Зөөкүр бир туугандар кайрадан таяк жегендердин колуна түштү

Эки жигитти сабап, тепкилеген ага-ини Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков Бишкек СИЗО-1де абакта олтурушкан. Алар чогуу отургандары менен 19-сентябрда мушташып, таяк жеп, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан текшерүүдөн өткөрүлүп, анан N47-абакка (“больничка”) жаткырылган.

Бүгүн, 21-сентябрда, ага-ини олуттуу жаракат албагандыктан, ооруканадан чыгарылып, кайрадан СИЗО-1ге алынып барылганы тууралуу ЖАМК  билдирди.

Ушул эле күнү Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү ага-ини Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековго барып жолукканда алар денесиндеги жараттарды бири керебеттен кулап кетип алдым десе, экинчиси туалетке баратып тайып кетип жыгылдым деп түшүндүргөн. Экөөсү тең бирөөлөр менен мушташканын же сабалганын моюндарына алышкан эмес. Арыз жазуудан баш тартышкан.

Эскерте кетсек, 28-августта Ж.Бапышов менен К.Сейитбеков Бишкек шаарындагы “Жал” кичирайонунда, Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жигитти аеосуз сабап, кийиздей тепкилегени аз келгенсип, аларга келген Тез жардамга да жолтоо болгон видео сентябрда социалдык тармакка тарап, коомчулуктун каргышына калган. Үрөйдү учурган окуя болгон жерге эки мыкаачынын милиция агасы Казыбек Бапышов жетип барып, аларды алып кеткен. Эки зөөкүргө издөө жарыяланган. Коомчулуктун катуу сынынан кийин, ИИМ министри К.Жунушалиев бул окуяны өз көзөмөлүнө алган. Ошондон кийин гана иш жылып, 4-сентябрда милициянын майору К.Бапышов (шектүүлөрдүн бир тууган агасы) кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылган. 6-сентябрда, таң эрте Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү келип, колго түшүп берген. Эртеси, 7-сентябрда алардын бөгөт чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, эки айга камакка алынып, СИЗО-1ге киргизилген. 10-сентябрда алардын милиция агасы Казыбек Бапышов да кармалып, УКМКнын тергөө бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иши жүрүүдө.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *