Menu

Тилек Усупов: “Сумодо салмак эле эмес, күчтүүлүк да талап кылынат”

Сумо Кыргызстанда кеңири таралган эмес. Ошентсе да анын популярдуулугун арттырууга Айбек Чекошов башында турган Сумо ассоциациясынын жигиттери бар күчүн жумшап келишет. Алардын бири Тилек Усупов бизде мейманда болду.

Тилек мырза, бул спорт башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

Сумодо  кимдин биринчи колу, чыканагы же башы, тагыраак айтканда “үчүнчү таяныч чекити” жерге тийсе, ал жеңилет. Катуу соккуга, көтөрүп чабууга тыюу салынат. Бүткүл  денең менен күрөшүп, атаандашыңды килемден түртүп чыгарышың керек. Түртүп чыгаруу үчүн, албетте, күчтүү гана эмес, салмактуу да болушуң керек.

Мисалы, күрөштө спортчулар килемге чыгуу үчүн салмак кууп, ташташат. Ал эми сумодо тескерисинчеби?  

Элде сумоторлор толук адамдар деген стереотип калыптанып калган. Мени деле көрдүңүз, анчалык семиз эмесмин (күлүп). Салмагым 130 кг. Бул спортто ким чо-оң болсо, жеңиш ошонуку деген түшүнүк туура эмес. Ким күчтүүсү жеңет. Салмакты тамакты туш-келди жей берип эмес, чеберчилик менен кошуш керек. Мисалы, биз дайымкы жеген бир тамагыбыздын рецебин айтып берейин: уйдун же тооктун этин алабыз дагы, сууга салып жай отко кайнатабыз. Кайнап аткан сууга пияз, картошка, сабиз, капуста ж.б. салып дагы 12 саат бышырабыз. Бышкан боткону аз-аздан, бат-баттан жейбиз. Негизи сумо менен мурда-кийин күрөш, самбо, дзюдо ж.б. спорттун түрлөрү менен алектенген адам машыкса жеңилирээк. Себеби мында аты аталган спорттун бүт ыкмалары колдонулат. Мисалы, мен эркин күрөш, грек-рим күрөшү менен машыкчумун. Азыр да балдарга эркин күрөш, сумо боюнча тренермин.

Балдар арасында сумого кызыккандар көппү?

Бишкекте төрт-беш машыктыруучу зал бар. Акыркы алган тизме боюнча Бишкекте 200 бала машыгып жатат. Ошто 50, Жалал-Абадда 40, Баткенде 25, Ысык-Көлдө 80, Нарында 30 бала үйрөнүп жатышат. Сумо бизде 1995-жылы жанданганы менен эми-эми “ойгоно” баштады. Буюрса баары алдыда деген ойдомун.

Өзүңүз буга кантип кызыгып калдыңыз?1434347585_img_3174

Күрөштө адам белгилүү бир куракка чейин күрөшөт. Мисалы, күрөш боюнча универсиадаларга 28 жашка чейин чыгасың. Олимпиадага 40 жашка чейин катышсаң болот. Менин 45 жаш курагым күрөш боюнча ири мелдештерге катышканга жол бербейт. Ал эми сумодо салмакка чек коюлбагандай эле куракка да чектөө жок. Ошондуктан мен күрөш боюнча  билгенимди жаштарга тренер катары үйрөтүп, ал эми өзүм сумо боюнча  мелдештерге чыгып келем. Менин атам дагы балбан.

Эмне үчүн  спорттун бул түрүн Японияда өтө баалашат?

Сумо алар үчүн биздин эркин күрөш  сыяктуу. Жана айткандай бизде сумого ышкыбоздор гана алектенсек, Японияда буга өтө олуттуу маани берип, баланы  кичинесинен тартып машыктырышат. Аларда бул спорт улуттук болуп эсептелинет. Биз Японияга 1997-жылы барганыбызда ал жактын жаңыдан сумого баш-оту менен кирип аткан спортчусу 2 миң доллар стипендия алчу. Ал эми чемпиондору 19-20 миң доллар стипендия алчу. Ошол кездеги ченем менен ал абдан чоң акча эле. Андан бери алардын деңгээли, дарамети ого бетер өйдөлөп, ошого жараша алган акчасы да асман чапчыса керек. Япондуктар 2020-жылы Японияда өтө турган Олимпиада оюндарына сумону киргизүүгө аракет кылып жатышат. Негизи кыйын сумоисттер Монголиядан чыгышат, бирок Японияда тарбияланышкан болушат же ошол жакта жашагандар болот. Мисалы, дүйнө жүзүнө белгилүү сумоист Хакухо Се өзү моңгол, бирок япон кызына үйлөнүп, учурда Японияда жашайт.

Сумонун ыкмаларын көчөдө тийишкендерге колдонуп койгон учурлар болобу?

“Солдат баланы таарынтпайт” деген принцип менен жүрөбүз. Көчөдөн тийишкендерге жооп бербегенге аракет кылабыз. Себеби кийин ага да, бизге да жаман болуп каларын билебиз. Ошондуктан бул абалдан өйдө болгубуз келет. “Сенин жооп кайтарбаганың коркоктугуңдун белгиси эмес” деген япондордун макалы бар. Ал эми килем үстүндө жоопту татыктуу берип келебиз.

Айке Аданбекова

Булак: Де-Факто 

 

Алтынбек Максүтов, экс-министр: "Мен бирөөнү тилдемек түгүл, катуу сүйлөбөйм"

–Алтынбек Аскарович, быйылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өткөнү баарыбызга маалым. Ага сиздин да кошкон салымыңыз чоң. Дегеним, аталган иш-чаранын экинчи бөлүгү болгон «Кырчын» жайлоосундагы оюн-зоокту уюштурууга сиз режиссерлук кылбадыңызбы. Мына ошол  «Кырчындагы» даярдык учурунда артисттерге орой мамиле жасап, атүгүл «энеңди урайындар» деп сөккөнүңүздү КРнын эмгек сиңирген артисттери Сайра Мырзалиева менен Гүлмира Ташматова гезитке маек берип айтып чыгышыптыр. Аларды сөгүп жаныңызга эмне күч келди?

–Андай болгон эмес. Мен бирөөнү сөгүп орой мамиле кылмак түгүл, катуу сүйлөбөйм.

–Эми «шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» да. Бир эмес, эки  артист айтып жатканына караганда сөккөнүңүз чын го?..

–Жок, сөккөн эмесмин. Ал эжекелерибиздин эмне себептен антип айтып жатканына таң калып жатам. Артисттерге абдан жакшы шарт түзүп бердик. Баарына бирдей, жапжакшынакай эле мамиле кылганга болгон аракетимди жумшадым. Эми көпчүлүктө ар кандай адамдар кездешет экен да…

Булак: Де-Факто 

 

"Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Куловго туз суроо?: Сиз бизнесиңизди башкаларды коркутуп-үркүтүү жолу менен гүлдөтөсүзбү?

Бир кездеги «темир генерал» саясаттын сасык оюндарына аралашкандан кийин чыныгы жүзү ачылып «желим генерал» атка конгон Феликс Кулов 2010-жылы парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ар-Намыс» партиясы менен өтүп келди. ЖКдагы партиялар өз ара бөлүшкөн министрликтерден Куловдун «Ар-Намысына» Айыл чарба министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы тийген эле. Мына ошол Айыл чарба министрлигинде үч жылдын ичинде беш министр алмашып, ал эми Мамлекеттик каттоо кызматында 7 төрага, 14 орун басар алмаштырылган. Мамкаттоо кызматында төрагалар улам алмашып, 2012-жылы Эрлан Сапарбаевди алып келген. Алгач экөө ынтымакташып иштеп жаткандай болгон. Бирок жаңы паспорт долбоору башталганда Феликс мырза паспорт жасоону «Интел Линкс» компаниясына бересиң десе, Сапарбаев бербейм деп, «анда жумуштан кетирем» деп Кулов шымаланса, Сапарбаев креслосуна жабышып, Кулов аны буттан тартып, иши кылып ит эле болушкан. Акыры ошонун артынан Эрлан Сапарбаевди кызматтан алып тынды деп олтуруп калдык эле. Көрсө бул чатак башка нерседен башталган экен. Мамлекеттик каттоо кызматы ошол учурда Турусбеков-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта отурчу. Ал имарат Куловго тиешелүү экен, кезинде Мамлекеттик каттоо кызматына ижарага берип, кийин аны аталган кызматка сатууга аракет кылып, тагыраагы ушул имаратты мамлекетке сатасың деп Сапарбаевди кыйнап, анан ортодо келишпестиктер чыккан экен. Эми суроо:

–Урматтуу, Феликс Шаршенбаевич, Эрлан Сапарбаевди Мамлекеттик каттоо кызматына менчик имаратыңызды сатуу үчүн алып барып, бирок Сапарбаев ал имаратты сатып албайбыз дегенде кызматтан алганыңыз чынбы? Аталган имаратты 25 миллион АКШ долларына сат деп Сапарбаевди кыйнаганыңыз кандай? Сиз жеке бизнести ушундай ыкма менен жүргүзөсүзбү?

Булак: Де-Факто 

Ситора Фармонова: “Мага Кыргызстан абдан жагат”

“Кыргызстандыктар мага ушунча сый-урмат көрсөтүп, жагымдуу адамдар бар экенине кубанам. Ушул убакка чейин колумду сурагандар дагы болду”

“Азия Микс” командасы орус КВНинин жогорку лигасында финалга чыгып, баарыбызды кубандырып турган кез. Командага Азиянын бир нече өлкөсүнөн өнөрпоздор чогулганы дагы бир топ күч берип турганын жакшы билебиз. Бүгүн бизде мейманда командадагы жалгыз кыз, өзбек ырчысы Ситора Фармонова. Ситора сулуу Кыргызстан, “Азия Микс” тууралуу айтып берди.

Команданын мүчөлөрү ар кайсы өлкөнүн өкүлдөрү эмеспи. Кайсыл учурда кезигип, репетиция кылууга жетишип атасыздар?

Туура айтасыз, ар кимибиз ар кайсы мамлекеттенбиз. Ар бирибиздин өзүбүздүн жумуштарыбыз бар дегендей. Бирок керек болсо, айласын табат экенсиң. Интернеттен, телефондон бат-баттан сүйлөшүп, мүмкүнчүлүк боло калса эле кезигип турабыз.

Акыркы убактарда өзүңүздү көбүнесе КВНге арнап жүрөсүз. Өзбекстандагы ырчылык карьераңыз экинчи планга өтүп кеткен жокпу?

Ырчылык өз жолу менен кетип баратат. КВНден бош болгондо ырларды жаздыруу, концерттер менен алекмин. Бирок КВНге даярданабыз дегенде мен бардыгын жыйыштырып, болгон-бүткөн энергиямды, убактымды оюнга арнайм.

Азыр Кыргызстанда дагы таанымал болуп калдыңыз. Өзгөчө социалдык тармактарда кыргыз жигиттери копмлимент айткандарын көп көрүп калам. Колуңузду сурагандар жокпу?

Менимче Кыргызстанга “Общага” сериалына тартылгандан кийин көптөргө таанылдым окшойт. Анан албетте, КВНдин дагы пайдасы тийди дегендей. Кыргызстандыктар арасында мага ушунча сый-урмат көрсөтүп, жагымдуу адамдар бар экенине кубанам. Ушул убакка чейин колумду сурагандар дагы болду. Мен көңүлүн оорутпай, жылуу-жумшак баш тарттым. 1665059

Кыргызстанга бат-баттан келип турасызбы? Кайсы жерге кызыктыңыз?

Тилекке каршы, анчалык бат-баттан эмес. Бишкектен тышкары, Ысык-Көлгө бардым. Бишкек жапжашыл шаар экен. Унаа менен да, жөө жүрүү дагы абдан ыңгайлуу.

Сиз Кыргызстанда бир эмес эки долбоорго катышып отурасыз? Биздин өлкө сизди эмнеси менен тартат?

“Общага” менен “Азия Микстин” жаратуучулары кимдер экенин билесиздер. Эльдияр Кененсаров жана анын жубайы менен жакын достордонбуз. Алар абдан позитивдүү адамдар. Экинчиден, мага Кыргызстан өзү абдан жагат, сыйлайм.

“Азия Миксте” жалгыз кызсыз. Жигиттер менен иштөө оңойбу?

Ооба, сахнада жалаң жигиттердин арасында болгонум менен көшөгө артында кыздар көп. Мен иштешчү адамды кыз-эркек деп тандабайм. Жылдызыбыз келишип, тил табышып кетсек иштеше берем. Өзгөчө биздин команда абдан ынтымактуу, бири-бирибизге сый мамиледебиз. Негизи эле биздин команданын жигиттери — мыктылардын мыктысы.

maxresdefault-1

Ал жигиттер сизге мамилеси кандай? Сиз алар үчүн доссузбу же кызбы?

Биринчиден мен алардын досумун. Ортобузда ишеним бар. Анан албетте, алар менин аялзаты экенимди дагы унутушпайт (күлүп).

Белгилүүлүктүн жеке сиз үчүн кандай кемчиликтери жана жетишкендиктери бар?

Популярдуулугумдун алгач кемчилигин айта турган болсом, айрым учурда жөн гана жалгыз болгуң келет. Ары-бери сейилдеп, ээн-эркин баскың келет. Кээде ошого мүмүкүнчүлүк жок болуп калат. Ал эми жакшы жактары абдан көп.

Накинай Исраилова

Булак: Де-Факто

Афганистандын Чоң жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам берилди

Мурдатан маалымдалгандай,  этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык көмөктүн колоннасы 2016-жылдын 3-октябрында Ош шаарынан чыккан.

Тамак-аш, дары-дармек, жылуу кийимдер жана боз үйлөр түрүндөгү гуманитардык көмөк экспедиция мүчөлөрү тарабынан Чоң жана Кичи Памирдин алыскы айылдарына жеткирилип, ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылды.

Мындан тышкары, экспедиция курамындагы медициналык кызматкерлер Чоң жана Кичи Памирде жашаган 300 жакын адамды медициналык кароодон өткөргөн.

Жергиликтүү тургундар үзгүлтүксүз түрдө көрсөтүлүп жаткан гуманитардык көмөк жана камкордук үчүн ыраазычылык билдиришти. Учурда Афганистан Ислам Республикасынын Чоң жана Кичи Памиринде 1 500гө жакын этникалык кыргыздар жашайт.

Булак: Асман плюс

Лариса Асанбекова, академик, парапсихолог: Айыкпаган оору жок, айыкпаган адам бар

“Асман плюс” гезитине жарыяланып жаткан менин макалаларымды окуган адамдардан ар кандай көп суроолор келет. Бүгүн айрым окурмандарыбыздан келген суроолорго жооп берейин.

– Көпчүлүк  адамдар өзүнүн жашоодогу кыйынчылыктарын бүгүнкү заманга шылтап жатышпайбы. Сиз аларга кошулаар белеңиз? Дегеле, адам өзүнүн туура жолун тапса болобу? Эгер  болсо, кантип?

Ой күчтүү энергия

– Адам баласын жаратканда эле Кудай алардын ар бирине жөндөм, талантты кошо жаратат экен. Парапсихология илими боюнча айтсак, ар бир адам баласы кандайдыр бир миссияны аткаруу үчүн келет. Ошол миссияга жараша жөндөм берет. Мисалы менин өмүрдөгү миссиям-чыгармачылык жана профессионалдуу элдик медицина боюнча иштерди аткарып, адамдарга жардам берүү. Эгерде адам өзү жасаган ишинен баар таап, ырахат алса, анда ал жашоодогу өз  миссиясын аткарган болот. Миссиясы туура аткарылган болсо, анда ал адам өзүнө эле эмес сөзсүз башка адамдарга да жардам бере алат. Адам баласы жашоодогу ордун, жолун туура тапса, анда аны ийгилик, байлык, ден-соолук ар дайым коштоп жүрөт. Ошондуктан адам өз тагдырын өзү жасайт жана өзү жооптуу деген сөз бар.  Ар ким өз жан дүйнөсүн уга билсе эч жаңылбас эле. Өзүнүн жаман жашоосун, тагдырын,  же ооруганын эч качан башкаларга шылтабаш керек жана күнөөнү башкадан издебеш керек. Кудайдын деле өзүнүн мыйзамдары бар да, мисалы, ууру кылба, ушак сүйлөбө, бирөөгө жамандык каалаба, ата-энени сыйла, бирөөнүн маңдай тери менен тапкан эмгегин жебе, адам өлтүрбө, калп айтпа ж.б. Бирөөлөрдүн көрө албастыгы, нааразычылыгы же каргышы, көзү, сөзү тийсе деле адамдын жашоосунун өзгөрүшүнө шарт түзөт. Бул нерселер дагы адамдын энергиясынын сапатына байланыштуу. А энергиянын сапаты ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Эгер адамда терс энергия көп болсо терс көрүнүштөгү окуяларга кезигет. Эгер энергиясы оң, сапаты бийик болсо адамдын ден-соолугу да чың болуп, иштерин ийгилик коштоп, бакубат жашоодо жашайт. Албетте, адам баласынын жалпы жашоосунун жакшы болушу жашап жаткан чөйрөгө жана  ааламдагы жер, суу, аба, от, эфир (Кудайдын энергиясы) стихияларына дагы байланыштуу.

– Жогоруда оң жана терс энергия деп айтып өттүңүз, ошол энергия талаалары аркылуу кеңири маалымат берип өтсөңүз…

– Адам баласынын денесин каптап турган янь (оң) жана инь (терс) деген энергиялардын эки түрү болот. Ушул эки энергиянын көбөйүп же азайып кетиши ооруларга, турмуш- тиричиликтеги тоскоолдуктарга же жетишкендиктерге, адам тагдырындагы оош-кыйыштарга дуушар кылат. Адамдын энергетикалык денесинде 7 чакра жайгашкан. Жетөөнүн ар биринин аткарган функциясы өзүнчө. Ушул чакралардын функциясынын бузулушу да адамдын жашоосунун өзгөрүшүнө шарт түзөт. Адам эмне себептен ооруйт? Биз бул суроого жооп издеп көрөлүчү. Илимий тилде алганда жогоруда айтылган оң жана терс энергиялардын ортосундагы гармониянын бузулушу ар кандай оорулардын чыгышына алып келет. Биз жана айтпадыкпы, оорулар терс ойлордон, туура эмес жүрүм- турумдан келип чыгат деп. Биз ойлоп жаткан ойдун өзү эле күчтүү энергия болуп эсептелет. Эгерде ар дайым жакшы ойлорду ойлоп жүрсөң, анда жолуң да жакшы болот. Тескерисинче, оюң жаман болуп же наалып, кабагыңды бүркөп, кимдир бирөөлөргө дооматыңды арта берсең эртеңки күнү андан да төмөн турган жашоого туш келишиң ыктымал. Илгертеден айтылып келген «Жан дүйнөң жакыр болсо, жашооң такыр болот» деп.

Ою тазанын бою таза”, “Эмне эксең ошону аласың”, “Жакшылыкка жакшылык, жамандыкка жамандык” деген кептердин түпкү мааниси парапсихология илимине барып такалат. Мына ошол нерсенин баарын адам ар дайым эсине сактап, Кудайдын мыйзамдарын бузбай жашаса жашоосу жакшы болот.

–  Сиздин эниоинженер деген да кесибиңиз бар экен. Бул кесипти деле биз жеткиликтүү түшүнө бербейт экенбиз…

– Туура, Кыргызстанда “көзү ачык” деген гана бир беткей түшүнүк кеңири тараган. Бирок, ал көзү ачыктардын кимиси кандай күчкө ээ  экендигин көпчүлүк биле бербейт. Мен парапсихология илимин 10 жылдан ашык  окуп, адам баласына белгисиз сырлар тууралуу билүүгө көп аракеттерди жумшадым. Албетте, бардыгына жетиштим деп айтуудан алысмын. Парапсихологияны окуу үчүн бир өмүр дагы жетпей калышы мүмкүн. Ошентсе дагы эниоинженер катары адамдарга жардам берип, окуучуларымды тарбиялап келатам. Эми эниоинженер эмне иш кылат? Жогорку космосто маалымат талаасы жайгашкан. Эниоинженерлер ошол космостон келген энергия менен иштейт. Бул кесип өтө көп тармактуу. Бир эле учурда парапсихолог, космо-энергет, био-энергет, элдик дарыгер жана бир эле адам баласынын гана эмес бүтүндөй эл жашаган чөйрөнүн энергиясын дагы жолго салууга жөндөмдүү. Дагы бир айтып койчу нерсе, биз муну менен салттуу медицинаны дагы жокко чыгарып салбашыбыз керек. Салттуу медицина деле элдик медицинадан келип чыккан. Бирок, салттуу медицина менен элдик медицинанын дарылоо ыкмалары эки башка. Салттуу медицинада пайда болгон ооруну дарыласа, элдик медицинада оорунун келип чыккан себебин аныктайт Адамда физикалык жана  көзгө көрүнбөгөн астралдык дене болот да. Ошол физикалык денени салттуу медицина, ал эми астралдык денени элдик медицина дарылайт.

Айыкпаган оору жок

– Врачтар айыкпайт деген оорулар да айыгабы?

– Албетте айыгат. Айыкпаган оору жок, айыкпаган адам бар деп жооп берем жана оорунун себеби табылмайын оору айыкпайт деп дайыма айтып келем. Ал эми оорунун себеби жети дененин биринде болушу мүмкүн. Заманбап медицина жыл санап өнүккөн сайын оорунун аттары да көбөйгөндөн көбөйүп бараткансыйт. Менин чоң энем “Биз жаш кезде оорунун эки эле түрү болчу эле, ысык, суук деген, азыр бул жайнаган оорунун баары кайдан чыкты” деп таң калып калчу. Чындыгында эле оору ян жана инь энергиясынын азайып же көбөйүп кетип, гармониянын бузулушунан келип чыгат. Заманбап медицинанын түп тамыры элдик медицинадан келип чыккан. Азыркы медицинанын катачылыгы адамды органдарга бөлүп карагандыгында. Мисалы бирөө адамдын нерв системасын караса бири жүрөктү карайт, бири ашказан ичеги карынды карайт.

Ар ким өз дарыларын берип ооруну айыктырганга аракет жасайт. Ал берген дары башка органга кандай таасирин берет алардын иштери жок. Ар ким өз ишин жасаса болду. Тилекке каршы, адам  бөлөк- бөлөк органдардан турбайт. Адам – татаал, бирок бир система болуп эсептелинет. Бир органга берилген дары ошол органдагы ооруну убактылуу басат, бирок айыктырбайт. Себеби, оору терс энергиянын чогулган жери болгондуктан дарынын күчү менен ошол органдагы оорунун жолун убактылуу жаап коет.

Терс энергия ооруган органга мурдагыдай келбей калгандыктан орган айыккансып калат. Бирок, ал терс энергия эмне себептен пайда болду, себеби алынбагандыктан ал терс энергия башка органга өтөт. Мисалы агып жаткан арыктагы сууга бөгөт коюлса ал башка нук менен ага баштайт. Ошол сыяктуу эле кандайдыр бир себеп менен пайда болгон терс энергия (оору) себебин алып салмайынча утур бир органга өтүп денеден чыкпай жүрө берет. Мен азыркы медицинаны жерип жатканым жок.

Врачтар адам энергия менен жашаарын, энергиянын сапатына жараша ден соолук болорун, адамдын физикалык денесинен башка көзгө көрүнбөгөн денелер болоорун, оорунун себеби көзгө көрүнбөгөн денеде болушу мүмкүн экенин, жети денени бирдей тазалаганда гана адам толук айыгаарын билишсе эң сонун болоор эле.  Бардык оору биринчи көзгө көрүнбөгөн дененин биринен башталат жана убакыт өткөн сайын утур бир денеге өтүп олтуруп физикалык денеге жетет. Мисалы, рак оорусун алалы. Рактын клеткасы бардык адамдарда бар. Бирок бардык эле адам рак менен оорубайт. Рактын клеткалары өөрчүгөнгө адам өзү шарт түзүп берет. Окумуштуулардын изилдөөсүндө рак менен ооруган адамдардын басымдуусу таарынчак, өзүнө же башкага нааразычылыгы көп, ыраазычылыгы жок, духовный жактан өнүкпөгөн  жана ички таарынычтары күч, кечиримдүү боло албаган адамдарда болот экен. Башкача айтканда, терс энергияны бөлүп чыгаруучу  мүнөзгө ээлерде  болот.

Адам оору менен канчалык күрөшсө ошончолук күчөйт

Ооруну кабыл алып, өзүнүн кетирген кемчиликтери үчүн ушул ооруга чалдыкканын туура түшүнүп, ооруну пайда кылган мүнөзүн өзгөртсө оору кетет. Ооруган адам сөзсүз түрдө биринчиден, жандүйнөсүн тазалап, кечирим сурап, кечирип, духовный жашоого өтсө рак оорусунан таптаза айыгып кеткендер жок эмес. Бирок адамдын аң-сезимине биздин урматтуу врачтар “рак айыкпайт” деген ишенимди кыттай куюп койгон. Ар бир оорунун себеби бар. Мисалы бирөөнүн сөзүн уккусу келбеген адамдын акырында кулагы ооруйт же укпай калат. Ушул адамды же ушундай жашоону көргүм келбейт деген адамдардын көзү оорулуу болот же көрбөй калат. Бир ишке баргың келбей, бирок айла жок башынан байлаган иттей болуп аргасыз барган болсоңор сөзсүз түрдө буту ооруп баспай калат же сынат, иши кылып баргыспай коет. Ал эми ошол оорунун баарына адам өзү күнөөлүү. Албетте адам мен ооруюн деп ойлобойт, бирок жашоо образы, сүйлөгөн сөзү, ойлогон ойлору акыр түбү терс энергияга айланат. Ал эми адамдын ички энергиясы кандай болсо тышкы энергиясы да ошондой болот.  Адамдын духу (7 дене) күчтүү болсо физикалык денеси күчтүү болот же тескерисинче физикалык дене оорусу жок күчтүү болсо дух да күчтүү болот.

Оору таза айыгыш үчүн биринчиден, ишенич керек. Эгерде пациент менен дарыгердин ортосунда ишенич жок болсо, энергиялары бири бирине терс болсо да адам айыкпайт. Ошондуктан дарыгерге ишеничиңер жок болсо,  ага  оюңар таза  болбосо, жандүйнөңөр жактырбаса убакытты текке кетирип убара болуунун кереги жок. Анда андан жакшы майнап чыкпайт. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн жандүйнөсүн тыңшап, ишеничин бекемдеп, анан жандүйнөсүнө төп келсе гана дарыгерге барыш керек. Урматтуу окурмандар, сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, жандүйнөңүздөргө аруулук, тынчтык каалайм. Ою тазанын бою (Аурасы) таза болорун эсиңиздерден чыгарбаңыздар.

Лариса Асанбекова, академик, парапсихолог

Булак: Асман плюс

 

Баткендеги медресенин студенттерине светтик билим алуунун артыкчылыктары тууралуу айтып беришет

Баткен – 2016-жылдын 18-октябрында “Муъаз ибн Жабал” медресесинде Баткен облусу боюнча “Мутаккалим” аялдардын коомдук бирикмесинен аялдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча көрүнүктүү лидер Полотова Салбардын медресенин студенттери жана жергиликтүү мектептердин окуучулары менен “Өлкөнүн азыркы шарттарында светтик билим алуунун зарылдыгы” темасына мейман лекциясы болуп өтөт.

Катышуучулар медресенин бүтүрүүчүлөрү ишке орношууга аракет кылууда туш боло турган проблемаларды талкуулашат жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасындагы диний колледждин мисалында жогорку окуу жайларында жана медреселерде билим алууну айкалыштыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билишет.

Бүгүнкү күндө ислам институттарында жана Баткен облусунун медресесинде дин аралашпаган сабактар окутулбайт. Бирок азыркы учурдагы эмгек рыногу компьютердик сабаттуулукту, рынок экономикасынын негиздерин жана адам укуктары жаатында билимдин болушун, чет тилдерди билүүнү жана башка билим менен көндүмдөргө ээ болууну талап кылат. Медреселердин жана ислам институттарынын дипломдору мамлекет тарабынан таанылбайт, бул бүтүрүүчүлөрдүн андан ары ишке орношуусуна, ошондой эле алардын коомго жуурулушуна негизги тоскоолдук болуп саналат.

Бул иш-чараны “Медреседе окуган кыздар – позитивдүү социалдык өзгөрүүлөрдүн демилгечилери” долбоорунун алкагында Баткен облусунун казыяты менен бирдикте “Стимул” маалыматтык кеңеш берүүчү жана демонстрациялык борбору” коомдук фонду өткөрүүдө.

Долбоор Биргелешип башкаруу программасы (ББП) тарабынан колдоого алынды, ал Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

 

Алайда аялзатынын орду талкууланды

Бүгүн, Алай райондук мамлекеттик администрациясында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан “2016-жыл Тарых жана маданият» жылына карата «Улуттук маданият, илим жана дин» долбоорунун алкагында 100дөн ашуун аялдардын катышуусунда семинар болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Семинарга Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Алай районунун башкы имам хатиби Тиллабай ажы Кадыров, “Ыйман” фондунун түштүк аймактык координатору Айбек Султан уулу, облустук казыяттын  аялдар менен иш алып баруу адиси Жамила Жапашова катышты.

Семинарда алгач Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев “Үй-бүлө куруунун маңызы жана максаты (аялдын ролу)” аталышында лекция окуп,  үй-бүлө куруунун Ислам дининдеги негизги максаты жана жаштарды турмушка тарбиялоонун мааниси боюнча кеңири түшүндүрүп берди. Ал эми катышуучулар тарабынан учурдагы жаш үй-бүлөлөр арасында болуп жаткан пикир келишпестиктер, ажырашуулардын санынын көптүгү жана нике маселесиндеги теңдиктин сакталбашы боюнча облус казысына суроолор берилди. Аталган суроолор боюнча облус казысы:  “Бардык аялзаты, дегеле ата-энелер турмушка жаштарды даярдоодо алгач өздөрү Исламдын принциптерин терең өздөштүрүп түшүнүүсү керектигин жана үй-бүлөлүк пикир келишпестиктерди чечүүдө түшүнүүчүлүк негизде эки тараптын кадыр-барктуу калыс пикирин эске алуу менен жолго койсо болоорун белгиледи.

Эске салсак ушундай эле жолугушуу эртең 18-октябрда Чоң-Алай районунда өткөрүлмөкчү.

 

 

Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрмөй болду

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кечээ Казакстанга расмий сапар менен барды. Анда коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Ерлан Идрисов менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Жолугушуу жыйынтыгында эки өлкөнүн аймагында жарандардын каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин узартуу боюнча келишимге кол коюлду. Буга чейин жарандар беш күнгө чейин гана каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген эле.

Эми бул келишимди эки өлкө парламенттери жактырган соң жарандар коңшу мамлекеттин аймагында каттоосуз бир айга чейин жүрүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Бул арада кыргыз жарандары Орусияда да 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат алышты.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети кыргыз жарандарына Орусиянын аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген келишимди жактырды. Мындай келишимге эки өлкөнүн өкмөттөрү 2015-жылдын 19-июнунда кол коюшкан. Ага ылайык, кыргызстандыктар 30 күнгө чейин Орусияда каттоосуз жүрүүгө уруксат алат. Учурда Орусиянын аймагында жети күн каттоосуз жүрүүгө болот.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Кытай космонавттарын космоско ийгиликтүү учурду

Эки космонавт Гоби чөлүндө жайгашкан космодромдон 17-октябрда эртең менен учту. Кытайдын “Шенчжоу-11” космостук кемеси аларды “Тянгун-2” лабораториясына жеткирет.

Космонавттар анда бир ай бою иликтөөлөрдү жана тажрыйбаларды жүргүзөт. Бул кытай космонавттарынын космосто эң узак мөөнөт болушу болот. Кытай лидери Си Цзинпин бул миссия “космосту андан ары изилдөөгө жана Кытайдын улуу космикалык мамлекетке айланышына салым кошорун” билдирди.

Кытай космоско адамдарды учурган АКШ жана Орусиядан кийинки үчүнчү өлкө. Кытай “Тянгун-2ни” жакынкы жылдары туруктуу космикалык станцияга айлантууну көздөөдө. Ал 2022-жылы толук ишке ашары айтылууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев: Дүйнөдөгү кыйын кырдаалда кыргыз менен казак бирге болушу керек

Кыргызстан ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жана өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин башчысы Ерлан Идрисов менен жолукту. Тараптар аймактагы жана эл аралык маанидеги олуттуу маселелер боюнча пикир алышты.

Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен Казакстанды эзелтеден берки достук жана кызматташтык байланыштырып турарын баса белгиледи.

“Силердин өлкө биздин жакын кошунабыз жана өнөктөшүбүз. Ортодо эч кандай чечилбеген көйгөй калбашы керек жана мамилелерибиздин үлгүлүү болушу абзел. Дүйнөдөгү экономикалык жана саясий катаал кырдаалды эске алганда, биздин бирге турушубуз зарыл”,-деди казак президенти.

Өз кезегинде Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаевдин саламын айтып, эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары дагы бекемделишинен үмүт артты.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тажикстанда жаңыртылган сейсмостанция жердин термелүүсүн так аныктайт

25 жылдан кийин АКШ жана Канаданын жардамы менен кайра калыбына келтирилген «Симигандж» сейсмикалык станциясы азыр дүйнөдө мыкты деп табылды.

Бул станция Вахдат шаарында жайгашкан. Тажикстандын Геология жана сейсмология институту билдиргендей, ал жердин термелүүсүн дайым каттап гана турбастан, бардык табигый кыймылдардын болгон жерин так аныктап турат.

«Симигандж» станциясынын жаңы жабдуулары АКШ жана Канаданын көмөгү менен бир миллион сомониге алынган. Ал жүз метрлик тоннелде орнотулган. Станция бир жума тесттик негизде иштеди, учурда онлайн режиминде бардык жер титирөөлөрдү көрсөтүп турат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Өзбекстандын ишкерлер чөйрөсү Тажикстан менен ымаланы бекемдөөдө

Өзбекстан ишкерлери жана коммерциялык компанияларынын жетекчилери күн мурун Тажикстандын Согди облусунда конокто болушту. Делегация Фергана өрөнүндөгү бизнес өкүлдөрүнөн куралган, сапар өзбек тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Коноктор эки күн Худжанд жана Исфара шаарларында болушуп, өнөр жай ишканаларынын, компаниялардын жана маданий мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Делегация «Касри Арбоб» сарайын, «Истиклол» тарыхый-маданий комплексин кыдырып, Камол Худжандинин эстелигине гүл коюшту. Алар Камол Худжанди Шейхтин үй-музейиндеги маданий иш-чарага катышып, тажик жана өзбек тилдериндеги ырларды ырдашты.

Худжанд мэриясынан кабарлашкандай, тараптар жакын ымала куруп, өнөктөш болууга ынтызар.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Порошенко Орусияга карата санкцияларын узартты

Украина президенти Петр Порошенко Орусияга карата киргизилген санкцияларды узартып, тизмеге илингендердин катарын кеңейтти. Жарлык мамлекет башчынын сайтында жарыяланды.

Кошумча санкциялык тизмеге 167 орусиялык компания жана 335 жаран киргизилди. Режиссер Олег Сенцов менен активист Александр Кольченко жана башка мыйзамсыз негизде Орусияда соттолгон укариналыктар үчүн жооптуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана соттору да “кара тизмеге” илинди.

Мындан тышкары Порошенко Улуттук коопсуздук кеңешине жана Коргоо министрлигине аннексияланган Крымда Мамдумага шайлоо уюуштургандарга дагы санкция даярдоону тапшырды.

Украина алгач ирет Орусияга карата санкцияларды 2015-жылы киргизген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

БУУ Йеменде элдешүү мөөнөтү киргизилгенин жарыялады

БУУнун Йемен боюнча атайын чабарманынын айтымында, бул өлкөдө 72 сааттык элдешүү мөөнөтү киргизилди. Буга жаатташкан бардык тараптар макул болушту. Исмал Улд Шейхтин билдиришинче, ок атышууну токтотуу режими 18-октябрда, түн жарымында күчүнө кирет жана муктаждарга гуманитардык жардам жеткирүүгө жол ачылат.

Йемен бийлиги кабарлагандай, элдешүү мөөнөтү дагы узартылышы ыктымал.

Президент Абд-Рабби Мансур Хади баштаган куугунтукталган өкмөт Таизге гуманитардык жардам жеткирүүнү сурады. Бул аймактын көпчүлүк бөлүгү хусит-көтөрүлүшчүлөрүнүн курчоосунда, алар Йемен шаарын 2014-жылы басып алган. Өкмөттүк күчтөр Таизге бара турган жолдун төрттөн бирин гана көзөмөлдөйт. Мурдагы президент Али Абдаллы Салехтин тарапташтары болгон хуситтерди Иран колдойт. Өлкө түндүгүнүн жарымы алардын колунда.

Сауд Арабия колдогон Хади күчтөрү болсо Йемендин калган бөлүгүн жана жергиликтүү урууларды көзөмөлдөп турат. БУУнун эсебинде, жаңжал башталгандан бери 10 миңдей киши өлдү, алардын 3800ү жай тургундар.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Өсүмдүктөрдү отоо чөптөр менен зыянкечтерден коргоо жаатындагы иштерге жаңыча мамиле жасалып, олуттуу чаралар көрүлүшү кажет

Кечээ, 17-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде “Өткөн эки жыл жана үстүбүздөгү жылдын тогуз айы үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин иши жөнүндө” маселе каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин директору Жаныбек Дербишалиев айыл чарба өсүмдүктөрүн отоо чөптөрдөн, зыянкечтерден коргоо жаатында жүргүзүп жаткан иштерин тизмектеп, агрохимиялык, фитосанитардык кырдаалга токтолду.

Маселени талкуулоодо комитет мүчөлөрү өсүмдүктөрдү коргоодо ченемдик-укуктук жактан көмөктөшүү боюнча ой-пикирлерин ортого салышты. Жер кыртышынын кунардуулугу начарлап баратканына кабатырланган депутат Асылбек Жээнбеков өсүмдүктөрдү отоо чөптөрдөн коргоодо жакшы иш жүргүзбөгөндөргө кандай чара колдонулаарына кызыгып, бүгүнкү күндө бул багытта коюлган айыппулдардын көлөмү өтө төмөн экенин баса белгиледи. Тиешелүү жерлерин отоо чөптөр менен зыянкечтерден коргоону колго албаган жактарга айыппул салуу инструменттин колдонуу зарыл деген депутат Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментин бул багытта демилге көтөрүп, сунуш алып келүүгө чакырды.

Мындан сырткары, талкууда айрым мөмө-жемиштердин чет өлкөгө алып барып, тиешелүү документтеринин жоктугунан кайра алынып келиниши боюнча дагы олуттуу маселелер көтөрүлдү. Мындай жагдайлардын баары тиешелүү лабораториялардан өтүп, керектүү справкаларды албагандыгынын кесепетинен болуп жатат дейт Ж.Дербишалиев. Ошону менен катар быйыл республикадагы аба ырайынын шартына жараша помидор, дарбыздар ооругандыгын кошумчалады. Мындан сырткары, жайыттар, үлүш жерлер каралбай камыш басып бараткандыгы айтылды.

Жыйынтыгында берилген маалыматты эске алуу менен республикада агрохимиялык кырдаалды түп-тамырынан бери жакшыртуу жана жагымдуу фитосанитардык жагдай түзүү боюнча КР өкмөтүнө бир катар тапшырмалар берилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Жылдыз Жолдошева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты: “Төлөйкан менен Азизаны атамдын үйүнө жашынтып өлүмдөн алып калгам”

-Жылдыз Айтбаевна, 2010- жылдагы Ош окуясын уюштурган, бир канча  адамдын өлүмүнө себепкер болгон деп күнөөлөнүп жаткан Кадыржан Батыров менен Азимжан Аскаровду коргоп, аларга аябагандай жан тартып жаткан укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова менен Ош окуясында түштүктө чогуу жүргөн экенсиз. Алар кандай иш алып барышты эле, ошондо эле Кадыржан Батыровду коргошкон деген чынбы?

-Ооба, бир тараптуу иш алып барып, Кадыржан Батыровго, Азимжан Аскаровго жан тартып жүрүшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Аны билген кыргыз балдар экөөнү өлтүрөбүз дегенде мен чочулап,  экөөнү Оштогу атамдын үйүнө алып келип жашынтып өлүмдөн алып калгам. Чынында эл экөөнө абдан кыжырданып жаткан. Каны кызыган балдар экөөнү өлтүргөндөн кайра тартмак эмес. Экөөнө айткан элем, эл силерге кыжырданып жатат, тез арада Оштон чыгып кетпесеңер болбойт, эл силерди жөн койбойт деген элем. Экөө кечке биздин үйдө жашынып эс алышкан. Кечинде бирок үйгө түнөбөй, башка жакка кетишкен. Кайда барып жатышканын билбейм. Тилекке каршы, эки укук коргоочу ишин ошондо эле токтотпой, азыр дагы чыккынчы, карапайым жөн жаткан элге бүлүк салып, өзбек кыргызды чабыштырып,  далайлардын өлүмүнө себепкер болгон мыкаачы Азимжан Аскаров менен Кадыржан Батыровдун укугун коргоп, аларга жан тартып жан алакетке түшүп жатышат. Эгер чындап эле эки укук коргоочу кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлогон, кыргыз үчүн күйгөн укук коргоочу болсо, анда кылмышкерлердин эмес, кылмышкерлердин колунан жабыр тарткан, жакындарынан ажыраган жарандардын укугун коргошсо болбойт беле.

-Экөөнүн мындай иш аракети үчүн кандай чара көрүлүшү керек?

-Экөө мыйзам чегинде, абийири, уяты болсо кылып жаткан иштерин азыр токтотуп элден кечирим суроолору керек.  Болбосо эл азыр экөөнө абдан кыжырданып турат. Эгер дагы деле кылмышкерлерди коргой беришсе, эл унчукпаса дагы,  жакындарынан  ажырагандар экөөнү жөн койбойт го.

-Экөө эмнеге мындай ыплас жолго барып жатышат?

-Бардыгы акча үчүн болууда. Бирок акчадан абийир бийик тураарын эстен чыгарып жатышканына таң калып жатам. Экөө менен Ош окуясында эмнеге Кадыржан менен Азимжанга жан тартып жатасыңар деп кызыл чеке болуп тартышкан элем. Көрсө мен анда түшүнбөптүрмүн. Экөө анда акча үчүн ошондой ишке барып жатышкан тура. Учурдан пайдаланып эки эжеге айтаар элем. Анткени экөө тең эне, экөө тең кыргызтандын жараны. Урматтуу укук коргоочулар, ушунчаңарга токтоткула. Ойлонгула, кылып жаткан ишиңерге чекит коюп, элден кечирим сурагыла. Болбосо ишиңердин аягы жакшы болбой калышы мүмкүн.

-Экөө тең Конституциялык референдумга каршы чыгып, парламенттин таркашын талап кылып Ак үй алдына митингге чыгып жатышпайбы, бу боюнча эмне айтасыз?

-Экөө депутаттарды эмес, депутаттар экөөнүн кылып жаткан иши боюнча сотко берип койсо болот. Депутаттар сотко бербесе дагы, жогоруда айткандай Ош окуясында жакындарын жоготуп  зар какшагандар мисалы Азимжан Аскаровдун колунан мерт кеткен милиция Мыктыбек Сулаймановдун жесири сотко берсе жарашат. Сотко бермек турсун, ачуулары келсе экөөнү өлкөдөн кууп чыгууну талап кылса экөөнүн иши кантет, анда эле экөөнө кыйын болбойбу. Ошондуктан дагы бир жолу айтайын,  урматтуу укук коргоочу эжелер болдугула, токтоткула ишиңерди.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

 

 

 

 

Айнур Бердикулова, кыл кыякчы: «Кыл кыяк сыйкырдуу аспап»

 

Жакында балким эгемендүү мамлекетибиздин тарыхында алгачкы жолу белгилүү кыл кыякчы Айнур Бердикулованын «Кыл кыяктын жан сыры» аттуу чоң кечеси болот. Албетте кийинки акыркы он жылдыкта улуттук аспаптар эмнегедир унутта калгансып бардыгы эстраданы кана үндөгөндөй. Айнур ушул сырдуу жана сындуу, мукам үндүү кыл кыяктын салтын улоочу, үнүн дүйнө жүзүнө таанытып, күүлөрүн шаңшытып келе жаткан инсан. Алдыдагы боло турган кечеси жана келечектеги ойлору менен таанышып чыктык.

– Айнур, кыл кыякта ойногонуңа канча болду? Бул аспап сени эмнеси менен кызыктырды?

– Мен кичинекей кезимен бери Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектептен кыл кыяк классын кызыл аттестат менен бүтүргөн соң, Улуттук Консерваторияны дагы дал ушул аспапты окуу боюнча кызыл диплом менен бүтүргөм. Бул аспап мени өзүнүн сыйкырдуу добушу менен тартып алды.

– Алдыдагы боло турган концертиң тууралуу айта кетсең?

– Буюрса 19-октябрда , “Кыл кыяктын жан сыры” аттуу биринчи тушоо кесүү концертимди бергени турам. Концертимде кыргыз элибизге аттын кашкасындай таанымал, эл артисттери жана мыкты аспачы, ырчылар катышат. Концертимдин режиссёру Ырыс Окенова. Ошондой эле концертиме алыскы Монголия өлкөсүнөн жетиген аспапта жана монгол аспабы хуучерде ойногон музыканттар дагы катышат. Абдан толкундануу менен даярданып жаткан учурубуз.

– Кыргыз эмнеси менен улук,
сенин оюңча? 

– Абдан жакшы суроо экен. Албетте кыргыз өзүнүн каада салты, санжырасы, тарыхы, маданияты жана наркы менен улук! Мен сыймыктанам кыргыз болуп туулуп жана кыргыздын аспабын эл журтка тартуулап жатканыма!

– Сен көп өлкөнү кыдырып, кыл кыякты таанытып анын артынан кыргыз деген атты дагы таанытып жатасың. Чет элдиктер менен кыргыз угармандарынын айырмасы барбы?

– Туура айтасыз, кыл кыягым менен көптөгөн чет жака дагы өнөрүмдү тартуулап жүрөм, албетте кызыккандар абдан көп. Чет жактагылар абдан сыйлашып атайы кыяктын үнүн угуш учун чакыруулар дагы көп эсе. Салыштырмалуу айтсам чет элдиктер абдан кызыгышат, жөн койсоң күнү-түнү деле ойнотуп отура беришет. Ал эми бизде болсо кызыгуу эми башталды. Себеби, жаңыдан фольклор багытына эми көнүп, жакшы баалап келүүдө.

– Бул аспапта ойноону өркүндөтүү үчүн дагы эмне кылуу керек? Балким шакирттериң бардыр?

– Кыл кыяк аспабын ойноп элдин алдына алып чыгуу абдан көп эмгектерди талап кылат. Жөн эле ноталарды баскылап ойной бербестен күүнүн ыргагында күүлөнүп, ошол чыгармага бүтүндөй кирип кетиш керек. Качан гана күүнү сезгенде гана ал күүнү элдин алдына алып чыгууга мүмкүн. Ал эми шакирттерим азыркы кезде жок, бирок келечекте шакирт тарбиялоого даярмын.

– Кыл кыягыңдын өзгөчөлүгү эмнеде?

– Кыл кыяк тууралуу айтсам, ушул кылымга чейин кыл кыякта жалаң эркек киши гана тартып келген экен. Айтылуу музыкавед Балбай Алагушев атабыз антологиясында мен тууралуу 21-кылымда, кыздардан чыккан биринчи кыл кыякчы деп жазган. Бул аспап менен көптөгөн ооруларды айыктырып, төрөбөгөн аялдарды дарылашчу экен. Балким кыяктын сыйкырдуу добушу ушунда. Канчалык кыяк күүсүн тартсам ошончолук мени өз дүйнөсүнө тартып келет.

Назира Бегим

Булак: Асман плюс

 

 

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Аида Саляновага жол жок”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Президенттикке дагы кимдердин ат салышаарын көрүп турасыз?

– Садыр Жапаров дагы президенттикке ат салышсамбы деп чамалап турат. Эгерде колдогон тараптар, түрткү берүүчү нерселер болсо, президенттикке тайманбай эле  коёт. Анан Бабанов да президент болсом деп кыялданып жатат. Бирок, ал боло албайт. Көптөгөн туура эмес иштери ага тоскоол болот. Аида Салянова да төлгөгө түшүп турат. Бирок ал тизменин эң эле акырында турат. Себеби, президент эркек киши болушу керек. Ошон үчүн ага  президенттикке жол жок. Президент болчулардын тизмеси мен санагандар менен эле чектелбейт.  Москвадан да кишилер келип, президент болом дешет экен.

P/S. кимде ким айтымчы, дарыгер, табып  Жаркынай Жумакожоевага кайрылып, кеңеш алам, дартыман сакайам десе, 0771 761051 телефонуна байланышса болот.

Бетти даярдаган Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Жылдыз Жолдошева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты: “Төлөйкан менен Азизаны атамдын үйүнө жашынтып өлүмдөн алып калгам”

-Жылдыз Айтбаевна, 2010- жылдагы Ош окуясын уюштурган, бир канча  адамдын өлүмүнө себепкер болгон деп күнөөлөнүп жаткан Кадыржан Батыров менен Азимжан Аскаровду коргоп, аларга аябагандай жан тартып жаткан укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова менен Ош окуясында түштүктө чогуу жүргөн экенсиз. Алар кандай иш алып барышты эле, ошондо эле Кадыржан Батыровду коргошкон деген чынбы?

-Ооба, бир тараптуу иш алып барып, Кадыржан Батыровго, Азимжан Аскаровго жан тартып жүрүшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Аны билген кыргыз балдар экөөнү өлтүрөбүз дегенде мен чочулап,  экөөнү Оштогу атамдын үйүнө алып келип жашынтып өлүмдөн алып калгам. Чынында эл экөөнө абдан кыжырданып жаткан. Каны кызыган балдар экөөнү өлтүргөндөн кайра тартмак эмес. Экөөнө айткан элем, эл силерге кыжырданып жатат, тез арада Оштон чыгып кетпесеңер болбойт, эл силерди жөн койбойт деген элем. Экөө кечке биздин үйдө жашынып эс алышкан. Кечинде бирок үйгө түнөбөй, башка жакка кетишкен. Кайда барып жатышканын билбейм. Тилекке каршы, эки укук коргоочу ишин ошондо эле токтотпой, азыр дагы чыккынчы, карапайым жөн жаткан элге бүлүк салып, өзбек кыргызды чабыштырып,  далайлардын өлүмүнө себепкер болгон мыкаачы Азимжан Аскаров менен Кадыржан Батыровдун укугун коргоп, аларга жан тартып жан алакетке түшүп жатышат. Эгер чындап эле эки укук коргоочу кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлогон, кыргыз үчүн күйгөн укук коргоочу болсо, анда кылмышкерлердин эмес, кылмышкерлердин колунан жабыр тарткан, жакындарынан ажыраган жарандардын укугун коргошсо болбойт беле.

-Экөөнүн мындай иш аракети үчүн кандай чара көрүлүшү керек?

-Экөө мыйзам чегинде, абийири, уяты болсо кылып жаткан иштерин азыр токтотуп элден кечирим суроолору керек.  Болбосо эл азыр экөөнө абдан кыжырданып турат. Эгер дагы деле кылмышкерлерди коргой беришсе, эл унчукпаса дагы,  жакындарынан  ажырагандар экөөнү жөн койбойт го.

-Экөө эмнеге мындай ыплас жолго барып жатышат?

-Бардыгы акча үчүн болууда. Бирок акчадан абийир бийик тураарын эстен чыгарып жатышканына таң калып жатам. Экөө менен Ош окуясында эмнеге Кадыржан менен Азимжанга жан тартып жатасыңар деп кызыл чеке болуп тартышкан элем. Көрсө мен анда түшүнбөптүрмүн. Экөө анда акча үчүн ошондой ишке барып жатышкан тура. Учурдан пайдаланып эки эжеге айтаар элем. Анткени экөө тең эне, экөө тең кыргызтандын жараны. Урматтуу укук коргоочулар, ушунчаңарга токтоткула. Ойлонгула, кылып жаткан ишиңерге чекит коюп, элден кечирим сурагыла. Болбосо ишиңердин аягы жакшы болбой калышы мүмкүн.

-Экөө тең Конституциялык референдумга каршы чыгып, парламенттин таркашын талап кылып Ак үй алдына митингге чыгып жатышпайбы, бу боюнча эмне айтасыз?

-Экөө депутаттарды эмес, депутаттар экөөнүн кылып жаткан иши боюнча сотко берип койсо болот. Депутаттар сотко бербесе дагы, жогоруда айткандай Ош окуясында жакындарын жоготуп  зар какшагандар мисалы Азимжан Аскаровдун колунан мерт кеткен милиция Мыктыбек Сулаймановдун жесири сотко берсе жарашат. Сотко бермек турсун, ачуулары келсе экөөнү өлкөдөн кууп чыгууну талап кылса экөөнүн иши кантет, анда эле экөөнө кыйын болбойбу. Ошондуктан дагы бир жолу айтайын,  урматтуу укук коргоочу эжелер болдугула, токтоткула ишиңерди.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

 

 

 

 

Айнур Бердикулова, кыл кыякчы: «Кыл кыяк сыйкырдуу аспап»

 

Жакында балким эгемендүү мамлекетибиздин тарыхында алгачкы жолу белгилүү кыл кыякчы Айнур Бердикулованын «Кыл кыяктын жан сыры» аттуу чоң кечеси болот. Албетте кийинки акыркы он жылдыкта улуттук аспаптар эмнегедир унутта калгансып бардыгы эстраданы кана үндөгөндөй. Айнур ушул сырдуу жана сындуу, мукам үндүү кыл кыяктын салтын улоочу, үнүн дүйнө жүзүнө таанытып, күүлөрүн шаңшытып келе жаткан инсан. Алдыдагы боло турган кечеси жана келечектеги ойлору менен таанышып чыктык.

– Айнур, кыл кыякта ойногонуңа канча болду? Бул аспап сени эмнеси менен кызыктырды?

– Мен кичинекей кезимен бери Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектептен кыл кыяк классын кызыл аттестат менен бүтүргөн соң, Улуттук Консерваторияны дагы дал ушул аспапты окуу боюнча кызыл диплом менен бүтүргөм. Бул аспап мени өзүнүн сыйкырдуу добушу менен тартып алды.

– Алдыдагы боло турган концертиң тууралуу айта кетсең?

– Буюрса 19-октябрда , “Кыл кыяктын жан сыры” аттуу биринчи тушоо кесүү концертимди бергени турам. Концертимде кыргыз элибизге аттын кашкасындай таанымал, эл артисттери жана мыкты аспачы, ырчылар катышат. Концертимдин режиссёру Ырыс Окенова. Ошондой эле концертиме алыскы Монголия өлкөсүнөн жетиген аспапта жана монгол аспабы хуучерде ойногон музыканттар дагы катышат. Абдан толкундануу менен даярданып жаткан учурубуз.

– Кыргыз эмнеси менен улук,
сенин оюңча? 

– Абдан жакшы суроо экен. Албетте кыргыз өзүнүн каада салты, санжырасы, тарыхы, маданияты жана наркы менен улук! Мен сыймыктанам кыргыз болуп туулуп жана кыргыздын аспабын эл журтка тартуулап жатканыма!

– Сен көп өлкөнү кыдырып, кыл кыякты таанытып анын артынан кыргыз деген атты дагы таанытып жатасың. Чет элдиктер менен кыргыз угармандарынын айырмасы барбы?

– Туура айтасыз, кыл кыягым менен көптөгөн чет жака дагы өнөрүмдү тартуулап жүрөм, албетте кызыккандар абдан көп. Чет жактагылар абдан сыйлашып атайы кыяктын үнүн угуш учун чакыруулар дагы көп эсе. Салыштырмалуу айтсам чет элдиктер абдан кызыгышат, жөн койсоң күнү-түнү деле ойнотуп отура беришет. Ал эми бизде болсо кызыгуу эми башталды. Себеби, жаңыдан фольклор багытына эми көнүп, жакшы баалап келүүдө.

– Бул аспапта ойноону өркүндөтүү үчүн дагы эмне кылуу керек? Балким шакирттериң бардыр?

– Кыл кыяк аспабын ойноп элдин алдына алып чыгуу абдан көп эмгектерди талап кылат. Жөн эле ноталарды баскылап ойной бербестен күүнүн ыргагында күүлөнүп, ошол чыгармага бүтүндөй кирип кетиш керек. Качан гана күүнү сезгенде гана ал күүнү элдин алдына алып чыгууга мүмкүн. Ал эми шакирттерим азыркы кезде жок, бирок келечекте шакирт тарбиялоого даярмын.

– Кыл кыягыңдын өзгөчөлүгү эмнеде?

– Кыл кыяк тууралуу айтсам, ушул кылымга чейин кыл кыякта жалаң эркек киши гана тартып келген экен. Айтылуу музыкавед Балбай Алагушев атабыз антологиясында мен тууралуу 21-кылымда, кыздардан чыккан биринчи кыл кыякчы деп жазган. Бул аспап менен көптөгөн ооруларды айыктырып, төрөбөгөн аялдарды дарылашчу экен. Балким кыяктын сыйкырдуу добушу ушунда. Канчалык кыяк күүсүн тартсам ошончолук мени өз дүйнөсүнө тартып келет.

Назира Бегим

Булак: Асман плюс

 

 

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Аида Саляновага жол жок”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Президенттикке дагы кимдердин ат салышаарын көрүп турасыз?

– Садыр Жапаров дагы президенттикке ат салышсамбы деп чамалап турат. Эгерде колдогон тараптар, түрткү берүүчү нерселер болсо, президенттикке тайманбай эле  коёт. Анан Бабанов да президент болсом деп кыялданып жатат. Бирок, ал боло албайт. Көптөгөн туура эмес иштери ага тоскоол болот. Аида Салянова да төлгөгө түшүп турат. Бирок ал тизменин эң эле акырында турат. Себеби, президент эркек киши болушу керек. Ошон үчүн ага  президенттикке жол жок. Президент болчулардын тизмеси мен санагандар менен эле чектелбейт.  Москвадан да кишилер келип, президент болом дешет экен.

P/S. кимде ким айтымчы, дарыгер, табып  Жаркынай Жумакожоевага кайрылып, кеңеш алам, дартыман сакайам десе, 0771 761051 телефонуна байланышса болот.

Бетти даярдаган Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Кыргызстан Кытайга эшектерди экспорттой баштады

“Кыргызстандан быйыл Кытайга канча жаныбар экспорттолгону боюнча силерде маалымат барбы?” – деп сурады бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин отурумунда депутат Мирлан Бакиров Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынан.

“Азыр менде андай маалымат жок эле”, – деп жооп берди Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Шамил Бердалиев.

“Бизге белгилүү болгондой Кыргызстандан быйыл Кытайга 600 баш жаныбар экспорттолуптур. Булар эмне, эшектерби же жылкыларбы?” – деп такыды Мирлан Бакиров.

“Кытай менен Кыргызстандын ортосунда ошондой, эшек экспорттоо боюнча келишим бар”, – деп жооп берди Шамил Бердалиев.

“Эмне үчүн биздин өлкөдөн кой, эчки экспорттоого болбойт? Ал эми эшектер эч тоскоолдуксуз өтө берет? Мыйзам боюнча эшектерди башка өлкөлөргө экспорттоого болбойт да. Сиз болсо “биз жаныбарларды экспорттой баштадык” деп мактанасыз. Бул мыйзам бузуу экенин билесизби?” – деп ачууланды Мирлан Бакиров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Мамлекеттик жер тилкелерди ижарага берүү шарттарын аныктоо Өкмөткө берилип, бул жааттагы баш-аламан иштер жолго коюлат

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 17-октябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин бири Мирлан Бакиров мыйзам долбоору менен мамлекеттик жер пайдалануучулардын карамагында турган жер тилкелерин ижарага берүү шарттарын жана тартибин КР Өкмөтү аныктаары белгиленүүдө.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлк, алардын ичинде жер тилкелерди мамлекеттик пайдаланучуларга (мамлекеттик органдар, мамлекеттик ишканалар, мекемелер) чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген. Маселен, ЖОЖдордун жер тилкелери, Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттар. Мамлекеттин менчигиндеги имараттарды, курулуштарды, жайларды ж.б. ижарага берүү шарттарын КР Өкмөтү аныктап келүүдө. Бирок мамлекеттик жер тилкелерин ижарага берүү шарттары, тартиби жана жер пайдалануу үчүн саналуучу төлөмдөрдүн методикасы бүгүнкү күндө жок. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса, тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөн 30%дык ижара төлөмдөрүнүн эсебинен мамлекеттик бюджетке каражат түшөт. Ошону менен катар мындай өзгөртүү мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат.

Талкууда депутаттар тарабынан айтылган бир катар сунуш-пикирлердин негизинде мыйзам долбоору 2-окууга чейин дагы жакшылап, бышырылып келмей болду.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

 

Ахматбек Сүйүнбаевдин мураскерине кысым токтобой келет

Эл көзүндөгү аттуу-баштууларды сыдыргыга салып, реалдуу түрдө талдоо жүргүзүүгө убакыт мерчеми жакындап калды. Саясаттын күрөө тамырын кармоо менен келечекке кадам таштап, татыктууларды сынактан өткөрө берели. Албетте, дагы башка адамдардын ысымдарына дагы кийинки сандарда токтолобуз…

Улуу устат, мамлекеттик ишмер Ахматбек Сүйүнбаев бир кезде кичинекей наристе төрөлгөндө “Мендей финансист, эл башкарган инсан болсун!” деп кадимки Ахматбек Келдибековго ак батасын берип, өзүнүн атын ыроолоптур. Тагдыры оор-кыйыш күндөргө кабылса да, А.Келдибеков саясаттын суугуна тоңуп, ысыгына күйүп келатат. Өзүнүн харизмасы, бекем эрки бар экенин далилдеген болочок талапкер учурда саясаттан четтеп турат. Бирок, президенттик шайлоого жакындаганда Ахмат мырза канатын жайып, күз күрдөөлүнүн күрөшүнө татыктуу чыкса, түштүк түрүлүү менен колдоп кетет. Ошон үчүн Сүйүнбаевдин бир кездеги агынан жарыла көрөгөчтүк менен колдогон мураскерин бийлик басып, түрмөгө камап, үч жылдан бери куугунтукка алганы бекер жерден эмес окшойт. Күчтүү лидерлерге дайыма басым болорун эстейли…

Арстан АЛГЫРБЕКОВ

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

"Ата Мекен" фракциясынан ЖК депутаты Аида Саляновага туз суроо?: Кылмышкер деп айып таккан адамдар менен чогуу иштешүү кандай экен?

Аида айым башкы прокурорлук кызматты аркалап турган чакта бир топ депутаттарга кылмыш ишин козгоп, коррупция менен күрөшүүнүн башында тургансыган. Кызыгы, ошол өзү күрөшүп жаткан коррупциялык «согуштун» илеби өзүнүн жолдошуна тийгенде Жанна д’ Арктын бет кабын сыйрып, кызматынан кетип калганын жакшы билебиз. «Ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калбагын» дегендей, ар кимге казган ордун бирине өзү түшүп калды көрүнөт. Ошондо кара булут өзүнүн төбөсүнө айланып калганын байкаган Салянова «өзүмдү коргоо үчүн аманатымды жазып, ишеничтүү жерге катып койдум» деп бийликке кыр көргөзгөн эле. Бир кезде «Ата Журт» партиясы менен парламентке келген Талант Мамытов Ак үйдүн тосмосунан секиргенде так ушул Салянова иш козгоп, абакка олтургузган. Мамытов учурда «Республика – Ата-Журт» партиясы менен кайрадан ЖКнын босогосун аттап келди. Ал эми миллиондорду кымырып алды деген айып менен мурунку «Республика» партиясынын депутаты Исхак Пирматовго иш козгогон дагы Аида айым болгон. Бирок ошол кездеги депутаттар Пирматовго чаң жугузбай алып калышкан, ал бүгүн «Бир бол» партиясы менен депутат болуп келип олтурат. Ошондой эле А.Салянова Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркуловго дагы мыйзамсыз жер берген деген айып менен иш козгогон. Бирок ал козголгон иш саясий багытта болгону аныкталып, бири дагы далилденген жок. Жыйынтыгында Иса Өмүркулов акталып, бүгүн КСДП партиясы менен Жогорку Кеңешке келип, фракциянын лидери болуп олтурган кези. Эми соболго кезек берели:

–Аида Жеңишбековна, бир кезде кылмышкер деп айып таккан адамдар менен кесиптеш болуп чогуу олтурган сиз үчүн ыңгайлуу элеби? Алар менен маңдай-тескей олтуруп мыйзам талкуулоо кандай сезим калтырууда жана алардын сизге болгон мамилеси кандай? Козгогон кылмыш ишиңиз негизсиз болгону аныкталып, алар акталбадыбы, андыктан алардын бетин карагандан уялган жоксузбу? Баштаган иштериңизге кайра кайрыласызбы? Мындан ары эл өкүлү катары кылмыштуулук менен, асыресе коррупция менен кантип күрөшөсүз?

Булак: Де-Факто 

Өзбекстан ТИМ башчысы ИКУнун баш катчысы менен жолукту

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абулазиз Камилов өлкөдө расмий сапары менен жүргөн Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысы Ияд Амин Мадани менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө 18-октябрда Ташкентте ачыла турган ИКУга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 43-сессиясына байланышкан маселелер талкууланды.

Тараптар жыйындын күн тартиби жана практикалык аспектилери боюнча пикир алмашып, алдыдагы форумду ийгиликтүү өткөрүүгө кызыктар экендиктерин ырасташты.

ИКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин сессиясына катыша тургандыгын уюмга мүчө 26 өлкө ырастады. Бекитилген программа менен күн тартибине ылайык, жыйындын ачылышында Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

43-сессиянын башкы жыйынтыктоочу документи катары Ташкент декларациясы кабыл алынып, анда Ислам кызматташтык уюмунун күн тартибиндеги негизги саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер камтылышы керек.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Ирак Мосул шаарын ИМ жоочуларынан бошотуу операциясын баштайт

Ирак бийлиги Мосул шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жоочуларынан бошотуу операциясын баштайт. Ирактын премьер-министри Хайдер Абади теле аркылуу элге кайрылып, бул ишке ирак армиясы жана полициянын жергиликтүү бөлүмдөрү тартыларын жарыялады. CNN түрктүн билдиришинче, операцияга түрк аскерлери да катышат.

Аларга АКШ жетекчилик кылган коалиция аскердик аба чабуулдары менен көмөк көрсөтөт.

Чоңдугу боюнча өлкөдө экинчи орунда турган Мосул шаары 2014-жылдан бери экстремисттердин көзөмөлүндө. Операция алдында АКШ аскерлери жоочулардын согуштук позицияларына оор артиллериядан сокку урду.

Буга чейин БУУ Мосул шаарын боштуу операциясынын натыйжасында бир жарым миллион адам гуманитардык жардамга муктаж болуп калышы мүмкүн экенин эскерткен. Уюмдун Башкы катчысынын орун басары Стивен О’Брайен тараптарды жай тургундарды коргоого жана аларды керектүү жардамдар менен камсыздоого үндөгөн. Ал айыгышкан салгылашта миллионго чукул киши Мосулдан качып кетиши ыктымал экенин айткан.

Ишемби күнү түнүчүндө Ирак армиясы операция даярдалып жатканын эскерткен баракчаларды Мосул шаарына таштады. Бийлик тургундарды дүрбөлөңгө түшпөөгө жана сактанууга чакырды.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Токио менен Москва Курил аралдарын бирге башкарууну талкуулаган эмес

Жапониянын Тышкы иштер министрлиги Токио Курил жээктериндеги талаштуу аралдарды бирге башкаруу сунушу менен Москвага кайрылган деген билдирүүлөрдү четке какты.

Жапониянын негизги позициясы өзгөргөн жок: Токио төрт аралдын кимге таандык экендиги маселесин чечүүнүн негизинде Орусия менен тынчтык келишимин түзөт, деп билдирди жапон ТИМинин өкүлү. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Буга чейин Nikkei гезити Жапония премьер-министри Синдзо Абэ Орусия президенти Владимир Путин менен төрт Курил аралын бирге башкаруу тууралуу келишим түзүү мүмкүндүгүн талкуулоону каалап жатканын жазган.

Акыркы жолу эки лидер бул маселени сентябрдын башында Владивостокто өткөн Чыгыш экономикалык форумунда талкуулашкан. Анда Абэ Москваны ымалага келүүгө чакырган. Путин Орусия талаштуу аралдарды Жапонияга сатып же өткөрүп бербей турганын билдирген.

Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында СССР басып алган Курил жээктериндеги төрт аралга байланышкан талаш-тартыш көп жылдан бери эки өлкө ортосундагы алаканы оорлотуп, алардын тынчтык келишимге кол коюшуна мүмкүндүк бербей келет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» партиясынын депутаты Игорь Чудиновго туз суроо?: Мамлекеттин жерлерин алдамчылык менен сатканыңызды моюнга аласызбы?

Игорь Чудинов шайлоонун алдында кайдан-жайдан чыга калып, эч нерсе болбогонсуп «Бир бол» партиясы менен депутаттыкка шымаланып аттанып калды. Ошентип анын мурдагы былыктары кайрадан козголуп, Башкы прокуратура тарабынан «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылууда. Чындыгында кылмыш иши алгач Карганбек Самаковго ачылып, ага «2008-жылы Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүндөгү айдоо жерлер мыйзамсыз трансформацияланган» деген кине коюлган. Бул боюнча башкы көзөмөл органы иликтөө ишин жүргүзүп, анын жыйынтыгында Карганбек Самаковго «коррупцияны уюштуруу» беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Жаныш Бакиев менен Курманбек Бекиевге «коррупцияны жаап жашыруу» беренеси боюнча күнөө тагылган. Мындан тышкары, Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан айдоо жерлерди трансформациялоо боюнча өкмөттүн чыгарган мыйзамсыз токтомдору үчүн мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновго, экс-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге, айыл чарбанын мурдагы министри Арстанбек Ногоевге «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылып, кылмыш иши Бишкек шаардык Октябрь райондук сотуна кароого жөнөтүлдү. Көрсө Чудинов «айыл чарба багытындагы» категориядагы жерлерди «калктуу пункт» категориясына которуу боюнча мыйзамсыз токтом токуган тура. Бул бери жагы. Ал эми Игорь мырзага мындан мурда «Кыргызгазды» башкарып турган чактагы былыктарына дагы илгери эле кылмыш иши козголуп,  Кылмыш-жаза кодексинин 171, 215, 221-беренелери боюнча айып тагылган. Көрсө Чудинов «БишкекЭнергоКомплекс» ишканасынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, мыйзамсыз каржылык жеңилдиктерди сунуштоо жолу аркылуу «Кыргызгазга» 4 миллион 529 миң 143 доллар зыян келтирген. Өз кезегинде бул кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу аракети мамлекетке 3 млн. 713 миң 897 доллар чыгым алып келген экен.

–Игорь Витальевич, «колуң менен кылганды мойнуң менен тарт» дейт эмеспи. Аламүдүн районуна тешелүү жер тилкелерди махинация жолу менен сатып жибергениңизди моюнуңузга аласызбы же дагы суудан кургак чыгып кетесизби? Деги эле премьер-министр болуп турган чакта канча байлык топтодуңуз? «Жогорку кызматтарда турганымда мамлекеттин казнасына кол салган эмесмин» деп көп айтасыз, бирок азыркыдай байлыкты айлыгыңыз менен жыйдым десеңиз ким ишенет?

Аман Иманалиев

Булак: Де-Факто 

 

Сегизбаевдин эл башына келиши үчүн бата берген Рысбек аксакал

Эл көзүндөгү аттуу-баштууларды сыдыргыга салып, реалдуу түрдө талдоо жүргүзүүгө убакыт мерчеми жакындап калды. Саясаттын күрөө тамырын кармоо менен келечекке кадам таштап, татыктууларды сынактан өткөрө берели. Албетте, дагы башка адамдардын ысымдарына дагы кийинки сандарда токтолобуз…

Кечээ күнү Аскар Акаевдин экс-шоопуру Рысбек аксакалга Эркиндик паркынан УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев капыл-тапыл жолугуп, жылуу учурашып, кичи пейил мүнөзүн көрсөтүптүр. Жүрөгү жибиген Рысбек аксакал Абдилдин артынан бата берет: “Уулум, бар бол, кыргыз элин кыйынчылыктан чыгарган президент болушуңду Кудайдан тилейм! Оомийин! Жараткан жалгасын!” деп. Эске салсак, кезинде Аскар Акаев Илимдер академиясынын президенти болуп жүргөндө, дал ушул Рысбек байкебиз сүрөп, түнү менен шамандардын дубасын окуп атып, эл башына апкелгенин эч ким биле бербесе керек. Эми Абдил Сегизбаевге ак батасын аябаптыр, Жараткандын буйругу болсо, эмнеге болбосун? Бу жигит кыйын аналитик, кыраакы чекист, интеллектиси бийик, такшалган кадр болду да! Бата, таза ниет менен көтөрүлүп кетиши толук мүмкүн…

Булак: Азия Ньюс

Мадумаров позициясынан кайткан жок

 

Буга чейин Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга каршы катуу күпүлдөп жаткан Адахан Мадумаров «Референдумга – жок» кыймылынын өткөн ишембидеги курултайында жалындуу сөз сүйлөмөк тургай катышкан да жок. Анын себебин курултайчылар да айтпады. Аталган кыймылдагы бараандуу жана салмактуу саясатчынын бул жыйынга катышпай калышы эл арасында ар кандай күдүк кептерди пайда кылган. «Оппозициядан ырк кетип, тил табыша албай калгандыр», «Адахан кайра бийлик менен ымалалашып кетсе керек» деп күмөн санагандар болбой койбоду. Мындай сөздөрдөн улам Адахан мырзанын өзүнө кайрылсак, референдумга каршы позициясынан танбаганын, курултайдын резолюциясын колдорун, жыйынга өзү жетектеген «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башка өкүлдөрү катышканын билдирди. Өзү жүйөлүү себептер менен катыша албай калыптыр. Бирок ал кандай «жүйөлүү» себеп экенин айткан жок.

Булак: Де-Факто 

Рысалиев депутат болобу?

Ак үйдөгү «жакшылар» ак болсун, кара болсун бизди коргосо болду дегендей Текебаевге каршы сүйлөчүлөрдү куп сүрөп, эми парламентке да ошондой кишилерди тарта баштагандай. Маселен, айрым билермандар кайсы маселе болбосун бийликтегилерди баш-оту менен коргой алчу Ирина Карамушкинага мандат ыйгаруу саясаты да ошол сценарийдин бир бөлүгү экенин кыйытууда. Анан кантишсин, сүйлөйт деген депутаттары керек учурда керектүү сөз айта албай аңдан-дөңдөн дөөрүп кирсе, башкалары оозуна талкан салгандай балыктан бетер унчукпай отурса. Эми ушул эле сценарий менен өйдө жактагылар «Республика-Ата-Журт» фракциясына Текебаевдин элдешкис оппоненти, мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевди алып келүүгө катуу ынтызар болуп жатканын да кулагыбыз чалып калды.

Булак: Де-Факто 

Кыргызга күйбөгөн Бабановду эл аралык коомчулук да колдобойт

Эл көзүндөгү аттуу-баштууларды сыдыргыга салып, реалдуу түрдө талдоо жүргүзүүгө убакыт мерчеми жакындап калды. Саясаттын күрөө тамырын кармоо менен келечекке кадам таштап, татыктууларды сынактан өткөрө берели. Албетте, дагы башка адамдардын ысымдарына дагы кийинки сандарда токтолобуз…

Тыңчыкма Өмүрбек Бабановго АКШ, Россия сыяктуу улуу державалар ишенбейт. Себептер өтө көп. Маселен, Пензага завод куруп, кыргыз элине кыянат кылган куу саясатчыны оңой эле талдаса болот. Өз элине жакшылык кылбаган, анан Москвадан кыргыздын 14 кызы өлсө, калп эле кейимиш маанайында НТСтен улам-улам “алтын шилекейин” чачыраткан Бабановго кандай баа беребиз? Эми эл түшүнүп турат. Президенттик шайлоодо Өмүрчик акчасын таратса да көпчүлүк добушун бербей койсо кантебиз? Көрө жаталы…

Булак: Азия Ньюс

Талашка түшкөн кресло

Кудайберген Базарбаев эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан түшүп-түшпөй жатып анын орду кызуу талашка түштү. Албетте, бул орунду эми «Ата Мекенге» ыраа көрүшпөйт. Андыктан аталган министрликтеги чоң кресло эми башкаруучу коалициядагы «Кыргызстан» фракциясына тийчүдөй. Бул фракция министрликке аты-жыты белгисиз Алмаз Токторов аттуу депутатын сүрөп киргенин эшиттик.

Булак: Де-Факто 

Темикени чындап Кремль колдосо президент болууга жолу ачылат

Эл көзүндөгү аттуу-баштууларды сыдыргыга салып, реалдуу түрдө талдоо жүргүзүүгө убакыт мерчеми жакындап калды. Саясаттын күрөө тамырын кармоо менен келечекке кадам таштап, татыктууларды сынактан өткөрө берели. Албетте, дагы башка адамдардын ысымдарына дагы кийинки сандарда токтолобуз…

Экс-премьер-министр Темир Сариев соңку убакта Кремлдин лөктөрү менен мамилесин чыңдап, байма-бай жолугушууларды өткөрүп атканын эске алсак, эртеңки күрөштө бийлик үчүн чоң баш ооруну жаратышы байкалууда. Буга чейин Темике Кыргызстанды Бажы биримдигине киргизүүгө башкы демилгечи болуп, орус саясатына ачыктан ыктап, келечеги үчүн арык чапканы жашыруун эмес. Эгер В.Путин же Д.Медведев Кремлде Т.Сариевди кабыл алып, ММКлар аркылуу чоң пиар кетсе эле кыргыздын бизнесмендери жана бийликтеги кошоматчылар кулдук уруп, тизе бүгөөрү турган иш. Карапайым элде деле “Россия колдоп атса Сариевге добуш беребиз” деген пикир жаралат. Андыктан, Темикенин тагдыры сырткы күчтөргө байланыштуу болот. Ал эми өзүбүздүн коомчулукта бу талапкерибиз үчүн кө-өп суроолор бар…

Булак: Азия Ньюс

Рустам Маманов, экс-депутат, коомдук ишмер: “Азиз Турсунбаев өкүл балам, Алтынбек Сулайманов шопурум болгон”

Белгилүү инсан Рустам Мамановго бир катар соболдорубузду салдык. Коомчулукта ал тууралуу пикирлердин аягы суюла электигинен улам. Экс-депутат, айтылуу меценат бул сапар алдыдагы саясый багыты, идеология багытындагы аткарган иштери боюнча кеңири кеп салып берди. Эмесе, каарманыбыздын ким экендигине баа бериш сиздин колдо окурман…

— Рустам мырза, шайлоо алдында коомчулукка “жымың-жымың” эте көрүнө калганыңыз менен жарыш бүткөндө ың-жыңсыз чээнге киргендей карааныңыз чыкпай кетет. Бир жылдан бери маектешүүнү сурансам, моюн толгоп, “тоң моюндукка” салып келдиңиз эле бул сапар өзүңүз маектешүүнү демилгелегениңизге караганда, алдыдагы шаардык жана жергиликтүү кеңештерге болчу шайлоого катышууну чечкенсиз го?..

— Мен сен айткандай шайлоолордун астында “жымың-жымың” эте чыга келип, аламан жарыш бүткөндө чээнге кирип кетчү адам эмесмин. Андыктан, сенин мага карата койгон кинең кичине жаңылыштык деп айтаар элем. Дегеле мен биздеги ыплас саясатка аралашпастыгымды мындан туура 1 жыл, 5 ай мурун өзүңө берген маегимде да баса белгилеп айтып кеткем. Аны эсиңден чыгарып койсоң керек. Мен ар убак кыргыздын идеологиясын, карт тарыхка бай улуу мамлекеттүүлүгүбүздү түптөөгө колумдан келген аракет кылуунун үстүндө иштеримди айтып келем. Алдыда жергиликтүү жана шаардык кеңештерге карата шайлоо болгону турабы? Болсо боло берсин. Биздин өлкө ар жылы түрдүү шайлоолордон куру болбойт. Былтыр парламенттик, быйыл жергиликтүү, кийинки жылы президенттик шайлоо дегендей. Кыргызстан качан шайлоолордон куру болчу эле? Мен жергиликтүү жана шаардык кеңештерге болчу шайлоолорго катышпайм. Саясатсыз деле иш кылып, элге, мамлекетибизге колдон келген салымыбызды кошсок болбойбу?

— Мектептерге бирдиктүү форманы кийгизүүнү идеялап, баштай коюп, ар жылы август айынын соңу менен ата-энелерди “быйыл мектепке барчу балдарыбызга бирдиктүү форма алып беребизби же каалаган кийим кийишеби” деп кыйсыпыр түшүрүп, санааркатып, кап-кайдагы балакетти баштап коюп, ың-жыңсыз кетип калып жатпайсызбы? Окуучуларды, элди чаң ызгытпай, мындан башка бир идея менен чыксаңыз деле болбойт беле?

— Эмне болуп кыйсыпыр түшүп жатышыптыр? Кыйсыпыр түшүп, алапайын таппай жатышса, анда ошондой ата-энелердин өздөрүндө айып бар. Биздин ата-энелер жай бою камырабастан жата беришип, качан гана август айынын ортосуна келгенде мектепке барчу балдарыбызды ойлой баштайбыз. Ага чейин ойлонмой жок. Менин идеям менен киргизилген бирдиктүү мектеп формасын өлкөбүздөгү мугалимдер, окуучулар, ата-энелердин дээрлик 95%ы кубаттап, туура багытта иш жүргүзгөнүбүздү баса белгилеп жатышат. Буга удаа сын-пикирлер да бар. Маселен, мындан туура үч жыл мурун мектеп формасына киргизилген бирдиктүү форманын тигилген, даяр үлгүсү жок, биздин жеңил өнөр жай ошого даяр болбой калгандыктан билим берүү министрлиги да мектептерге биздин идеянын астында тигилген форманы толук кандуу бекитпей, анча-мынча көйгөйлөр жаралган. Азыр мен билгенден учурдагы мектеп окуучуларынын 80%дан ашыгы биздин идеянын астында тигилген ошол формаларды кийишти. Окуучулардын мындай формаларды кийиши мугалимдер, ата-энелер үчүн да жагымдуу көрүнүш болуп жатат. Өлкөбүздөгү 1 миллиондон ашык мектеп окуучуларынын ичинен бирдиктүү форманы 600 миңден ашык өспүрүм, тестиер улан-кыздарыбыз кийишти. Биз муну менен мектептеги, жалпы эле коомчулуктагы “бай-кедейдин баласы” деген тенденцияны кандайдыр бир деңгээлде жое алдык деп ойлойбуз. Керек болсо дүйнөлүк аренадан алганда да биздин окуучулардын мектеп формасы жарашыктуулугу, жасалгаланышы, коомчулук колдогондугу жана бир канча критейлиги менен үчүнчү орунда келе жатат. Бул идеяны ишке ашырууга жеке эсебимден 300 миң доллардан ашык каражатым кетти. Ушул сындуу сыймыктанчу жактарыбызды силер, журналисттер жазбайсыңарбы? Колдоого алчу иштерди коомчулукка туура жеткизгиле да. Интрига, ушактамай, бир беткейликке ообой…

— Туура, бул иштериңиз деле чагылдырылды. Бирок идеяны 2015-жылы шайлоого катышуу үчүн делбелектеп чуркап жүргөнүңүздө баштаганыңызды танбайсыз да, туурабы?

— Эч кандай шайлоосу жок эле 2012-жылдары бул иштерге патент алып, 2013-жылдан тарта конкурстарды уюштура баштадым. Шайлоо 2015-жылы болуп жатат. Азыр коомчулукта эл үчүн бир иш жасап койсоң ошол жакшылыктан, соопчулук иштен да саясат, кылдан кыйкым издемей адат болуп калды. Ыя, айланайын туугандар, биз ушундай сокурлуктан арылбайлыбы? Мен 2012-жылдары бирдиктүү мектеп формасы үчүн патент алып, ишти баштасак, 2014-жылы “Кыргыз бийи” аттуу иш-чараны демилгелеп чыктым.

— Саясатка барбаган соң, мамлекет жасабаган ушундай идеологиялык иштерге миллиондорду чачып, жаныңызга анча эмне күч келип жатат?

— Башта айтпадымбы, азыр кыргыз коомчулугунда эл-жер үчүн жакшы соопчулуктуу иш кылсаң да ошондон кынтык издеген “кыргызбайлык” сапатыбыз абдан өрчүп кетти. Биз азыр өлөсөлүү өкмөтүбүздөн бирдеме үмтөтүп, мамлекеттен каражат сурагандан көрө “мен мамлекетке эмне кылдым, эл-жерим үчүн кайсы иштерди жасадым?” деп ойлонсок жакшы болот эле. Мен бизнес чөйрөсүндө жүргөн бардар адаммын. Топтогон материалдык байлыгым Кудайга шүгүр, өзүмө, бала-бакырама кенен жетет. Калган байлыгымды кыргыз мамлекеттүүлүгүбүздү, идеологиябызды, тарыхыбызды түптөөгө жеке салымымды кошуу үчүн сарптап жатам. Учурда жеке өзүмдүн эсебимден 1 миллион долларымды бөлүп берип, тарыхый санжырабызды жаздырып жатам. Бул эмгектин учурда 80%ы бүтүп калды. 2014-жылы “Кыргыз бийи” аталышындагы дагы бир идеологиялык багыттагы ишибизди коомчулук алдында дүңгүрөтө белгилеп алдык эле, аныбыздын да үзүрү болуп жатат. Азыр кайсы тойго же мааракелерге барбагын элибиз жаш-кары дебей, керек болсо 5 жаштагы наристелер баш болуп, “Кара жорго”, “Жалын бийи” деген бийлерге “тытып түшүп” жатышат. Мурдагыдай “Кавказ бийи” же Ошко барсаң “Андижан полькасы” деген музыкалардан качышып, өзүбүздүн нукура элдик бийлерге басым кое башташты. Патриоттуулукка ык койгон ушундай иштерибиздин баардыгы ата-бабаларыбыз тарабынан миңдеген жылдардан берки келе жаткан идеологиябызды даңазалоого, каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды түптөөгө болгон аракетибиз экенин белгилегим келип турат.

— “Кыргыз бийин” даңазалоого канча каражат котордуңуз?

— Бул долбоорго баш-аягы 20 миллион сомдон ашык каражатым кетти.

— Мындан аркы кадамдарыңыз кандай? Алдыдагы жергиликтүү жана шаардык кеңештерге, арылатканда эмдиги жылы өтүүчү президенттикке катышуу ниетиңиз ойгонуп кетсе жарышка аттана бересиз да ээ? Өзбектин байыганы там салса, кыргыздын байыганы азыр “шайлоого чыгам” деп делөөрсүп калышпадыбы. Дарамет, деңгээлин билишпей…

— Алдыдагы шайлоолорго катышаар-катышпасымды убакыт көрсөтөт. Эл үчүн жасачу иштер али алдыда.

— Тар чөйрөдө “Рустам Мамановго түштүктөн чыккан саясатчылардын көбү акча карыз, бербей качып жүрүшөт” деген каңшаар кеп көптөн бери айтылып жүрөт. Сыр болбосо кайсы саясатчылар карыз? Бери дегенде миллиондорду алып, “куйрук түйүп”, из жашырып жүргөндөр барбы? Жиниңизге тийгендеринен коомчулукка жүзүн ачып коюңуз да. Шанс келип турганда…

— Ой толтура! Тажатышты… Анын эмнесин жашырайын. Эми мен азыр пендечилик кылып, баарына кең пейилдик мамиледемин. Бирде болбосо бирде берип калышаар…

— Албетте, мамлекет кылбаган идеологиялык иштериңизди колдоого алышыбыз керек. Догурунгандай болбойлу, миллиондоруңуз идеология багытына “кумга сиңген суудай жок болуп” кетип жаткан шартта Бишкекте, ошол эле региондорубузда бала бакча, мектеп, ооруканалардын жетишсиздигине көңүл буруп, башка меценаттар менен биригип жогорудагы мен атагандай социалдык объектилерди куруп, элдин муктаждыгын чечсеңер болбойт беле? Азыркы өкмөттү карагандан пайда жок экенин билесиз да…

— Эң туура идея. Мен башында кайрымдуулук иштеримди кылаарда идеологиялык беш багытта иш кылууну пландагам. Кудай буюрса, чет-четинен максаттарымды ишке ашырып келе жатам. Мамлекеттен колдоо, каражат бөлүнбөгөн соң өзүңдүн идеяңды ишке ашырыш үчүн ири каржы болушу зарыл. Кудай буюрса, сен атаган идеяларды да ишке ашыруу тилегим бар. Азырынча баарын “балп” эттирбей турайын. Баарына убакыты келгенде жооп берип, элге кылган эмгектеримди иш жүзүнө ашырам деп ойлойм. Быша элек ашты алдыга тарткан болбосун жакшы билесиң да үкам.

— Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп турган бир тууган үкаңыз Равшан Рысбаев сиздин бийлик менен соодалашкан жүрүшүңүз менен карьералык секирик жасадыбы же өзүнүн да күчтүү “домкраты” барбы?

— Кайдагы соодалашууну айтасың да үкам? Жиниме тийген суроолорду көп берет экенсиң! Өзүң эле саясый бирдемелерди ойлоп таба бересиңби? Иним Равшан Рысбаев өз мээнети менен кызматтык секирик жасаган ишбилги инсан. Муну министр Кубатбек Бороновдун өзүнөн сурасаң да калп айтпаса керек. Равшан 2012-жылы КСДП менен Ош шаардык кеңешине талапкерлигин коюп, шаардык кеңештин вице-спикери болгон.

— Мезгилдүү басма сөздөргө сиз тууралуу сын-пикирлер жарыяланып кетти го. Андагы жарыяланган сындарга кандай аргументтүү жообуңуз бар?

— Актануу же мактанычтык эмес, менин баскан изиме, эл үчүн аткарган иштериме коомчулук өзү тараза болсун. Айрым гезиттер мен тууралуу “Рустам Маманов Алтынбек Сулайманов менин шопурум болчу” деп мактанат дептир. Эми Алтынбек убагында менин шопурум болсо болгондур. Шопурлук кесип эмне жаманбы? Керек болсо, азыр шопурлардын “ити чөп жеген” заман болбодубу?

— Депутат Азиз Турсунбаев сизден эки жаш улуу болгонуна карабай сизди өкүл ата коюп алганына кандай карайсыз?

— Азиз Турсунбаев менден эки жаш улуу болуп туруп, мени өкүл ата шайлаганына неге анча таңданып жатасыңар? Керек болсо мени өзүмдөн беш жаш улуу аттуу-баштуу саясатчылар, көрүнүктүү адамдар өздөрүнө өкүл ата шайлап алышкан. Түз жүрсөң сени жаш-карыңа, улуу-кичүүңө карабай шайлап алышат тура.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ                  

Булак: Азия Ньюс

Түркмөн президенти быйыл сегиз китеп жазды

Өкмөт жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов жаңы китебинин бет ачарын жасады. Өлкө башчы басылманын алгачкы нускалары 21-октябрдагы кеңейтилген отурумда министрлерге берилерин баса белгиледи.

Китеп “Түркмөнстан” деп аталат. Жергиликтүү ММКлар билдиргендей, ал эгемендүүлүктү алгандан берки 25 жыл аралыгында түркмөн калкы жасаган барандуу иштерге арналган.

Быйыл эле президент ушуну менен сегизинчи жолу китеп жазды. Буга чейин: январда – “Даанышмандык булагы” (макал-лакаптардын жыйнагы), мартта – “Чай – дары жана эргүү”, апрелде – “Күлүктүн ылдам басыгы” (ахалтекин аттары туурасында), майда – “Асман кооздугу” (түркмөн килем токуу өнөрү туурасында), июлда – “Түркмөнстандын дары чөптөрү” китебинин сегизинчи бөлүгү, сентябрда – “Дүйнө музыкасы, достук жана боордоштук музыкасы” (музыкант Шүкүр бакшы тууралуу) басылмалары жарык көргөн.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өлкөдө башка динге өткөндүгү үчүн маркум эки жолу жерге берилди

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, туугандары башка жерден жай табышты.

76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиева 13-октябрда таң эрте көз жумган. Анын кызы Жылдыз Азаеванынайтымында, апасынын сөөгүн айыл мүрзөсүнө койдуртпай коюшкан. Ал акимчиликке, жергиликтүү кеңештин депутаттарына да кайрылган. Бирок сөөктүн мусулмандар мүрзөсүнө коюлушуна эң ириде райондун имамы каршы чыккан жана ал 14-октябрда жоон топ адам менен келип, Жылдыз Азаеваны ислам динине кайт деп мажбурлап, ачык эле кодулап-мазактаган. Ошол жерде таш бараңга алуу тууралуу да сөз болгон:

– “Ушул диниңден кайтасың, кайрадан мусулманчылыкты кабыл аласың” деп мажбурлашты. Анын баарын видеокамерага тартып алышты. Мен апам үчүн макул болдум. Мени аябай мажбурлашты, башкаларга да сабак болсун дешти. Келме айт деп, айта албай калсам “айта албайт турбайсыңбы” деп райондун имамы мазактады. Келмелерди айтып, динимден кайтарып алгандан кийин “бизге жер бересиңерби, табыт эки күндөн бери турат, жыттанып да кетти” десек “жок, биз жер бербейбиз, корооңорго көмгүлө, эмне кылсаңар ошону кылгыла” деди. Эч кимдин башына ушундай түйшүк салбасын,-деди Жылдыз Азаева.

Райондун имамы Шумкар ажы Чыналиев болсо мазактады деген дооматты четке кагып, 14-октябрдагы маркумдун үйүнүн алдындагы окуяны түшүндүрүү иштери деп атады.

Көп өтпөй Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жашырганга жер табылды. Бирок Өрүктү айылына таандык жерге сөөк жашырылгандан кийин ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыкканы, натыйжада туугандары сөөктү кайра казып алганга мажбур болгону, аягында башка айылдагы христиан дининдегилердин мүрзөсүндө жерге берилгени маалым болду.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда сим-карталар кайрадан каттоого алынууда

Тажикстанда сим-карталарды кайрадан каттоодон өткөрүү жараяны 2017-жылдын апрелинин башына чейин созулат. Бул тууралуу өлкөнүн Мобилдик компаниялар биримдигинен билдиришти. Мекеме бул аракеттерди активдүү эмес сим-карталарды аныктоо зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.

Өткөн жыл соңунда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тажик сим-карталары талиптердин колуна тийгенин айтып, тынчсыздануусун билдирген. Буга байланыштуу мекеме башчысынын орун басары сатылган 4 миллион сим-картаны кайрадан каттоодон өткөрүү зарылдыгын белгилеген.

Мобилдик компаниялар биримдигинин төрагасы Гафуржон Эркаев демилге сим-карталарды пайдалануу эрежелерин тартипке салуу жана кызмат көрсөтүү наркынын жогорулашына байланыштуу экенин айтты. Ал «буга чейин мобилдик жана NGN-номурлардын ижарасынын арзандыгынан улам» алардын баасын оператор төлөп келгенин белгиледи. Ошондуктан кардарлардын көбү эки же андан көп сим-караталарга ээ болушкан. Сандардын ижарасы кыйла көтөрүлгөндөн кийин бул милдет кардарлардын өзүлөрүнө жүктөлүп, алардын саны кыйла азайган.

Айрым эксперттер сим-карталарды кайрадан каттоодон өткөрүү жараянын алардын тажик террорчулары тарабынан Ооганстандын түндүк аймагында пайдаланылышына жол бербөө аракети менен байланыштырууда. Бул тууралуу өткөн жылдын декабрында Тажикстан УКМКсынын төрага орун басары Мансур Умаров билдирген. Анын айтымында, сим-карталардын 70 пайызы аныкталбаган шарттарда каттоодон өткөрүлгөн, андыктан номурларын кайрадан каттатпаган кардарлардын сим-карталары өчүрүлүшү керек.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда баскетболчунун өлүмүн башкы прокуратура иликтейт

Казакстандын Башкы прокуратурасы Петропавловскта көз жумган баскетболчунун өлүмүн иликтөөнү өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Башкы прокуратура Игорь Нанаевдин жакын туугандарына көңүл айтып, жакынкы күндөрү басма сөз жыйыны өтөрүн, анда Ички иштер департаменти менен облус прокуратурасы коомчулукту түпөйүл кылган бардык суроолорго жооп берерин баса белгиледи. Бул иш ички иштер министринин жана башкы прокурордун жеке көзөмөлүнө алынды.

Петропавловсктагы “Барс” баскетбол клубунун 23 жаштагы оюнчусу Игорь Нанаев шаардык көңүл ачуу комплексиндеги уруштан кийин катуу жаракат алып, ооруканага түшкөн. Ал ошол бойдон эсине келбей, 10-октябрда көз жумган.

Буга чейин Түндүк-Казакстан облусунун полиция башчысынын орун басары Нанаевдин өлүмүнө байланыштуу 21 жаштагы жарандын кармалганын маалымдаган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Турсунбек Акун: “Атамбаев менен Текебаев бири-бирин жеп, аягы жок болушат”

Турсунбек Акун агынан жарылды, болгондо да ченебей жарылды. Акыркы кезде ичиндеги бышып жүргөн ойлорун ортого салды. “Уруп ойнобойт” деген сертификаты бар адам сымал баарын “поктоду”. Тиягы президенттин эгемен күнүндө сүйлөгөн сөзүн, быягы кечээки эле оппозиция өткөзгөн Курултайды сындады. Албетте, анын арасында “жылт” эткен жылуу кептери да бар экен. Биз кээде ушундай адамдардын айткан сөздөрүн этибар албай коебуз…

 –Турсунбек мырза, өлкө ичиндеги болуп жаткан окуяларга, анын ичинде саясаттын багытына көз чаптырып, сыртынан караганың менен ичиңен бышып атсаң керек? Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы тирешүү жөнүндө ой калчачы…

–Биринчиден, Убактылуу өкмөт 2010-жылы кандай азап-тозокту ошол эле Атамбаев, Текебаев, Бекназаров, Отунбаева, Болот Шер чегишип, Бакиевди кууп салып, элдин ишеними менен бийликке келишкен. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” дегендей. Анан бирөө өлкө президенти, бирөө ченебеген партия лидери… Саясатта салмактары бирөөнүкү оор, бирөөнүкү жеңил деп айтуу мүмкүн эмес, экөө тең кыргыздын патриот жигиттери. Анан эле 31-август күнү ачыгын айтыш керек, президент катуу жаңылып калды. Өзү суу ичкен кудугуна жөн эле түкүрбөй, какырынып туруп балчыйта түкүрдү. “Мен сизге гана ишенем” деп, өз колу менен президенттикти өткөрүп берген Роза Отунбаеваны чакырып алып, дарегине оозго албаган сөздөрдү миңдеген элдин алдында айтуусу менен кууп чыкканга, кетип калуусуна мажбурлады. “Теке, мясокомбинат” деди. Текебаевди эле эмес Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн поктоп, уяткарды. “Чырдын башы бок жебе” дегендей, чырдын башы ушундан башталды. Аны Текебаев же Бекназаров баштаган жок. Президент өзү баштады.

–Текебаев унчукпай туруп калса болот беле?

–Унчукпай калганга болбоду. Башталды. Бирин-бири чукуганга өттү. “Сенин тамың бар, менин тамым жок, сенин Мегакомуң бар” дешип. Чуку, чуку жана чуку.  Кандай болгон күндө да экөө тең эл жакшылары. “Эрегиштен эр өлөт” дейт. Жаман жышаанды баштап алышты. Экөө тең 7-кабатта отурат. Экөө тең мамлекеттин эсебинен айлык алып, мамлекеттин машинесин минишет. Эми майда-чүйдөсүн айтпаганда. Токтотуш керек эле. КДКнын атынан кайрылдым. “Эл башчылары, жаман жорукту токтоткула! Мамлекетти өнүктүрүү жагына эмнеге башыңарды чиритпейсиңер? Көтөрүм болгон экономика жаатын эмне ойлонбойсуңар? Карапайым элдин жашоосуна эмнеге көңүл бурбайсыңар? Бажы биримдигине киргени оңолдукпу, дыйкандар өндүргөн продукцияларын кайда өткөрүп жатышат, жыйым-теримдер бүттүбү? Мына ушуларды ойлонуп иш кылгандын ордуна бириңдин жаман жактарын бириң саймедиреп тытышканыңардын кереги бар беле?” дедим. Жан кашайды. Эзелки эки дос абийирин чукуп бүтө албай жатат. Булар абийири менен келген, абийирлери менен калыш керек эле. Жакында эле президенттик аппаратка кирдим. Икрам Сатарович “биз аягына чейин чыгабыз. Референдумду эл колдобосо арыз жазып, мөөнөтүбүзгө жетпей кетип калабыз” дейт. Спикерге кирдим, “Чыныбай Акунович, бул болбойт. Сиз өлкөнүн 2-адамысыз. Эки дос кармашып атса цирктин көрүүчүсүндөй сырттан карап турганыңыз кандай? Президентке кирип “Турсунбек Акун келди” деңиз. Мен бийликтен кызмат сураганым жок. Калыстык үчүн, эки жээкте көпүрө катары кайрылып атам. Элде тынчтык гана болушун тилейм” десем, “Мен айтайын” деп калды. Акүйдө отурган партия лидерлерине да айттым. Ошол эле учурда оппозиция жээгиндегилердин баарына “Токтоткула!” деп айтып чыктым. Доңуз жылында төрөлгөм, жонтерим менен бир нерсени сезип атам. Эгер экөө ушинтип чабыша берсе, президент өз мөөнөтүнөн мурда кетет. Текебаев да азапка түшөт. Булар бири-бирин жеңе турган эмес, булар бири-бирин жей турган саясатчылар. Аман калышпайт.

–“Эки арстан алышса, ал ортодо мергенчи гана жеңишке жетет” деген лакап кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай, экөөнүн ортосундагы тирештен 3-күч жеңишке жетип кетпейт болду бекен?

–Толук мүмкүн. Криминалдар, диндик экстремизм, мамлекетти көралбагандар, жанагы Кадыржан-батыржандарды колдогондор, Азимжан Аскаровду колдогон Төлөйкан, Ошурахуновага окшогон уяты жок Нурбек Токтакуновдор утушка ээ болот. Сирияга жан тарткандар, Америка, Россия каптап кетет. А биз улутту сактап калышыбыз керек. Эки дос экөө тең жинди адамдар эмес. Акылдуу адамдар. Ушунун баарын көрүп туруп мамлекетке жарака кете электе токтотуп калышсын дейт элем. Мен деле аксакал жашына келип калдым.

–Оппозиция өткөргөн Курултайга ичиң чыктыбы?

–Чынын айтайын, ичим чыкпады. Буларга дипломатия жагы жетишпей, бир тараптуу монолог сыяктуу болуп калды. КТР, ЭлТР Текебаевди болушунча “шыбап” атса, оппозиция да бир жактуу президентти “шыбап” туруп алды. Курултайга бийлик жээгинен чакырылгандан кийин келип катышып, оппозициянын өткөрүп аткан жыйынында өз сөздөрүн ортого салышса монолог болмок эмес. Бирок антейин десең бийликте антип айта турган күчтүү саясатчылар калбай калды, бок жүрөктөр отурат. Муратбек Мукашев деген мен сыйлаган банкир агам “бийликте эң күчтүү инсандар четте калды, кош жүрөктөр, коркоктор, кошоматчылар толуп алды” деп туура айткан. Чындап эле күчтүү саясатчылар четтетилди, колунан келбегендерди, Акаев менен Бакиевдин убагындагы кошоматчылардын баарын жыйнап алды.

–Туке, Конституция деп калдык, сен кайсы жээктесиң, өзгөртүү жагындабы же өзгөрүлбөсүн жагындабы?

–Конституцияда ак кагазда кара тамга менен “2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт” деп жазылган. Атайын норма бар. Болгону 10 жыл мөөнөт менен бекитилген. Анын алты жылдан ашыгы өттү, үч жылдайы калган. Чыдап коюш керек болчу. Ошон үчүн мен Конституциянын өзгөрүшүнө каршымын. Бекитилген норманы президент өзү бузуп атат. Бирок, өзгөртүш керек. Жанагы кээ бир мыйзамды замандын талабына жараша премьер-министрдин ролун көтөрүү, парламенттин ролун көтөрүү жактары туура эле. Премьерди көтөрмөлөп, парламенттин ролун басаңдатып койгон сыяктуу. Андай болбойт, парламент жогору туруу абзел. Ушул жактан алып караганда Башмыйзамды өзгөртүш керек. Бирок 2020-жылдан кийин гана. Азыркы  президент өзгөртпөсүн, кийинки президент өзгөртсүн.

–“Уктап аткан арстанды ойготпогула” деген дагы бир сөз бар эмеспи. Демек, президентибиз ойготуп жибердиби?

–2020-жылга чейин уктатып койгон арстанды (Текебаевди) жөн койсо уктай бермек. Аны президент табарсыкка сайгылап ойготуп ийди. Эми жанагы жанындагы кыйкырган “иттерди” чогултуп алды, алар ээ-жаа бербей ажылдап үрө баштады.

–Кимдер?

–Чолпон Жакупова ынтымак кылабы? Ошурахунова, Нурбек Токтакунов ынтымак кылабы? Улутка доо кетирген Кадыржан менен Азимжан коргоп жүргөндөр ынтымак кылабы? Өткөндө Ошурахунова “сен эмне Кадыржан менен Азимжанды коргоп аткан Азиза менен Төлөйканга каршы чыгып атасың, уят барбы?” дейт. “Өзүңдүн уятың барбы, улутка каршы чыгып аткан немелерди эмнеге колдомок элем?!” деп, аз эле жерден оозумдан “шерменде!” деген сөз чыгып кете жаздады. Итпай-чотпайдын баары биригип алды. Ушуларга президент жол ачып койду.  Күчтүү лидер кандай гана адамды болбосун жылуу сүйлөп өзүнө тартат. Тээтиги Орунбековго чейин, Азизага чейин түшүп кетип атат. Аларды эмне кылат айтып, президенттин кадыр-баркыбы? Бирөөсү катардагы журналист, бирөөсү катардагы укук коргоочу.

–“Доңузмун, жонуман сезем” деп кеттиң, президенттин 31-августта өнөктөштөрүнө карата сүйлөй турган ачуу сөзүнө бирөө-жарым май тамызып чабыштырып койгон жокпу, кандай деп ойлойсуң?

–Аппараты чабыштырып атат. Анткени алардын ичтери тарып атат. Мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Каптагаев, Бекназаровдорду жанына жолоткусу келбейт. Аппараттагылар президентке кирип “биз акылдуубуз, сизге биз эле күйөбүз” деп бурап атышат. А чын-чынына келгенде аппараты күйбөйт. Алар кайсы гана бийлик келбесин иштешип кете алган “жөндөмдүүлөр”, кечирип коюшсун. Буларда эч кандай позиция жана принцип жок. Ал эми Текебаев, Отунбаева, Бекназаров, Каптагаевдерде идея, принцип, позиция деген баалуулук бар.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ       

Булак: Азия Ньюс

Канат Исаевдин акыры хан боло турганын Калыгул олуя айтыптыр

Эл көзүндөгү аттуу-баштууларды сыдыргыга салып, реалдуу түрдө талдоо жүргүзүүгө убакыт мерчеми жакындап калды. Саясаттын күрөө тамырын кармоо менен келечекке кадам таштап, татыктууларды сынактан өткөрө берели. Албетте, дагы башка адамдардын ысымдарына дагы кийинки сандарда токтолобуз…

Дагы бир кыргыздын эр жүрөк уулу, 41 жаштагы Канат Исаев да “Кыргызстандын” лидери катары аламан байгеге тапталып, ат тизгинин бек кармап турган чагы. Эгер адилеттүү шайлоо болсо, чучугу толуп турган Канат мырза Бабановдун “белин сындырып”, элдин колдоосуна ээ болорунда шек жок. Балким Атамбаев “жаш баатыр, күчүңдү сына, тоскоолдук кылбайм” десе эле Исаевдин ташы өйдө кулайт. Бу жигит дандуу, өзөгү бекем экени белгилүү. Парапсихолог Мелис Карыбеков “кийинки президент Сарбагыш уруусунан чыгат, Калыгул олуя эч качан жаңылган эмес, келечекте Канаттын хан болорун айткан. “Элибиздин ырыскысына ушундай керемет уул төрөлөт” дептир. Мен Калыгул атамдын осуятын элге жеткизип жүрөм, кылымдар мурун эле Канат Исаевдин эл башкара турганы туура айтылган” деп көзачыктык кылганы тегин жерден болбосо керек. Эң башкысы, болочок президент айланасына ак жүрөк, жүрөктүү жигиттерди топтосо, арымы алдыга кете турганы ажеп эмес.

Булак: Азия Ньюс

Текебаевге жалданган киллер Венециядан кол салабы?..

Учурда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Венеция комиссиясында жыйынга катышып жүрсө, Россиядан кавказ улутундагы киллер атып кетүүгө келгени, натыйжада, аны бул жактан таппай калып, Европага аттанганы каңкууланды. Биз мындай суук кабарды угуп, Өмүрбек Чиркешовичтин өзү менен байланышканыбызда, ал маалыматты четке какпастан: “Мени чет жерден кармабаса болду. Жамандык болсо да киндик каным тамган Кыргызстандан көрөйүн” деп кыскача жооп узатты. Таңгаласың да. Бул бийлик өткөндөн сабак алган эмеспи?..

Эсиңерде болсо, Курманбек Бакиевдин кандуу бийлиги Өмүрбек Текебаев “Манас” аэропортунан учуп атканда багажына наркотик салып, дүйнөлүк деңгээлде терс резонанс жараткан болчу. Кийин ал ишти Жаныш Бакиевдин “чекисттери” жасаганы маалымдалган. Ошондо наркотик менен Варшавадан камакка алынган Текебаевдин актыгы далилденип, көпкө узабай провокациялык иш экени айкындалган соң эркиндикке чыккан. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигинин бети жок экенине ошондо ынанган. Кудай жалгап, каарманыбыз Варшаванын түрмөсүнөн бошоп, кийин элибизге чындыкты айтып берген эле.

Эми тагдырдын тамашасын карабайсыңарбы, Бакиевдин бийлигинен үлгү албагандар Текебаевдин артынан кавказ улутундагы киллерди октоп, аттырып салууга заказ бергенби? Албетте, биз бул маалыматты азырынча далилдей албайбыз. Бирок, тар чөйрөдө кеп болуп атканын коомчулукка ачыктап салсак, жамандык болбой калабы? Ушундай ишеним менен жарыялап аткан чагыбыз. Өмүке өзү деле шектенип, “сөөгүм чет жерден эмес, мекенимен чыкса” деген ниетин билдирди го?..

Биздин маалымат боюнча Текебаев Венециядан 17-октябрь күнү Бишкекке келет. Кызыгы, ал жолборс жүрөктүүлүгүнө салып, редакцияга вотсап аркылуу кайсы жерде жүргөнү боюнча сүрөттөрүн жөнөтүп, эгер чын эле киллер келсе маңдай-тескей жолугууга да даяр экенин жашырбады. Кыргыз саясаты үчүн адилеттүүлүккө багыт алып, өмүрүн тобокелге салуунун өзү опурталдуу эмеспи. Биз эми кыргыздын кара көз жигити үчүн колдоо иретинде алдын ала жарыялап турабыз. Калганына эл баа берсин!

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: Азия Ньюс

Туй байкени түндүк-түштүк жана ар улуттун өкүлдөрү колдойт

Эл көзүндөгү аттуу-баштууларды сыдыргыга салып, реалдуу түрдө талдоо жүргүзүүгө убакыт мерчеми жакындап калды. Саясаттын күрөө тамырын кармоо менен келечекке кадам таштап, татыктууларды сынактан өткөрө берели. Албетте, дагы башка адамдардын ысымдарына дагы кийинки сандарда токтолобуз…

Өлкөдө оор кырдаал жаралып турганда, мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев татыктуу мураскерин тандай албай убара. Сооронбай Жээнбековдун жүк көтөрө албаган жүзүн көргөндөн кийин маанайы катуу чөккөнүн эшиттик. Белдүү досу, ачуусу мурдунун учунда, кайраты катуу, ошого жараша тез эле жазылып кеткен ак көңүл Туйгунаалы Абдраимовдун карааны чоң саясатка чыкчудай болуп калды. Эгер Туй байкени президент кенендик кылып, мураскер катары колдоп койсо, анда Кыргызстандын түндүк-түштүгү, тили буруу улуттар да добуш беришери турган иш. Себеби, Абдаримовдун биринчи жубайы Ноокаттан болот, экинчи колуктусу славян улутунан, өзү Чүйдөн чыккан оор калибрдүү саясатчылардын катарын толуктайт. Мындан ашык дагы эмне керек бизге? Деңгээли бийик, нагыз кыргыздын эр жүрөк азаматы Туй байкени колдоп албасак, анда шоруңардан арылбай каласыңар го?..

Булак: Азия Ньюс

Жылдыз Жолдошева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты: “Төлөйкан менен Азизаны атамдын үйүнө жашынтып өлүмдөн алып калгам”

-Жылдыз Айтбаевна, 2010- жылдагы Ош окуясын уюштурган, бир канча  адамдын өлүмүнө себепкер болгон деп күнөөлөнүп жаткан Кадыржан Батыров менен Азимжан Аскаровду коргоп, аларга аябагандай жан тартып жаткан укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова менен Ош окуясында түштүктө чогуу жүргөн экенсиз. Алар кандай иш алып барышты эле, ошондо эле Кадыржан Батыровду коргошкон деген чынбы?

-Ооба, бир тараптуу иш алып барып, Кадыржан Батыровго, Азимжан Аскаровго жан тартып жүрүшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Аны билген кыргыз балдар экөөнү өлтүрөбүз дегенде мен чочулап,  экөөнү Оштогу атамдын үйүнө алып келип жашынтып өлүмдөн алып калгам. Чынында эл экөөнө абдан кыжырданып жаткан. Каны кызыган балдар экөөнү өлтүргөндөн кайра тартмак эмес. Экөөнө айткан элем, эл силерге кыжырданып жатат, тез арада Оштон чыгып кетпесеңер болбойт, эл силерди жөн койбойт деген элем. Экөө кечке биздин үйдө жашынып эс алышкан. Кечинде бирок үйгө түнөбөй, башка жакка кетишкен. Кайда барып жатышканын билбейм. Тилекке каршы, эки укук коргоочу ишин ошондо эле токтотпой, азыр дагы чыккынчы, карапайым жөн жаткан элге бүлүк салып, өзбек кыргызды чабыштырып,  далайлардын өлүмүнө себепкер болгон мыкаачы Азимжан Аскаров менен Кадыржан Батыровдун укугун коргоп, аларга жан тартып жан алакетке түшүп жатышат. Эгер чындап эле эки укук коргоочу кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлогон, кыргыз үчүн күйгөн укук коргоочу болсо, анда кылмышкерлердин эмес, кылмышкерлердин колунан жабыр тарткан, жакындарынан ажыраган жарандардын укугун коргошсо болбойт беле.

-Экөөнүн мындай иш аракети үчүн кандай чара көрүлүшү керек?

-Экөө мыйзам чегинде, абийири, уяты болсо кылып жаткан иштерин азыр токтотуп элден кечирим суроолору керек.  Болбосо эл азыр экөөнө абдан кыжырданып турат. Эгер дагы деле кылмышкерлерди коргой беришсе, эл унчукпаса дагы,  жакындарынан  ажырагандар экөөнү жөн койбойт го.

-Экөө эмнеге мындай ыплас жолго барып жатышат?

-Бардыгы акча үчүн болууда. Бирок акчадан абийир бийик тураарын эстен чыгарып жатышканына таң калып жатам. Экөө менен Ош окуясында эмнеге Кадыржан менен Азимжанга жан тартып жатасыңар деп кызыл чеке болуп тартышкан элем. Көрсө мен анда түшүнбөптүрмүн. Экөө анда акча үчүн ошондой ишке барып жатышкан тура. Учурдан пайдаланып эки эжеге айтаар элем. Анткени экөө тең эне, экөө тең кыргызтандын жараны. Урматтуу укук коргоочулар, ушунчаңарга токтоткула. Ойлонгула, кылып жаткан ишиңерге чекит коюп, элден кечирим сурагыла. Болбосо ишиңердин аягы жакшы болбой калышы мүмкүн.

-Экөө тең Конституциялык референдумга каршы чыгып, парламенттин таркашын талап кылып Ак үй алдына митингге чыгып жатышпайбы, бу боюнча эмне айтасыз?

-Экөө депутаттарды эмес, депутаттар экөөнүн кылып жаткан иши боюнча сотко берип койсо болот. Депутаттар сотко бербесе дагы, жогоруда айткандай Ош окуясында жакындарын жоготуп  зар какшагандар мисалы Азимжан Аскаровдун колунан мерт кеткен милиция Мыктыбек Сулаймановдун жесири сотко берсе жарашат. Сотко бермек турсун, ачуулары келсе экөөнү өлкөдөн кууп чыгууну талап кылса экөөнүн иши кантет, анда эле экөөнө кыйын болбойбу. Ошондуктан дагы бир жолу айтайын,  урматтуу укук коргоочу эжелер болдугула, токтоткула ишиңерди.

Мирлан Алымбаев

Булак: Фабула 

 

 

 

 

Сокенин жазда отставкага кете турганы ачык байкалды

Эл көзүндөгү аттуу-баштууларды сыдыргыга салып, реалдуу түрдө талдоо жүргүзүүгө убакыт мерчеми жакындап калды. Саясаттын күрөө тамырын кармоо менен келечекке кадам таштап, татыктууларды сынактан өткөрө берели. Албетте, дагы башка адамдардын ысымдарына дагы кийинки сандарда токтолобуз…

Коомчулук саясый компроматтарга алаксып атканда, өкмөттүн иши өнтөлөп, тескери кетти. Барган сайын Кыргызстандын карызы баштан ашып (4 миллиардды чапчып), ИДП ит ыйлайчудай абалда болсо, экономикалык-социалдык кризис күн санап курчуп, келаткан кыштан кантип чыга турганыбызды билбей калдык. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кашаң жүрүшү менен ээлеген кызматын актабады. Кыскасы, өкмөттүн жүгүн тарта албады. “Келечекте Соке президент болот” деген Алмазбек Атамбаевдин үмүтүнө суу себилип, учурда башка талапкерди караштыра баштаганы да жашыруун эмес. Сыягы, С.Жээнбеков жазга чейин дагы кризистин сазына мамлекетти болушунча батырса, андан соң ээрден кулап түшөөрү кулга да дайын го? Ошентип, көтөнзордук менен көтөрүлгөн өкмөт башчынын иши тамам болору эмитен эле ачык көрүнүүдө.

Булак: Азия Ньюс

Мавлян Аскарбеков, “Эркин Эл” саясый партиясынын лидери: “Конституцияны өзгөрткөн менен элдин жашоосун өзгөртө албай калышты”

Бийликке каршы күчтөрдүн өткөн жумада Башмыйзамды өзгөртүүгө каршылык көрсөткөн Курултайы болуп өттү. Уюштуруу иштери менен алагды болуп, “Референдумга жол жок” кыймылына активдүү мүчө болуп жаткан Мавлян Аскарбековго Курултайдын күнгөй-тескейи боюнча учкай суроолор менен кайрылдык.

— Мавлян мырза, “Референдумга жол жок” аттуу кыймылга активдүү катышып, Курултай өткөздүңүздөр.  Курултайдан жыйынтык чыгарына ишенесиңерби? Силер канчалык чыркыраганыңар менен референдум буюрса өтөт. Анда силердин кийинки кадамыңар кандай болот?

— Биз бир нече иш-чараларды пландаштырып, өткөзүп жатабыз. 5-октябрь күнү Кыргызстандын булуң-бурчунан 180ден ашуун жаңы муун өкүлдөрүн чакырып, “Жаңылануу” республикалык Конгрессин өткөздүк. 8-октябрь күнү Улуттук Курултай өткөздүк. Бул аракеттердин баары бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан ыплас, элибизге каршы саясатын түшүндүрүү, элибизге, мекенибизге, улуттук коопсуздукка жаралып жаткан коркунучтарды айтуу. Өзүңөр көрдүңөр, экономика толук талкаланды, тышкы саясатта кыргыз мамлекети жалгыз калды. Эч бир мамлекет биз менен алака түзбөйт, социалдык абал оорлоп, элибиз жакырланууда. Коррупция күчөп, элге салынган салыктардын түрү, өлчөмү көбөйдү. Мындай шартта бийлик эл камын ойлогондун ордуна референдум, Конституцияны өзгөртүүнү, бийликте эптеп калып калуунун камын көрүп жатат. Акаев, Бакиев да референдум, Конституцияны өзгөртөөр алдында элди алдап, “жашоо өзгөрөт, өнүгөбүз” деп, жыйынтыгында бийликтерин гана күчтөп келишкен. Абсолюттук бийликке жеткен Бакиев да арам бийлигин сактап кала алган эмес. Бул бийлик референдум өткөзүп, Конституцияны каалагандай өзгөртүп алганы менен карапайым элдин жашоосун өзгөртө да, оңой да албайт. Кыргызда жакшы сөз бар “күз бар, жаз бар” деген.

Курултай өткөргөнгө канча каражат кетти? Аны кимиңер көтөрдүңөр?

— Курултай өткөрүүгө көп каражат кеткен жок. Орус драма театрынын төрт сааттык ижарасы, бир баннер, өкүлдөргө таратылуучу мандатка гана каражат кетти. Бул каражатты уюштуруучулар чогуу чыгардык. Келген өкүлдөргө, меймандарга жол киресин, жатагын, тамагын камсыздаган жокпуз. Баардыгы өздөрү келип катышып кетишти.

— 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине карата шайлоого өзүңүздүн “Эркин Эл” партиясын жетектеп чыктыңыз эле. Бул жолу күздө өтүүчү шайлоого аттанасыңарбы? Же өткөн шайлоо менен “желиңер чыктыбы?”

— Биздин шайлоо олигархтардын, чала бандиттердин жана кечээки арам акчаны топтогон коррупционерлердин таймашына айланып калды. Мындай шартта шайлоого катышып, таза адамдар утуп чыгат деп айтууга болбойт. 2012-жылы “Эркин Эл” саясый партиясы өз алдынча шайлоого катышып, бардык ыпластыкты ичинен көрүп, шайлоо – бул фиксия, элди алдоо экенин түшүндүк. Ошондо жеңип келген шаардык депутаттардын кейпин караңыз, шаар тургундарыбыздын эч кимиси тааныбайт. Шаардык депутаттардын дээрлик баардыгы кайсы мэр келсе ошонун оозун карап, “ыргыткан сөөгүнө” ыраазы болуп, эптеп оокаттарын өткөзүшүүдө. Шайлоо алдында топтогон арам акчаларын, кошуна-колоңдорго чай уюштуруп, көчөлөрүн шыпырып, свет коюп, асфальттап, цементтей коюп добуш алуу аракетин көрүшүүдө. Төрт жыл отурган бул депутаттар шаарыбыздын көйгөйлүү делген маселелерин чечиштиби? Жок! Бала бакча, мектептеги коррупция, орун жетишпегендиги, оорукана, дарыгерлер маселеси, коомдук транспорт, жол тыгындары, жаңы конуш маселелери, жерлерин тактай албай жүргөндөр канча?

Бетти даярдаган Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Булак: Азия Ньюс

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын лидери: “Атамбаевдин ката кетирип жатканын ачык айтышыбыз керек...”

Бир кездери саясый майдаңга таза чыйыр, жаратмандыгы менен жарк эте чыга келип, коомчулуктун оозуна алынган “Замандаш” партиясы ыраматылык Мухтар Өмүракуновдун дүйнө салышы менен саясаттагы баштапкы позициясынан кайтып, соңку шайлоолордо жыдыган, ар кайсы партиялардан куулгандар кирип-чыкчу “проходной дворго” айланганы жалган беле? Коомчулуктун көңүлүн кайт кылган дал ушул партияга кайрадан жан кирди. Өткөн аптада өзүнүн кезектеги съездин өткөргөн партиянын курамына буга дейре аты-жыты булганбаган, өңчөй жаштар саясый күчтүн курамын жаңылашып, бир силкинип алышты. Эмесе, калган кепти партлидер Жеңиш Молдокматов менен бирге улайлы.     

 — Жеңиш мырза, “Замандаш” партиясына кай негиз менен лидерликке шайландыңыз? Партиянын жүгүн көтөрчү лидердин капчыгында каражат жагы да көңүлдөгүдөй болушу керек. Саясаттагы “чыйпыт” лидер алардын баарын көтөрө алабы? Же өмүракуновдордун каражаты, түртмөлөөсү аркылуу жарышка аттандыңызбы? Баса, сизди жаш саясатчылардын арасынан “президенттик аппараттын кол баласы” катары сыпатташканына не дээр элеңиз?

— “Замандаш” партиясынын тарыхы, эл ичинде аткарган иши арбын. 2010-жылы бир топ жаштар Курултай өткөрүү демилгесин көтөрүшүп, белгилүү саясатчыларды чакырганыбызда жалгыз Муктар Сүйүналиевич келип, өз колу менен сыйлуу белектерин тапшыруу менен эл үчүн кызмат кылуубузду суранды эле. Андан бери агабыздан айрылганыбызга  беш жылдан ашыптыр. Ошол күндөн тарта “Замандаш” партиясынын жанында болдук. Оор күндөрү колкабыш кылып, жакшы күндөрүн бирге бөлүштүк. 2010-жылы Муктар Сүйүналиевич айткан сөздөр мен үчүн чоң аманат болду. Ошол себептен партияны жетектеп, зор жүктү жонго алуу менин милдетим деп эсептейм. Кудай буюрса, алдыга койгон максаттар көп, анын баардыгына элдин үмүтү жана колдоосу менен бирге жетебиз деп ишенем. Партиянын жүгүн көтөрчү лидердин капчыгында каражат эмес, жүрөгүндө ыйман, эли-жери үчүн кызмат кылуу дымагы менен саясый эрктүүлүгү биринчи орунда болушу керек. Саясый уюмдун жетекчиси болуу өтө оор, себеби саясый тайгак жолдо буттан тайбастан, партияны мамлекеттин кызыкчылыгында алдыга сүрөп чыгуу кыйын иш. Учурдан пайдаланып Муктар Өмүракуновдун биртууган агасы, өткөөл мезгилде партиянын жүгүн колуна алган Эмил Өмүракунов агама чын дилимден ыраазычылык билдирем. Себеби, Эмил Сүйүналиевич өлкөдөгү эң чоң партиянын бирин ишенип, өткөрүп берип жатат. Ал эми президенттик аппарат тууралуу айтып калдыңыз, андай соболума жообум кыска – мындай ушакты силерден биринчи угуп жатам. Мен орчундуу маселелер боюнча оюмду так айтып, тайманбастан бийликке талаптарымды коюп, айтор, камалган дагы учурларым болгон. Мен кыргызымдын кулуну, атанын уулу, Жараткандын кулумун!

— Саясаттагы азган-тозгондорду, ар партиялардан куулгандарды катарына топтой коюп, эл арасындагы “кадыры кыйналып” калган партияны жандантууңардын башкы себеби алдыдагы жергиликтүү кеңештерге даярдык, арылатканда ажолук таймашта бийликтеги таасирдүү күчтөр менен эсептешүү амалына өткөнүңөрдү танбайсыңарбы?

— 8-октябрь күнү партиянын XI съезди өтүп, жетекчилик, саясый кеңештин курамы жаңы адамдар менен толукталды. Аталган съездде келечектеги максаттар каралып, саясый багыттар аныкталды. Негизги максаттын бири, бул Кыргызстанда №1 партия болуу жана Кудайым буюрса эл менен биргеликте бул максатка жакынкы аралыкта жетебиз деп ишендирем! “Замандаш” партиясы өлкөдөгү баардык саясый күчтөр же уюмдар менен алакасы абдан жакшы жана бул багытта ишти дагы да болсо жакшыртабыз. Ал эми жергиликтүү кеңештин шайлоолоруна даярдык күчүндө. Партия өз программасы, күчтүү командасы аркылуу эл алдына өз күчү менен чыгат.

— “Замандаш” партиясынын ысык-суугуна күйүп, тээ далайдан бери келе жаткан бир катар мүчөлөр былтыр парламенттик шайлоодо партия жетекчилигинин калпыс, алысты көрө албаган саясатынын айынан баса беришкени бар. Бул сапар партиянын катарына кимдерди тартуу менен туу көтөрүүнү максат кылып жатасыздар?

— Эл алдына чындыкты айтуу парз. Туура, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо чоң саясый каталар кеткен жана жыйынтыгында айрым мүчөлөрдүн чыгып кеткени орун алган. Бирок ошол чыгып кеткен мүчөлөрдүн көбү бүгүн кайтып келишүүдө. Айтмакчы, шайлоо учурунда чыгып кеткендердин кээ бирлери башка партияларга катталып, жардам берген учурлары болгон, шайлоодон кийин кимдин-ким экенин түшүнгөн соң, “Замандашка” кайтып келе башташты. Бул “Замандаштын” чыныгы элдик партия экенин көргөзүп турат десем жаңылышпастырмын. Партиянын курамын саясый чөйрөдө булганбаган, таза, тажрыйбалуу, көрүнүктүү, билимдүү жаңы адамдар менен толуктай баштадык. Жакында эл алдына чыгара баштайбыз. Албетте, мекен үчүн ак ниеттен кызмат кылабыз деген замандаштар үчүн эшик ачык.

— Бакыт Төрөбаев баштаган “өнүгүүчүлөр” менен өнөктөш болуп чыгаарыңар чынбы? Президент Атамбаевге бир катар саясый күчтөр каршы турушууда. Силердин позиция кандай? Президенттик аппарат тууралуу каңшаарлар сизге карата чыгып жаткан соң айбыгып деле сын айта албайсыз го ээ?

— Бакыт Төрөбаев мен сыйлап, урматтаган саясатчылардын бири. Мамилебиз абдан жакшы жана жылуу. Максаттар дал келген учурларда албетте өнөктөштүк тоскоолдук кылбастыр. Ал эми ажобуз Алмазбек Шаршеновичке болгон позициям буга чейин кандай болсо, мындан кийин да ошондой калмакчы. Андыктан, президент ката кетирип жатса аны ачык айтышыбыз абзел. Эгер президенттин жетишкендиктери болсо белгилеп туруубуз зарыл. Бир беткей болуу калыстыкка жатпайт. Анын үстүнө саясый уюмдун лидери катары саясый аренада партиянын атынан чыккан соң, партиянын саясый кеңеши менен кеңешип туруу, партиялаштардын оюн эске алуу менин биринчи милдетим деп эсептейм. Көп партиялардын трагедиясы, алардын лидерлеринин өз партиялаштары менен кеңешпестен иш кылуусунда.

Булак: Азия Ньюс

 

Жунус уулу Алтынбек, ЖК депутаты: "Кыргыз элин сактай турган бул - өз тили"

Парламентте сөзү менен иши төп келген, чыныгы мыйзам бийлигин камсыз кылууга ык койгон,  мекенчил, өзгөчө прогрессивдүү көз карашы бар, элдин көйгөйүн көңүлүнө түйүп, өз убагында аны иш жүзүнө ашырып жүргөн “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Жунус уулу Алтынбекти маекке тарттык.

  • Бүгүнкү күндүн талкууга түшкөн Конституцияны өзгөртүү, толуктоо боюнча оюңузду ортого салсаңыз ?

2010-жылы саясий абал курч кезде Конститутция кабыл алынып калган. Учурда кыргыз мамлекетинин тагдыры, эртеңки келечеги чечиле турган Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү боюнча  тарыхый тандоо турат. Кыргыз элинин баа жеткис байлыгы бул – өз эли. Элибизге кызмат кылган баш мыйзамды өзгөртүүгө  албетте макулмун. Биздин фракция үч толуктоо киргиздик. Биринчиси кылмыш ишин тергөөнү Генералдык прокуратурага калтырыш керек. Экинчиси мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги болуш керек, бирок өтө эле алардын укугун чектеген болбойт. Үчүнчүсү 2009-жылдан бери балдарга зомбулук кылгандар көбөйө баштаган. Жашы жетпеген балдарга эне сүтү оозунан кете элек өспүрүм кыздарды зордуктагандар  17 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратыла баштады. Мен буга каршы оюмду билгизип, бачабаздарга өлүм жазасын киргизүү боюнча сунушумду киргизип келем.

  • Мамлекеттин коопсуздугу, чек аранын калыптанышы жөнүндө эмнелерди айтаар элеңиз?
  • Ата-бабаларыбыз алмустактан бери чек ара маселесин тынчтык жолу менен чыр-чатагы жок, калыстык менен чечип келишкен. Эң көйгөйлүү чек ара маселесин саясатташтырып упай топтобой, “согуш ачабыз” деген Азимбек Бекназаровдун өпкөсүн кактырбай, ызы-чуу кылбай  тынчтык жолу менен чечүү керек. Өзбекстанда лидер алмашылгандан кийин  алар тараптан коңшу мамлекеттерге жылуу сезимдер пайда болду. Өкмөттүн официалдуу курамын Анжиян шаарынан сый-урмат менен тосуп, достук, экономикалык байланышты чыңдоо боюнча алгылыктуу иш-чаралар жүрө баштады. Эң башкысы чек арага жакын жайгашкан элдин мындан аркы көйгөйлөрү жаралбаш үчүн чек ара маселесин терең талдап, тактап эки тараптын макулдугу менен эртерээк чечилет деген ойдомун.
  • Бажы биримдигие баш бакканыбыз менен дыйкан-фермерлердин өндүргөн продукциясы чет өлкөлөргө өткөрүшү оорчулукту туудуруп жатат го?
  • Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин чек аралардын ачылышы менен биримдиктеги өлкөлөргө тоскоолдуксуз өтүп, дыйкандар өндүргөн продукцияларын өткөрүүгө жакшы шарттар түзүлдү.

Улуттук валюталардын бири-бирине курсун аныктоо маселеси чечилсе доллардан толук баш тартууга болот.  Темир Сариевдин убагында  Эмне үчүн 280 миллион долларды коротуп, сомдун курсун 70 сомдон ашырбай кармап жатасыңар? Казакстандын бир тонна цементи 100 доллар болсо, бизде деле 100 доллар. Алар бизге цементти сатып, акчасын долларга алмаштырып, 100 теңге өзүлөрүнө барганда 300 теңге болуп, жок жерден акча таап жатышат. Муну менен коңшу өлкөнүн экономикасын көтөрүп жатасыңар деп айткам. Былтыр пияздын баасы үч сомдон болуп дыйкандарга кыйын болду. Ошол эле пияздын бир килограммы Кытайда 50 сом экен. Өкмөттүн деңгээлинде бул маселени чечип, пияз, чеснок жана башка дыйкандардын өндүргөн продукциясын ал жакка жөнөтсө дыйкан-фермер үчүн чоң жеңилдик болмок.

 

  • Республикабыздын жер-жерлеринде болуп эл менен баарлашып жүрөсүз, көпчүлүгү кайсы көйгөйлөр менен кайрылышууда?
  • Элибиздин кайрылгандары биринчиден өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрсө дешет. Мындан сырткары жөлөк пул, жол, бала бакча, мектепке балдарын киргизүүдө кыйынчылыктар жаралып жатышкандыгы боюнча кайрылышат. Республикалык бюджетти бөлүштүрүүдө да калыстык болбой калууда. Маселен Ысык-Көл облусуна бир жылда 38 мектеп курулса, Нарын облусуна араң 3 мектеп курулган. Өткөндө Ат-Башынын эли кайрылуу жасашты.Чабандар он жылдан бери  Ак-Сайга Кынданын белин ашып, жергиликтүү ички иштер бөлүмү же айыл өкмөттөн справка алып, жайлоого малын багып келишчү. Азыр ар бир өткөн сайын ГКНБдан справка алып бир топ убаракерчиликти тартып, анысы аз келгенсип акча талап кылышат экен. Бул кайрылуу, көйгөйлөр боюнча өз убагында маселени көтөрүп келатам.
  • Алтынбек мырза, эгемен мамлекетибиздин эң башкы атрибуту болгон мамлекеттик тилдин өнүгүүсү кандай болууда?

 

  • Улуттук дөөлөттөрдүн туу чокусу болгон кыргыз тили эне сүтү менен берилип,  кыргызымдын алмустактан бери келаткан ой-мурастарын, акыл-насаатын, тарыхын,  каада-салтын, нарк-насилин туу чокуга көтөрүп, улутумдун өзөгүн түзүүдө.  «Дүйнөлүк шедевр» аталган «Манас» эпосун  айттырган улуу тилдин, түрк тилдеринин башаты болгон кыргыз тилинин  кудурет-күчүн,  нарктуулугун  баалап-барктап келебиз. Эгемендүүлүкө ээ болгондон бери мамлекеттик тилди колдоо боюнча жигердүү иш-аракеттер көрүлүп, улуу, орто муун менен бирге эле жаштарыбыз мамлекеттик тилде ой жүгүртүп, эркин сүйлөп, учурда кыргыз тилинин колдоонунун чөйрөсү кеңейди дейбиз. Кыргыз жергесинде жашаган айрым жапондор, америкалыктар, кореялыктар эки-үч айда эле кыргызча сүйлөп, ырдап жатышат. Казакстанда орустар казакча сүйлөйт. Ал эми 25 жылдын ичинде азыркы жаштарыбыз кыргыз-орус тилинде эркин сүйлөп, ой жүгүртүш керек эле, тилекке каршы башка улуттун өкүлдөрү эмес, кыргыздар да өз эне тилин чанып, акцент менен сүйлөөнү адат кылып алышты. Кыргыз тилине мамлекеттик тил статусунун берилиши эгемендүү өлкө экенибизди далилдеди, бирок  2002-жылы 29-майында расмий тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган, ошол орус тилине расмий тил дегенди алып салып, акыл-эстүү тил саясатын жүргүзүп, улуттар аралык мамилени бекемдеп, коомдогу стабилдүүлүктү сактап, анын туруктуу өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүү керек. Кыргызстанда жашаган бардык улуттар кыргыз тилин өз тилиндей көрүп, жүрөгүнө сиңириш үчүн кыргыз тилин үйрөтүш керек. Айыл жеринде орус тилин үйрөтүүгө көңүл буруу зарыл. Кыргызстандын келечеги – мамлекеттик тилинде. Ал эми мамлекеттик тилди көтөрүү үчүн мекенчил болуу, элин сүйүү каада-салтын, үрп-адатын сыйлап, маңкурттуктан алыстап, улуттук идеологиянын өзөгүн түзүү керек. Кыргыз элин сактай турган бул – өз тили. Ар дайым жүрөгүбүздө согуп турган – эне тилибиздин  келечегине кам көрүү, аны кор кылбай баалап-барктап, тикебизден тик туруп коргоп, тынымсыз өнүктүрүү мен кыргызмын деген атуулдун ыйык парзы.

 

Асан  АКМАТОВ

Булак: Фабула 

 

 

 

 

Меню