Зомбулуктун курмандыгы болгон Замира: “Менин өз атамдан зордукталганымды эч ким түшүнгүсү да келген жок”

СПИД боюнча аймактар аралык Евразия аялдар уюму гендердик зордук-зомбулукка каршы активдүүлүктүн 16 күндүгүнө карата «Зордук-зомбулукка актануу жок» акциясын башташты. «СПИД менен жашаган адамдардын биримдиги» ассоциациянын волонтеру Салкынай СУЛТАНБЕКОВА зомбулуктун курмандыгы болгон 20 жаштагы Замиранын тагдырын жазып алган. Аны кыргызчаладык. Ал төмөндөгүчө баяндалат.

«Дагы бир күз, дагы бир өмүр күзү аяктап баратат. Мен ушул адамдын жандүйнөсүн чыйрыктырган, сары жалбырактар сапырылып түшкөн, табигат ыйлаган муздак күндөрдө ушундай аянычтуу, ушундай муңдуу өз тагдырымды баяндагым келип турат. Менин башымдан кечирген окуяны уккан адамдар ар кандай баа берүүлөрү мүмкүн. Мени кубандырганы – менин дарегиме айтылган эч бир жаман сөздөрдү өз кулагым менен укпайм дагы, көрбөйм дагы. Анткени мен азыр эркиндиги чектелген аялдар абагында күн кечирип келем.

Эсимде, кээде атам өлөрчө ичип келип, апамды урган күндөр болчу. Адамдардын бирин-бири басынтканы, мазактаганы, бири-бирине көрсөткөн зордук-зомбулугу менен бала кезден эле тааныш болуп бойго
жеттим. Атам ичкенин токготподу. Улам жылдар өткөн сайын өз абийирин, намысын, уятты унута баштады. Апам болсо үлбүрөгөн үмүтү менен атам «арак ичкенин токтотот, жакшы адамга айланат. Бизди жакшы күндөр күтөт» деп күйөөсүн таштап кете албай жашай берди. Кайсы бир каргашалуу күнү атам кызуу болуп келди. Апамды уруп, «арак таап кел» деп дүкөнгө жөнөттү. Мен иштен түнкү сменден чарчап келип өз бөлмөмдө жаткам. Ата-энемдин күнүмдүк урушу адат болуп калгандыктан, өз бөлмөмдөн чыкпай уйку-соонун ортосунда жаткам. Бир убакта атам менин бөлмөмө башбакты. Менин денемди кармалай баштады. Өзүмдү коргоо үчүн качууга ашыктым. Бирок менден алда канча күчтүү атам мени уруп, алсыз акыбалда калганымда зордуктоого дити барды. Менин өз атам, мас болсо да, жинди болсо да өз атам ушул кадамга барганына акыл-эсим айраң болуп, өзүмдү жоготуп турдум. Апам бир бөтөлкө арак көтөрүп келгенде мен өз абийиримден айрылып, күнүм түнгө айланып, керебетте алсыз жаткан элем. Менин боздоп ыйлап жатканымды, айрылган кийимдеримди көргөн байкуш апам атамды көздөй чуркады. Апамдан да, менден да күчтүү атамдан апамды коргоп, атамдын алдында турдум. Мени күч менен түрткөндө полго катуу жыгылып түштүм. Тура калып апамды уруп жаткан атамды ваза менен башка уруп жаттым. Ал кулап түштү. Апам мени кучактап алып, боздоп ыйлап жатты. Экөөбүз кучакташып алып көпкө ыйладык. Байкуш апакем менин кантип жарык дүйнөгө келгенимди, кантип чоңойтушканын, анан аракеч күйөөсү кантип өз наристесине ушул кадамга барганына акыл-эси айраң болуп ыйлап жатты. Апам экөөбүз киши өлтүрүү жазасы менен соттолдук. Апам баардык күнөөнү мойнуна алып 11 жылга, мен 8 жылга кесилдим. Менин өз атамдан зордукталганымды, зордук-зомбулуктун курмандыгы болгонумду эч ким түшүнгүсү да келген жок. Өлгүм келди. Өлө да албадым. Азыр апам үчүн жашагым келет. Апама жакшы күн тартуулагым келет. Бирок… бирок, өз атасына зордукталган зечканы, өз күйөөсүн өлтүргөн аялды ким кандай кабыл алат? Биз абактан чыкканда деле кимге керекпиз? Бир билгеним, менин дүйнөдөгү эң жакын адамым жанымда. Экөөбүз бирге өз жазабызды өтөп жатабыз. Бирок тилекке каршы, эркиндикте атама окшогон акмак адамдар али толтура. Алар канча тагдырды талкалашат? Менин бир гана аялдарга, кыздарга айтаар кеңешим, силер эки күндүн биринде кол көтөргөн кызыл камчы күйөөңөр менен жашап жатсаңар, алардан эртерээк кутулгула. Акыры аягы жакшылык менен бүтпөсүнө көзүм жетти».

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *