарды бөйрөк тазалай албайт, алар организмден өттүн жардамы менен бөлүнүп чыгат. Организмдеги холестериндин 70 пайызы өттүн жардамы менен заң аркылуу бөлүнөт.

– Өттөгү таш эмнеден улам пайда болот, алгачкы белгилери кандай?

– Негизи мурда улгайып калган адамдар өт баштыкчасынын өнөкөт оорусу менен көбүрөөк жабыркашса, азыр жаштар дагы бул оору менен алышып келет. Биринчи эле себеби бул туура эмес тамактануу. Кыргызда той-топур көп болот эмеспи. Көбүнчө майлуу, куурулган, туздуу, ачуу тамакгарды жеп, аз кыймыл аракетте болгон үчүн организмди өзүбүз өнөкөт оорусуна түртүп жатабыз. Чет мамлекеттерди байкасаңыз, алар туура тамактанып, ошол эле учурда спорт менен машыгып же ар дайым көнүгүүлөрдү жасап кыймыл аракетте болушат. Өздөрү үчүн бир күндө бир саат болсо дагы убакыт таап, ден соолук үчүн кам көрүшөт. Өттө таштын бар экендиги билинбей жүрүп, таш чоңойгондо же көбөйгөндө гана алгачкы белгилери билине баштайт. Мында дене табы 38-39 градуска көтөрүлүп, дененин оң жак тарабы чыдатпай ооруйт. Оозго кычкыл даам келе баштайт. Өттөгү майда таштар бара-бара чоң таштарга айланып, боорго терс таасир этет. Кээде өттөн ылдый жайгашкан органдарга – карын астындагы безге, он эки эли ичегиге, башка ичегилерге түшүп кетет. Натыйжада, тамак сиңирүү системасы бузулат. Мына ушул убакга башка органдарга зыян келбеши үчүн өттү алып салат. Өт полипи зьмндуу шишик түрүндө дагы кездешет. Аны хирургиялык жол менен гана дарылашат.

Назима Жумаева

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *