Зилалиевдин иши: Прокурор экс-вице-премьерди 10,5 жылга эркинен ажыратууну суранууда

Бүгүн, 28-сентябрда Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш ишин кароону улантты.

Сот тараптардын жарыш сөзүнө өтүп, мамлекеттик айыптоочу, прокурор Жеңишбек Нуралиев кылмыш ишинин материалдарын окуп берди.

Ага ылайык, Д.Зилалиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча айыпталып жатат.

Мамлекеттик айыптоо Зилалиевге коюлган айып боюнча күнөө толугу менен далилденди жана топтолгон иштин материалдарынын негизинде тастыкталды деп эсептейт.

Прокурор соттон Д.Зилалиевге коюлган айыптар боюнча бардык жагдайларды эске алуу менен күнөөлүү деп табууну, жазасын аныктоону жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункту боюнча мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан 4 жылга ажыратуу, 900 эсептик көрсөткүч айып пул менен 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо менен, камакка алынган мүлктү (банктык эсептер кыймылсыз мүлк) жана бардык мамлекеттик сыйлыктардан ажыратууну суранды.

“Ага чейин 3 жыл соттолгонун эске алып, бардык жазаны толугу менен кошуп, мүлкүн конфискациялоо, 900 эсептик көрсөткүчтөрдүн айып пулу менен 10,5 жылга эркинен ажыратуу жазасын аныктаңыз” – деп соттон суранды прокурор.

Адвокаттар буга чейин Зилалиев бул иш боюнча шарттуу соттолгонун айтышып, 3 жыл кошулганына нааразычылыгын билдиришти.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *